Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Жер планетасы адаттан тыш ысышы мүмкүн


Токойдогу өрттү өчүрүү. Иллюстрация.
Токойдогу өрттү өчүрүү. Иллюстрация.

Марста кайсы өсүмдүктү өстүрүү керектиги айтылды. 2100-жылы ысыктыктан улам Жердин айрым бөлүгү жашоого кооптуу болот. NASA өзүнүн Твиттердеги баракчасына кара тешиктен чыккан үндүн аудиосун жарыялады. “Азаттыкта” узаган аптадагы илим жаңылыктарынын топтому.

Марста өстүрүлүшү керек болгон өсүмдүк белгилүү болду

Эгер келечекте Марс планетасында жашоо мүмкүн болуп калса, ал жерде кандай өсүмдүк өстүрүүгө мүмкүн экени айтылды. Кызыл планетадагы катаал шартка карабай, анын топурагы дан азыктарын отургузууга теориялык жактан ылайыктуу экенин NASA билдирет.

Бирок Марстын куму менен чаңында эч кандай органикалык жана пайдалуу микробдор жок. Ошондой эле, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө такыр жол бербеген туздарга, минералдарга бай. Plos One илимий журналына жарыяланган жаңы изилдөө бул көйгөйдү беденин жардамы менен чечүүгө мүмкүн экенин айтат. Ага ишенсек, беде Марстагыдай катуу, вулкандык кыртышта эч кандай жер семирткичтерсиз эле өсө алат.

Андан кийин беденин өзүн жер семирткич катары колдонуп, шалгам, чамгыр өстүрүүгө жол ачылат. Бул азыктар атайын кароону, көп сууну талап кылбайт жана тез өсөт. Деген менен, аларды баары бир суугаруу керек. Бул үчүн окумуштуулар Марстагы тоңгон муздун калдыгын колдонууну сунушташат. Бирок ал туздуу болгондуктан, алгач тазалап алуу керек болот.

“Азык заттары аз, суусу туздуу Марстын жер кыртышы бир нерсе өстүрүү үчүн жараксыз. Андыктан, жердеги азык заттарды көбөйтүп, суусун тузсуздандыруу үчүн стратегияларды иштеп чыгуу керек”, - дей айтылат изилдөөдө.

Жерди экстремалдуу ысык күтөт

Жердин барган сайын ысып жатканы экватордун айланасындагы көптөгөн аймактардын жашоосу үчүн коркунуч жаратууда. Абанын температураны индустриялык доорго чейинки абалда сактап турган учурда деле, 2100-жылы тропикалык жана субтропикалык аймактарда экстремалдуу ысык болорун Science Alert сайты жазып чыкты.

Адаттан тыш ысый турган аймак катары Индия, Араб жарым аралы жана Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү Африка өлкөлөрү аталган. Ошол эле маалда ортоңку кеңдиктеги аймак жыл сайын жылуу толкундарга дуушар болуп турат. Мисалы, бул кылымдын соңунда Чикаго азыркыдан 16 эсе көп ысыйт делет макалада.

Адамдардын жалпы аракети менен аба температурасы индустриялык мезгилдегиден 1,5 градус жогору абалда дагы кармалып турат. Бирок божомолдор 2050-жылга карата бул көрсөткүч 2 градустан ашарын көрсөтүп турат. Басылманын маалыматына ишенсек, глобалдык жылуулук аптапка байланыштуу ар бир үчүнчү өлүмгө себеп болууда.

NASA “Кара тешиктин” үнүн жарыялады

NASA өзүнүн Твиттердеги баракчасына кара тешиктен чыккан үндүн аудиосун жарыялады. 34 секунддук аудио социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкууга алынды. Үн чыгарган “кара тешик” Жерден 200 млн. жарык жыл алыстыкта, Персей топ жылдыздарында жайгашкан.

Кара тешик газдуу булуттурга жакын болгондуктан, экөөнүн бири-бирине тийишүүсүнөн оор үн келип чыгат.

“Мейкиндик вакуум сыяктуу болгондуктан, үндөрдүн жайылышына жол бербейт. Ошондуктан, космосто үн болбойт деп ойлойбуз. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Галактикалар топтолгон жерде газ абдан көп болгондуктан, үндөр чыгат. Биз ал үндөрдү күчөтүп койдук”, - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG