Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:24

"Зилзаладан бери иш жок". Түркияда турак жай бизнеси солгундады


Түркияда туруктуу жашаган чет элдиктер азайып, буга байланыштуу кыймылсыз мүлк рыногу жайлады.

Өлкөдөгү мындай тенденцияга түрк өкмөтүнүн миграция саясатын катаалдаштырганы жана экономикалык каатчылык сыяктуу бир катар факторлор себеп болгону айтылууда.

Эске сала кетсек, Орусия Украинага кол салгандан кийин Анталияга аскерден качкан орусиялыктар жана украиналык качкындар көп келген. Жер ортолук деңизинин жээгиндеги бул күнөстүү шаар Түркиядагы орус тилдүү иммигранттар эң көп жашаган аймактардын бири.

Анталияда чет элдиктер азайды

Статистикага ылайык, Анталия өрөөнүндөгү чет өлкөлүктөрдүн саны 2020-жылы 94 миң болсо, 2021-жылы 137 миңге жетип, 2022-жылы 172 миңден ашкан.

Орусиялык релоканттардын агымы күчөгөндөн бери Анталияда батир баасы жана ижара акы да кескин кымбаттаган. Батир баасы жергиликтүү тургундардын чөнтөгүнө чак келбей калганы тууралуу маалыматтар медиа каражаттарына байма-бай жарыяланган.

Анталия шаары. 2015-жыл.
Анталия шаары. 2015-жыл.

Бирок түрк өкмөтүнүн соңку маалыматы бул тенденция өзгөрүп жатканын көрсөтүүдө.

Түркиянын Статистика комитети жыл башында жарыялагандай, 2023-жылы Түркияда туруктуу жашаган чет элдиктердин саны 15% азайып, 1 миллион 107 миңди түздү.

Муну менен бирге былтыр чет өлкөлүктөргө сатылган турак жайдын саны 48% азайды.

Мындай тенденция Анталияда өзгөчө байкалды. Шаарда орус тилинде билим берген Eduant менчик мектебинин директору Виктор Биккенев соңку бир жылда чет элдик окуучулардын саны кескин азайганын белгилеп, буга Түркияда чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат кагазы оңой менен берилбей калганы себеп экенин айтты:

"Миграция башкармалыгына документ тапшыргандарга уруксат чыкпай жатат. Биздин мектепте окуучулардын саны жарым-жартылай азайды. Албетте, орусиялыктар туруктуу жашоого уруксат эмне себептен берилбей жатканын түшүнбөйт. Виза берилбеген чет элдиктер кетүүгө аргасыз. Алардын көбү Дубайга көчүп атат. Дубайда мындай көйгөй жок экенин айтышууда. Европанын айрым өлкөлөрүндө да көйгөйлөр жок. Мисалы, Сербия орусиялыктарды кабыл алып жатат. Ал жерде каалагандай убакытка чейин калып, жумуш табууга болот. Хорватияда да ушундай", - деди Анталиядагы орус мектептин директору Биккенев.

600 миң долларга үй алган чет элдикке гана жарандык берилет

Ушул эле шаарда риелтордук кызмат көрсөткөн Халит Мерт виза саясатынын катаалдашканы жана, эң маанилүүсү, өлкөдөгү кымбатчылык релоканттардын Түркиядан кетишине, муну менен катар кыймылсыз мүлк базарында да суроо-талаптын азайышына себеп болгонуна токтолду:

"Анталиядагы кымбатчылык, туруктуу жашоого уруксат берилбей жатканына байланыштуу чет өлкөлүктөр кетип атат. Кыймылсыз мүлк саткандарга, албетте, бул терс таасирин тийгизүүдө. Баалар кымбаттабай эле, түшүп атат. Буга чейин үйлөргө суроо-талап көп болгондуктан, баалар да асман чапчып кеткен. Эми жергиликтүү кардарларга жакшы болду".

Эске сала кетсек, 2018-жылга чейин Түркияда бир миллион долларга кыймылсыз мүлк сатып алган чет элдиктерге түрк жарандыгы берилчү. Ошол жылы жаңы мыйзам кабыл алынып, 250 миң долларга турак жай сатып алган чет өлкөлүк жарандарга түрк паспорту бериле баштаган. Мындан арзаныраак батир алгандарга да Түркияда туруктуу жашоого уруксат берилип турган.

2022-жылы бул мыйзам өзгөрүп, түрк жарандыгы 400 миң долларга кыймылсыз мүлк сатып алган чет элдиктерге гана берилет деген жаңы жобо киргизилген. Кыймылсыз мүлктүн соодасына байланыштуу мыйзам быйыл январда дагы бир жолу өзгөрдү. Ага ылайык, эми 600 миң доллардык үйдүн кожоюндары гана түрк жарандыгын алууга укуктуу.

Бул өзгөрүүлөр Түркиянын кыймылсыз мүлк тармагында чоң талкууларга жем таштаган. Айрым түрк талдоочулары кыймылсыз мүлктүн аркасы менен түрк жарандыгын алган чет элдиктердин саны көбөйгөнүнө тынчсызданып, 2023-жылдагы президенттик шайлоодо алардын добушу саналбашы керек деген демилгени көтөргөн.

Түркияда чет элдиктердин, анын ичинен орусиялык релоканттардын жана украиналык качкындардын саны азайып, кыймылсыз мүлккө суроо-талап басаңдай түшкөнү менен, Анталияда батирлердин баасы дале жогору бойдон кала берүүдө.

Турак жай базарындагы тенденцияларды изилдеген Endeksa платформасынын маалыматында, быйыл январда Анталияда үйлөрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу 59% өстү. Бул аймакта бир батирдин орточо баасы 3 миллион 750 лира (115 миң доллар).

"Зилзаланын кесепетин тарттык"

Ошентсе да кыймылсыз мүлк тармагында иштеген айрым адистер Түркияда турак жайлардын баасы мурдагыдай чукул кымбаттабайт деген ойдо турушат. Буга себеп катары чет элдиктердин азайышынан тышкары 2023-жылдын февралында зилзаланын кесепетин да айтышууда.

"Азыр кыймылсыз мүлк тармагынын абалы Анталия, Аланияда кандай болсо, Мерсинде деле ошондой. Негизи эле Түркияда курулуш тармагы каатчылыкка тушукту. Албетте, Мерсинде үйлөр Анталияга караганда арзан. Мерсинге акчасы аз чет өлкөлүк кардарлар келет. Бирок башка шаарлардан келип Мерсинден үй алган кардарлар деле жок. Балким, буга чейин Анталиядан үй алып коюп, азыр аны кымбатка сатып, Мерсинге келип бир-эки батир издегендер бардыр. Бирок алардын саны аз. Чынында жер титирегенден бери иш жок", - деди Мерсиндеги кыргыз риелтор Рамис Оморкулов.

Жер ортолук деңизинин жээги. Анталия шаары. 2016-жыл.
Жер ортолук деңизинин жээги. Анталия шаары. 2016-жыл.

Түркиянын үч тарабы деңиз менен чектешкендиктен, чет элдик туристтерди деңиз жээктери кызыктырат. Эң көп турак жай сатылган аймактар да - деңиз жээгиндеги шаарлар. Баалары да деңизден алыс же жакындыгына жараша аныкталат.

Стамбул шаары Түркияда чет өлкөлүктөрдүн кыймылсыз мүлк алуу тизмесинде биринчи орунду ээлейт. 2023-жылы 35 миңден ашык турак жай чет өлкөлүк жарандарга сатылган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 48 пайызга аз. Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алган чет элдиктер - көбүнесе Ирак, Иран жана Орусиядан келген кардарлар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG