Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

ЖМК мыйзамы: талаштуу үчүнчү вариант


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын ордуна сунуштаган жаңы долбоорунун үчүнчү вариантын иштеп чыкты. Журналисттер сунуш-пикирлери жоопсуз калып жатканын айтса, бийлик өкүлдөрү талкуу тийиштүү деңгээлде экенин белгилөөдө.

Мыйзам долбоорунун үчүнчү варианты иштелип чыкканы жумуш тобуна 11-февралда маалым болгонун топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков билдирди.

Аманбеков президенттик администрация мыйзамды өзгөртүүгө эмне негиз болгону тууралуу документтерди жумушчу тобуна февралга чейин жөнөтүп, жаңы вариант ошондон кийин гана алардан түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде жазыларын убада кылганын, бирок ага жеткирбей эле өз алдынча кезектеги версиясын жазып, сунуштаганын айтууда:

“Биздин колубузга бир дагы документ – справка да, концепция да, салыштыруу таблицасы да түшкөн эмес. Убакытты чоюшту. 11-февралда гана ошолорду жана эмнегедир, мыйзамдын үчүнчү вариантын салып коюшуптур. Эң биринчи вариант чыкканда биз буларга сунуштарыбызды бергенбиз, бирок алардын бири да өтпөй калган. Себебин сурасак, жооп бере алышпады. Кагаз түрүндө баарын жазып, бизге бермей болушкан. Бирок талкуу болбой, өз вариантын жазып коюшту. Бул туура эмес кадам деп ойлойбуз. Анткени президенттин жарлыгы менен жумуш тобун түзгөндөн кийин ишти баарыбыз чогуу жасашыбыз керек эле. Азыр бир тараптуу эле болуп жатканын көрүүдөбүз. Блогерлер боюнча беш миң катталуучусу тууралуу норманы алып коюшуптур. Бирок ЖМКны каттоо боюнча нормасын кайра биринчи вариантына келтириптир – бүт баары каттоодон өтүшү керек деген. Экинчисинде кимдин ЖМК катары каттоосу бар болсо, аларга каттоодон өтүү кереги жок деп жазылган. Үчүнчүсүндө, кайра баары каттоодон өтүшү зарыл деген вариантты коюшуптур. Биз азыр көрүп турган эң негизги өзгөрүүлөр ушул”.


Өзгөртүүнү демилгелеп жаткан бийликтин жана ошол мыйзам боюнча түздөн-түз иштешкен медиа коомчулуктун ортосунда диалог жөнгө салына электигин “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси, топтун дагы бир мүчөсү Нурдин Дүйшөнбеков да айтууда. Анын белгилешинче, сунушталып жаткан соңку вариантта сөз эркиндигин чектеши мүмкүн болгон жагдайлар бар:

“Мисалы, “Эгер каттоо күбөлүгү алдоо жолу менен алынган болсо” деп турат. “Алдоо жолу менен” дегенди окуган аткаминер аны өзү түшүнгөндөй колдонушу мүмкүн. Же болбосо “Сөз эркиндигин кыянат пайдалануу” деген эмне, аныктамасы кандай? Ар ким каалагандай түшүнө тургандай болбошу керек. Так жазылышы шарт. Сиз окуганда да, мен окуганда да бирдей тыянак чыга тургандай болушу зарыл. Мыйзамдын ар бир беренесин карап чыгабыз дедик эле, аны баштай элекпиз. Эки отурум өттү, бирок процедуралык эле болуп калды. Бизден улам эмес. Экинчи отурумга жумуш тобунун жетекчиси ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок”.


Ошентип, медиа коомчулукту түйшөлткөн негизги маселе – жалпыга маалымдоо каражатын (ЖМК) каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тууралуу нормалар болууда.

Баштапкы вариантта 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өтпөгөн ЖМК жабылары айтылган. Серепчилер муну бийликтин өзүнө жакпаган маалымат каражаттарын жабуу аракети деп баалашкан. Азыркы долбоордо мындай норма ачык жазылбаса да, ошого алып барышы мүмкүн экени белгиленүүдө.

Ошондой эле буга чейинки вариантта социалдык түйүндүн колдонуучусу жарыялаган маалымат айына 5 миң адамга тараса, ага кошумча талаптар коюлары да жазылган. Соңку вариантта мына ушул норма алып салынганы белгилүү болду.

Президенттик администрация мыйзам долбоорунун айланасындагы азыркы талкууга байланыштуу комментарий бере элек.

Бийлик мыйзамды жаңылоо демилгесинин негизги себеби катары аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү аракетин жүйө кылууда.

Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Аны иштеп чыккан конституциялык кеңешмеге төрагалык кылган юрист, азыр президенттин улук кеңешчиси болуп иштеп жаткан Бекбосун Бөрүбашев талкуу кызуу жүрүп жатат деп эсептейт:

“Мыйзамды силер же мен, же болбосо президенттик администрация эмес, парламент кабыл алат. Мыйзамда кандай талап болсо, ошону биз так аткарышыбыз керек. Мыйзам долбоорун мен да карап жатам - кызуу талкуу болуп, ой-пикирлер айтылууда. Аягын парламентке коелу”.


Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары – 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген.

Мыйзамдын таптакыр жаңы долбоору иштелип чыкканы, анын демилгечиси президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү экени былтыр күзүндө белгилүү болгон. Коомдук талкууга ал 28-сентябрда коюлган.

Медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыккан бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтып чыгышкандан кийин президент Садыр Жапаров 7-декабрда мыйзамды “жеткире иштеп чыгуу үчүн” деген негизде 21 адамдан турган жумуш тобун түзгөн жана анын жетекчиси кылып президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушовду дайындаган. 1-мартка чейин мөөнөт берилген топтун курамына киргендердин 15и медиа тармагынан, калгандары бийликтин өкүлдөрү.

Долбоордун экинчи варианты чыкканы быйыл январда белгилүү болгон, ал дагы эксперттердин сынын жараткан.

Бийликтин ЖМК мыйзамын жаңылоо аракети өлкөдөгү бир катар журналисттерге жана редакцияларга басым күчөп турган маалга туш келүүдө. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылгандар пайда болду, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилери маалымдалды, “Азаттыктын” сайты бир нече айдан бери бөгөттөлүп турат жана аны ЖМК катары жабуу аракети көрүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG