Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

КЫРГЫЗСТАНДЫК БЕЛГИЛҮҮ КАСКАДЕР ҮСӨН КУДАЙБЕРГЕНОВДУ АТЫП КЕТИШТИ


Кабыл Макеш,Бишкек. 10-апрелдин кечинде кыргызстандык каскадерлор мектебин негиздеген, дүйнөгө таанымал каскадер Үсөн Кудайбергеновду Ортосайдагы үйүнөн атып кетишти.

Кыргызстандык белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов учурунда 300дөн ашык кинотасмага тартылган. Ал Кыргызстанда каскадерлордун мектебин негиздеген. Ат менен 30 метр бийик аскадан сууга секирип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген Үсөн Кудайбергенов 10-апрелде Бишкектин жанындагы Ортосай айылындагы үйүндө кечки саат 9 чамасында белгисиз 2 жигит аткан Макаров тапанчасынын огунан набыт болгон.

Бул каргашалуу окуя өткөндөн кийин Үсөн Кудайбергенов үйүнө барган “Эл адилет” кошуунунун Бишкек шаардык координатору, өлкөнүн коргоо министрлигинин полковниги Болот Казакбаев мындай дейт:

- Кылмышкерлер Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен 4 жолу ок чыгарган экен. Үч ок Үсөнгө тийген. Бирөө жүрөккө, калган экөө ичине багытталганын милиция кызматкерлери айтышты. Мен барганда иниси башын кучактап, өзү тирүү экен. Анын өлүмү менен элдик кошуундун иши токтоп калбайт. Үсөн баштаган иштер улантылат.

Үсөн Кудайбергенов 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноо учурунда элдик кошуун түзүп, мамлекеттик мекеме, банктарды сактап калууда салым кошкон. Бул тууралуу Үсөн Кудайбергенов менен бирге элдик кошуунда иштешип жүргөн журналист Гүлмира Үмөталиева мындай дейт:

-Анын демилгеси менен түзүлгөн элдик кошуундун мүчөлөрү Улуттук банк баштаган бир нече банктар, “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнү, мамлекеттик резиденция жана башка мекемелерди талап-тоноодон сактап калышкан. Ыңкылаптан кийин элдик кошуундун катары өсүп, өлкөдөгү коопсуздукту сактоо колго алынкан. Бишкектин айланасындагы жер участокторун басып алгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде аракет кылуунун зарылдыгын айтып түшүндүрүп жүргөн.

Элдин кошуундун лидери, каскадер Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү атайын уюштурулган, бул саясый маанайдагы кылмыш деген пикирлер да айтылууда.

Бул кылмыш өлкөдөгү башаламандыкты дагы тереңдетип, мамлекеттин, элдин, ишкерлердин байлыгын сактоого аракет кылган Үсөн Кудайбергеновду өлтүрүү элдин үрөйүн учуруу үчүн жасалганын, өзү менен кошо айыпталып, “Манас-1000” мааракесин уюштурууда каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланды деген жалаа менен 6 жылга Үсөн Кудайбергенов да түрмөгө кесилип, былтыр акталганын “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов айтып, мындай деди:

- Үсөн Кудайбергенов түзгөн элдик кошуун 24- 25-март күндөрү Бишкектеги көп мекеме, банктарды талап-тоноодон сактап калган. Элдик кошуундун лидерин өлтүрүү менен өлкөдөгү башаламандыкты күчөтүп, элдин бейкуттугун бузууга аракет кылган күчтөрдүн кылганы.

Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү саясый заказ экенин, ал түзгөн элдик кошуун эч кандай саясатка аралашпаганын “Эл адилет” кошуундун мүчөсү Жолдошбек Сулайманов мындайча билдирди:
- Элдик кошуундун учурда 25 миң мүчөсү бар. Күндөн-күнгө катарыбыз көбөйүп баратат. Бул кошуун элдин мүлкүн, бейкуттугун коргоо үчүн түзүлгөн. Биздин кошуунду жаманатты кылууга аракет кылган күчтөр баракчаларды таратып, элдин үшүн алууда. Үсөн Кудайбергеновду саясый жалдоо жолу менен өлтүрүлүшүн иликтөө ишин президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер- министр Курманбек Бакиевдин өзү көзөмөлгө алуусун суранабыз. Бул кылмыштын иликтөөсүн Бириккен Улуттар Уюму да көзөмөлгө алуусун өтүнүп, кат жөнөттүк.

Учурдагы каскадерлордун көйгөйлөрү тууралуу Үсөн Кудайбергенов өз пикирин айтып, чыгармачылык эс алууга чыгып, ырларын китеп кылып чыгарып, кино сценарий жазаарын “Азаттыктын” кабарчысына мындайча билдирген эле:

- Далай өлкөлөрдүн киночулары бизге келип, көркөм тасмаларын тартышты.Кийинки 3-4 жылдан бери биздин “Каскадер” киностудиясы өз ишин токтотууга аргасыз болгон. Мунун ар кыл себептери бар. Учурда кайрадан ишти баштап, чет элдик кинолорго тартыла баштады. Казактардын “Көчмөндөр” деген тасмасына тартылдык.Бизде шарт, мүмкүнчүлүк бар, мыкты, чебер жигиттерибиз бул өнөрдүн сырын билишет.

Учурда кытайлыктар “Манасты” тартууга каражат бергени жатат. Мында да биздин жигиттер ойнойт деп ойлойм. Ар бир кыргыз бир сомдон жыйнасак деле, өз күчүбүз менен Манасты тартып коюуга болмок. Кытайлыктар аны кандай тартат, мааниси кандай чыгат? Саясатка аралаштырып, бурмалап жибереби, ал белгисиз?..


Үсөн Кудайбергеновдун өлүмүн иликтөө үчүн атайын кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөр тобу иштеп жатканын өлкөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев билдирди.

XS
SM
MD
LG