Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТ ИШИН БАШТАДЫ


Жаңы Жогорку Кеңеш 27-мартта кайрадан мыйзамдуу бийлик бутагы катары ишке кирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын буга байланышкан токтому парламенттин ырасмий отуруму башталаар алдында жарыяланды. Бул токтом парламенттеги кырдаалды дагы бир ирет өзгөрттү.

Кош палаталуу эски жана бир палаталуу жаңы парламенттин кайсынысы иш алып барышы керек? Бул маселе эки күндөн бери талаш-тартыштын өзөгүн түзүүдө. Мындан бир күн мурун Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кош палаталуу парламенттин укугун 26-июнга чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алган. Бул отурумга убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев катышкан.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын бир палаталуу Жогорку Кеңешке байланышкан токтому мурдагы чечимди жокко чыгарды. Башкача айтканда, БШК жаңы парламенттин ыйгарым укугун кепилдеген токтом кабыл алып, аны жекшембиге чакырылган кеңешмеде жарыя кылды. Кеңешме форматында өткөн бул жыйынга Феликс Кулов, мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгулов, шайлоочулардын жоон тобу катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Туйгуналы Абдраимов кеңешмеде токтомго мурда жарыяланган 69 депутаттын тизмеси тиркелгенин билдирди. Бирок дагы ондон ашык округдарда шайлоо талаш туудурууда:

-Тизме баягы эле. Бирок алты-жети, ал эмес, ондон ашык округ калды. Аларды комиссия түзүп карайбыз. Сотто иштери бар депутаттар бар. Аларды сот бийлиги чечет.

БШКнын токтомуна колдоо көрсөтүү үчүн келген Феликс Кулов бул чечимди юридикалык жактан мыйзамдуу чечим катары баалады:

- Жаңы парламент жагабы-жакпайбы, ал тандалып алынышы керек. Менин көз карашымда адам катары жаңы парламенттин айрым депутаттары мага жакпайт. Бирок мыйзамды сыйлаган адам катары мен жаңы парламентке баш ийем. Башка жол жок. Тилекке каршы акыйкаттык ушундай.

Куловдун негиздемесин депутаттар кол чаап тосуп алган менен мурдагы жана жаңы шайланган депутат Азимбек Бекназаров кырдаалдан бул жол менен чыгуу мүмкүн эмес деп эсептеди:

- Президент саясий чечим алышы керек. Президенттин милдетин аткаруучу чечим кабыл алып, бардыгыбызды таркатышы керек. Ага баралбайбы мамлекетибизде кырдаал мындан ары да башаламан болот.

Бекназаровдун өлкөнү президенттик башкарууга өткөрүү керек деген сунушу катуу сынга кабылды. Бул диктатурага алып келиши ыктымал деп санашты депутаттар.

Анткен менен кийинчерээк Бекназаров жаңы парламенттин легитимдүүлүгүн таануу эл арасында жаңы толкунду пайда кылышы ыктымал деген оюнан кайтпай тургандыгын, бирок андан айырмаланып Феликс Кулов менен Курманбек Бакиев жаңы парламентти жактап жатканын белгиледи.

Куловдун билдирүүсүнө нааразы экенин кеңешмеге катышкандардын бири, «легендарлуу парламенттин» депутаты Бегиш Ааматов да билдирди:

- Түрмөдөн чыгып, турмуштун нугуна түшө элек деп ойлойм. Ката сүйлөп койду. Басып алуу жолу менен келген парламентке, эл буга эле эмес, Акаев жүргүзгөн шайлоого да каршы чыкты. Депутаттарга укук бузулган Конституциянын негизинде берген атат. Бул болбойт.

Ал эми Феликс Куловдун билдиргенине караганда, бул кадамга барууга азыркы түзүлгөн кырдаал түрткү болду. Анткени, Аскар Акаевдин өлкөну чукул таштап кетерин эч ким алдын алган эмес:

- Бизде ушундай кырдаал түзүлүп калды. Президенттин милдетин аткаруучу премьер министрдин да милдетин аткарып жатат. Бул биздин Конституцияда каралган эмес. Формалдуулук жагынан талаш туудурчу жагдайлар түзүлөт. Ошондуктан, эгер айрым депутаттар талап кылып жаткандай, бул парламент отставкага кетсе, анда бийлик легитимсиз болот да, мамлекет катары эсептелбей калат.

Борбор шайлоокомдун чечиминин таянган парламент талаш-тартыштуу кеңешменин соңунан дароо эле парламенттик алгачкы отурумун баштады. Парламент алгачкы ишин депутаттардын калган бөлүгүнүн ант берүүсү менен баштады. Алардын катарында жаңы парламенттин иштешине каршы болгон Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов бар. Буга чейин президент Аскар Акаевдин катышуусунда өткөн мандат тапшыруу жыйынында депутаттардын көпчүлүк бөлүгү ант беришкен.

Дүйшөмбү күнү жаңы парламент төрага шайламай болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG