Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

КУРШАБ : МАССАЛЫК ТОПОЛОҢ ФАКТЫСЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 25-июнь күнү Куршаб шайлоо округунун Түзбел шайлоо участкасындагы кайрадан добуш берүүдө талапкерлер Санжар Кадыралиев жана Мамат Орозбаевдин жактоочуларынын ортосунан чыккан чатакташуу окуясы боюнча кылмыш иши козголду.Ош облустук ички иштер башкармасы массалык башаламандыктарды уюштурган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын жарыялады.

Ош облустук ички иштер башкармасынын башчысынын тергөө иштери боюнча орунбасары Ураим Ташиев Куршаб шайлоо округунун Түзбел шайлоо участкасында кайра добуш берүүнү үзгүлтүккө учураткан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын билдирди. Анын айтымында милициянын кийлигишүүсүнө карабастан эки тараптын тең жактоочулары бейбаштык аракеттерди жасашып, ок атуучу куралдарды пайдаланганга чейин барышкан:

- Колдоочулар колдоруна таяктарды, арматураларды, таштарды алып бири-бирине ыргытышты. Бул фактылар боюнча биз Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 234-статьясы менен кылмыш иштерин козгоп атабыз. Азыр бизге 11 адамдан арыз түшкөн. Хулигандык топтордон курал, газ пистолети, плаксоний, 12, 20-калибрдеги эки курал алынды.

Талапкер Санжар Кадыралиевдин шайлоо штабынын башчысы Каныбек Кимсанов болсо чатакташуунун чыгуусуна жана кайра добуш берүүнүн үзгүлтүккө учурашына алардын атаандашынын кайра добуш берүүгө чейинки жана андан кийинки мыйзамсыз аракеттери себепсиз болгон деп эсептейт:

- 90 баланы ар тараптан топтогон. Балдар ал жерден түндө таркап кетишиптир. Мен ойлойм 25-июндагы шайлоонун өтпөй калышына ошолор бирден-бир жардам беришти. Ошон үчүн ал жерде дагы ошондой мыйзам бузуулар болбосун деп биз учету барлар, ошол жерде жашагандар гана шайлоодон өтүш керек деген мыйзамдуу талап койгонбуз.

Ал эми талапкер Мамат Орозбаевдин жактоочулары кайра добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар тарап катары Санжар Кадыралиевди айыпташты. Алардын сөзүнө караганда Кадыралиевдин жактоочулары биринчи болуп чатакташууга алып бара турган кырдаалды пайда кылышып, жаңжал чыгаруу аракеттери менен кайра добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратышкан:

- Шайлоого катыштырбоо максатында шайлоого чейинки үч күндүн тегерегинде аябай катуу иш жүрдү. Биринчи жөнөкөй үй тигүү маселесинен башталды. Ал күнү айыл өкмөттү урду, дагы 3 адам ооруканага түштү. Кийинки маселе бул кече жөнөкөй эле шайлоонун алдында эч кандай себепсиз Орозбаевдин төш белгисин, күбөлүгүн тартып алышты - дейт Мамат Орозбаевдин жактоочуларынын бири Абдыкалык Жаңыбаев.

Түзбел айылындагы массалык башаламандыктар учурунда жабырланган эки талапкердин 11 жактоочусу ар кандай деңгээлдеги жаракат менен ооруканага жаткырылды. Ош облустук ички иштер башкармалыгы кырдаалды курчутууга аракеттенген жана түздөн-түз уюштурган адамдардын аттары жакында ачыкка чыга тургандыгын жана алардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG