Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Жапаровдун сапары: Орусия Кыргызстандагы аскердик жайларын күчтөндүрөт


Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад. 9-май, 2023-жыл.
Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад. 9-май, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров Москвага жасаган үч күндүк расмий сапарынын алкагында 9-майда аскердик парадга катышты. Мунун алдында Жапаров Орусиянын саясий жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Путин менен биргеликте эки өлкөнүн алакасын тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Биргелешкен билдирүү

Президент Садыр Жапаров 9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадга катышты.

Бир күн мурда, 8-май күнү орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Эки өлкөнүн президенттеринин басма сөз кызматтары жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча 21 пункттан турган биргелешкен билдирүү кабыл алынганын кабарлап, тексттин жарыялады. Анда саясий, соода-экономикалык, каржы тармагында, гуманитардык, илим, маданият, искусство, маалымат, туризм жана башка багыттарда кызматташууну улантуу жана өнүктүрүү тууралуу жазылган.

Ошондой эле Борбор Азия аймагындагы коопсуздук жана аскердик кызматташтык талкууланганы айтылат.

“Мамлекет башчылары Кыргызстандын коопсуздугун жана эгемендигин коргоону камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык террордук уюмдардын мүмкүн болуучу куралдуу кол салууларына каршы туруу зарыл экенин, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн чыңдоонун жана Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объектилерин өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти”, - деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун камсыздоодо да кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты. Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп, натыйжалуулугун жогорулатууга жалпы аракет көрөрү белгиленген.

Бул президент Садыр Жапаровдун Орусияга жасаган биринчи расмий сапары. Буга чейин эки ирет иш сапары менен барган. Ал Владимир Путинди ушундай эле сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, орус лидери ушул жылы Бишкекке расмий сапар менен келе турганы айтылды.

Владимир Путин Садыр Жапаров Москвага Жеңиш күнүн утурлай расмий сапары менен келгенин айтып, “бул күнү биз менен бирге болгонуңуз маанилүү окуя” деди.

“Биздин соода жүгүртүүбүз былтыр 37% өскөн. Орусия Кыргызстан үчүн эң ири инвестор, биз түз инвестиция боюнча биринчи орунда турабыз. Бул көрсөткүч дагы көбөйөт деп ишенем”.

Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 8-май, 2023-жыл.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 8-май, 2023-жыл.

Кыргызстан кайсы окуя боюнча позициясын билдирди?

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу тууралуу комментарий берди:

“Эки президент 2021-жылдан бери жолугуп келатышат. Бүгүн болсо “кайсы статуска келдик, мындан ары кандай өнүгөбүз?” деген маселе талкууланды. Азыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда эч кандай саясий түшүнбөстүк жок. Демек, соода-экономикалык, маданий, гуманитардык байланышты өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Эл аралык маанидеги кризистер боюнча да пикир алмашуу болду. Биз дүйнөдө болуп жаткан кырдаал тууралуу өзүбүздүн позициябызды ачык айттык. “Кыргызстан суверендүү мамлекет болгондон кийин силердин позицияны сыйлайбыз” дешти”.

Жээнбек Кулубаев эл аралык кайсы окуя боюнча сөз болгонун тактаган жок. Бирок кыргыз бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушунда бейтарап позицияны карманарын билдирип келет.

Башкы дипломат эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда орус тилинин Кыргызстандагы орду боюнча да сөз болгонун айтып, Кыргызстанда орус программасы менен сабак өтүлгөн тогуз мектеп куруларын кошумчалады. Кыргызстандагы орус тили маселеси Садыр Жапаровдун Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуусунда да көтөрүлгөн.

Биргелешкен билдирүү эмне берет?

Саясий илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев Кыргызстан менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусу жана анда кабыл алынган биргелешкен билдирүү тууралуу пикири менен бөлүштү:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“21 пункттан турган биргелешкен билдирүү - Владимир Путинге колдоо. Ушуну менен эле эки өлкөнүн кызматташтыгы укмуш болуп кетет дегенди билдирбейт. Орусия азыр экономикалык да, саясий жактан да кыйын абалда турат. Убагында Алмазбек Атамбаев Орусияга барып Владимир Путин менен кучакташып сүйлөшүп келгенден кийин Орусия Кыргызстанда “Камбар-Ата-1”, Жогорку Нарын ГЭС каскадын курмак. Ошол долбоордун баары эмне болду? Баары менен мамилеси үзүлгөн киши бирөө менен сүйлөшкөнгө аябай куштар болот. Владимир Путин изоляцияда калды. Эл аралык конференция, кеңешме, жыйынга барбай калды. Эми “мен ушундай мамлекеттин лидерлери менен Жеңиш күнүн тостум” дегенге эле керек. Болбосо Владимир Путин былтыр 9-майда Москвага Эмомали Рахмондон башка эч кимди чакырган эмес”.

Бул жолу Москвадагы парадга Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Димаш Алжанов.
Димаш Алжанов.

“Бул - Борбор Азия мамлекеттери саясий жана экономикалык жактан көз карандысыз боло албаганын, Кремлге каршы турууга кудурети жетпегенин далилдейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн режими көмүскө импортту колдоп, Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканын билебиз. Европа Биримдиги менен АКШнын Борбор Азия мамлекеттерине эскертүүсүнөн кийин айрым президенттер кошумча санкцияларга байланыштуу Батыш өлкөлөрүнүн кысымын азайтуу үчүн тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатканын танууга болбойт. Айрыкча Евробиримдик менен АКШ бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылышат. Бирок аларда Орусиянын аймактагы таасирин азайтуу боюнча так стратегиясы жок”, - деди казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов.

Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад. 9-май, 2023-жыл.
Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад. 9-май, 2023-жыл.

Апрель айынын аягында Кыргызстанга АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод келип кеткен. Алар кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчилери менен Украинага каршы согуш ачканы үчүн Москвага салынган санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотууга байланыштуу жолугушууларды өткөргөн.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид да 26-28-апрель күндөрү Бишкекте болуп Москвага каршы киргизилген санкцияларды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолукту.

Март айынын аягында болсо Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300% чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшпөшү керектигин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG