Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Зулушев vs Бейшеналиев: Кадрдык жүрүшкө себеп болгон эрегиш


Курманкул Зулушев, Садыр Жапаров жана Алымкадыр Бейшеналиев. (Солдон оңго карай) Коллаж.
Курманкул Зулушев, Садыр Жапаров жана Алымкадыр Бейшеналиев. (Солдон оңго карай) Коллаж.

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетти. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынган.

Президенттин жакын адамдары деп саналган аткаминерлердин айланасындагы окуя чиеленешип бараткан тапта, Саламаттык сактоо министрлигинде бир топ кадрдык өзгөртүүлөр болду. Премьер-министр Акылбек Жапаров министрдин үч орун басарын тең кызматтан алып, алардын ордуна жаңыларын дайындады.

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши 4-июнда Октябрь райондук сотунда каралып, бир айга камоо чечими чыкты.

Бөгөт чарасы каралып жатканда ал сот залында журналисттердин суроосуна жооп берип, Зулушев аны быйыл январь айында Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу каматарын айтканын билдирди.

Эрегишкен эки чиновник

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу тескемеге кол койгону 4-июнда жарыяланды.

Ага бирден-бир негиз болгон жагдай экөөнүн жеке мамилеси экени расмий айтылып, Зулушев менен Бейшеналиевдин ортосунда пикир келишпестик бар экенин президент ырастагандай болду. Ошентип, башкы прокурор менен министр тергөө аяктаганга чейин убактылуу иштебейт.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жакын адамдары, саясаттагы үзөңгүлөштөрү катары саналган эки аткаминерге байланыштуу окуя коомчулукта ар кандай талкууга жол ачты.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев Алымкадыр Бейшеналиев ызы-чуудан арылбаган жетекчи экенин айтып, соңку кырдаал тууралуу пикири менен бөлүштү.

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

“Буга чейин мындай кырдаал болгон эмес жана азыркы окуя өзгөчө учур болуп жатат. Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге койгон айыптын баарын окуп чыктым. Ал иштер өтө чоң резонанс жараткан кылмыш иштери экен. Курманкул Зулушев билимдүү, прокуратура тармагында дасыккан адис. Ошондуктан мындай оор айыптарды прокуратура жөн жерден койгон жок. Кылдаттык менен иликтеп чыгып гана айып тагылды деп ойлойм. Бирок бардыгы тергөөдө аныкталып, сотто чечим чыгат. Президент экөөнү тең кызматтан убактылуу четтеттип койгонуна караганда президентке маалым болгон айрым иштер болсо керек. Бирок Курманкул Зулушевди кызматынан четтетпей турса болмок деп ойлойм”.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, 2-июнда кармаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Бирок Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынган. Башкы көзөмөл органы бул каражат офшордук аймакка которулганын, өлкөдө вакцина турганына карабай министрликтин кызматкерлери пайда табыш үчүн кошумча сатып алышканын билдирди.

Вакцина сатып алуудагы коррупцияга шек саналып саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков да кармалды.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге баш-аягы жети кылмыш ишин козгоду. Бир кылмыш иши “Коррупция”, экөө “Опузалап пара алуу”, төрт кылмыш иши “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана дагы бир иш “Билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелери менен ачылды.

Таасир талаштын эпкиниби?

Саясат талдоочу Айданбек Акматов 2-июнда эртең менен Ысык-Көлдө президент менен иш-сапарда жүрүп ушул эле күнү кечинде колуна кишен салынган Алымкадыр Бейшеналиевдин окуясы боюнча мындай деди.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

“Президент саламаттык сактоо министри менен Ысык-Көлдө чогуу жүрүп, ал жерде жасаган иштерин мактады. Бирок Башкы прокуратура министр Бишкекке келип-келе электе кинодогудай кылып кармаганы одоно көрүнүшү мүмкүн. Жогорку бийликте кызматтык эрежелер сакталышы керек. Ошол эле кезде башкы прокурор да жөнөкөй кызмат адамы эмес. Ал Кыргызстанда мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн мекеменин жетекчиси. Ошондуктан кандай болгон күндө да бул иш сотко жетип гана чечилгени туура болмок. Себеби, бизде талаш маселелерди чече турган орган бар – ал сот”.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтык этиканы бузганы үчүн министр Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү өтүнүчү менен Министрлер кабинетине эки сунуш берген.

Бейшеналиев болсо Германияда иш сапарда жүргөндө “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Кыргызстанда аны камоо аракети болгонун, генералдардын бири аны абак менен коркутканын” айткан.

“Президенттин кабыл алган чечими күтүлгөндөй эле болду. Эми аларды кызматтан убактылуу четтетип эле койбой ишти тыкыр, акыйкат иликтөө боюнча да президент тапшырма берип, камсыз кылып берсе. Анткени коюлуп жаткан айыптар негиздүү эмес. Башкы прокуратура вакцина боюнча туура эмес маалыматтарды берип жатат”, - деди Бейшеналиевдин тарапташтарынын бири, жарандык активист Атай Бейшенбек.

Курманкул Зулушев менен Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы Кыргызстанда нааразылык менен бийлик алмашкан Октябрь окуясынан кийин кызматка келген. Зулушев 2015-жылы “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Ал коомчулукка 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда бийликти күч менен басып алууга айыпталган ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгырган судья катары таанылган.

Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун ишенимдүү кадры катары белгилүү. Анын коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандары жана башка бир катар чечимдери коомчулук тарабынан сынга кабылган.

Парламенттин VI чакырылышында Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча бир нече жолу маселе көтөрүлүп, ал ишке ашкан эмес.

“Кыргызстан жаштар федерациясы” кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев убактылуу иштен четтетилген башкы прокурор менен министрдин маселеси эки адамдын тирешинен да тереңдеп кеткенин айтып жатат.

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

“Президент эки чиновникти командасындагы адамдардын пикир келишпестигинен улам убактылуу четтетти деп ойлойм. Себеби, ар кандай топтогу, ар кайсыл жерден келген адамдардан чогулган командада ушундай маселе жаралат. Коомчулук башкы прокурор менен министрдин ортосундагы тирешти көптөн бери эле байкап турган да. Ошондуктан коррупциялык иштерден тышкары анын артында башка да маселелер турушу ыктымал”.

Министрликтеги кадрдык өзгөртүүлөр

Ал тапта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июнда саламаттык сактоо министринин үч орун басарын: Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиевди кызматтан алды.

Үчөө тең быйыл 16-майда министрге каршы пресс-конференцияга чыккандардын арасында болгон. Бектурганов өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык врачы болчу жана ал да коррупцияга шек саналып кармалды.

Саламаттык сактоо министрине каршы пресс-конференция (16.02.2022). Оңдон биричи - Улук-Бек Бектурганов, экинчи - Жапаркул Ташиев, үчүнчү - Жалалидин Рахматулаев.
Саламаттык сактоо министрине каршы пресс-конференция (16.02.2022). Оңдон биричи - Улук-Бек Бектурганов, экинчи - Жапаркул Ташиев, үчүнчү - Жалалидин Рахматулаев.

Премьер-министр ушул эле күнү Жаркынбек Касымбековду, Улан Садыковду жана Бүбүжан Арыкбаеваны саламаттык сактоо министринин орун басары кылып койду. Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 4-июнда билдирди.

49 жаштагы Касымбеков Медицина академиясын 1996-жылы аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоого “Чоң казат” партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп катышкан. 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясы менен барган. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында болгон, бирок анын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, чыгып кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин айланасындагы соңку чуулуу окуялар министрликтеги реформа маселесин козгоду. Мурдагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева кадрдык башаламандыктан улам министрликтин иши аксап жатканын айтты.

Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева.

“Саламаттык сактоо тармагына кесипкөй эмес, жок жерден пайда болгон адамдар келип атканы үчүн министрлик ушундай абалга келди. Жетекчи деген буга чейин кызматтык тепкичтерди басып өткөн адам болушу керек. Келген эле министрлер 2-3 жыл мекемени башкарып же жыйынтык кылбайт. Мамлекет болсо убакыттан уттуруп жатат. Министр деген ушул болот деп көчөдөн жетелеп келип эле бирөөнү коюп койсок, баягы эле таз кейпибизге түшөбүз”.

Президент Садыр Жапаров 3-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG