Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

ПЕНТАГОН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АВИАБАЗАСЫНЫН АРЕНДА АКЫСЫН ЧУКУЛ АРАДА ЧЕЧЕТ


Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги президент Курманбек Бакиевдин Ганси авиабазасы боюнча кечээги билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда Ганси аскердик базасынын аренда акысы боюнча маселе жакынкы арада АКШ өкмөтү тарабынан чечиле турганы айтылды. Президент Курманбек Бакиев 19-апрелде авиабаза боюнча жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр 1-июнга чейин бүтпөсө Кыргызстан бул келишимди бир тараптуу токтотот деген болчу.

Президент Курманбек Бакиевдин Ганси авиабазасы боюнча жасаган билдирүүсүнө Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги дароо эле өз пикирин айтты. Элчиликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча АКШ өкмөтү жакын арада Ганси боюнча келишимге байланыштуу өз пикирин билдирди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Абакиров «Азаттыкка» мындай деп билдирди:

- Биз Кыргызстанда жайгашкан коалициялык күчтөрдүн авиабазасын үзгүлтүксүз колдонуу боюнча Кыргызстан өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү тез арада бүтүрүү ниетиндебиз. Кыргыз Республикасы бул авиабазага 4 жылдан бери орун берип, Ооганстандагы террорго каршы согушка жана бул региондо коопсуздукту сактоодо өзүнүн маанилүү салымын кошуп келатат. Террористтерди бул региондон оолак кармоо үчүн кызматташуунун уланышы АКШнын да, Кыргызстандын дагы кызыкчылыгындагы иш.

19-апрелде президент Курманбек Бакиев Ганси авиабазасынын Кыргызстанда туруу мөөнөтү бүтүп баратканына байланыштуу АКШ өкмөтү келишим боюнча жаңы пикирин билдириши керек деп Мамлекеттик теле аркылуу айткан эле.

Былтыр 24-марттан кийин мамлекет башына келген кыргыз бийликтери антитеррордук күчтөрдүн Ганси авиабазасынын төлөм акылары көтөрүлүшү керек деген билдирүү жасап келатат. Атургай Ганси авиабазасынын Кыргызстандан чыгарылыш мөөнөтү такталышы керек деген билдирүүнү жаңыдан президент болгон Бакиев Шанхай кызматташтыгынын Астанадагы жыйынында айтып жиберген эле.

Андан чоң Кыргызстанга АКШ коргоо министри Дональд Рамсфельд, АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, жакында болсо Райсттын жардамчысы Ричард Баучер сапар менен келип кетишти. Океан ары жагынан каттагын бийик даражалуу коноктор менен кыргыз бийликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Ганси темасы башкы маселелердин бири катары кала берүүдө.

- Айтып коёрум–биз үчүн да, Кыргызстан үчүн да, жалпы эле аймактын туруктуулугуна авиабазанын бул жерде турганы өтө маанилүү. Анткени ал террорго каршы күрөштө колдонулууда. Ошондуктан биз бул жерде мындан ары дагы калууну каалайбыз. Азыр авиабазанын бул жерде турганы үчүн төлөмдүн өлчөмү такталып, саналып жатат. Эксперттер аны менен иштешүүдө, - деп билдирген эле 11-апрелде журналисттерге берген интервьюсунда Ричар Баучер.

XS
SM
MD
LG