Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Жалал-Абад: курулбай жатып жамалган жолдор


Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов көчөсү
Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов көчөсү

Жалал-Абад шаарындагы жаңы салынган айрым жолдор кайра эле жамалып-жаскалып жатканына тургундар нааразы.

Жергиликтүү бийлик дароо эле бузула баштаган жолдорду кабыл албай, аны салган компаниялар кайрадан оңдоо жумуштарын жүргүзүп жатканын айтууда.

Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов көчөсүнүн 2,5 чакырымына 2023-жылдын күзүндө жаңыдан асфальт төшөлгөн. Бирок жолдун айрым жерлери чөгүп кеткендиктен учурда жамоо жумуштары жүрүп жатат.

Шаар тургуну Бакыт Молдожанов жыл айланбай, жаңы жолдордун кайрадан оңдоло баштаганына нааразы болууда.

Бакыт Молдожанов
Бакыт Молдожанов

“Өткөндө эле көрдүм бул жолдун чөгүп бузулуп жатканын. Шаардагы көп көчөлөр жаңыланганы менен кайрадан талкаланууда. Иш кылып, кыйратып жатабыз деп пахта кое беришпей ушуга окшогон, акчаны көп короткон жерлерди бийлик караса болмок. Журналисттер, активисттер кайра-кайра айтып жатып бир көчөнүн жаңы эле төшөлгөн асфальты кайрадан оңдолгон учурлар болду го. Биөө жарым сапатка да көңүл буруп койсо болот эле".

2023-жылы Жалал-Абад шаарында жергиликтүү жана республикалык бюджет эсебинен 22 чакырымдан ашуун жол асфальтталган. Ал үчүн жалпы 7 миллион сомго чукул каражат бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Уулкан Кожоева жолдун айрым бөлүктөрү толук бүтпөй жаткандыктан кабыл алынбай жатканын айтты:

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Уулкан Кожоева
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Уулкан Кожоева

“Учурда жаңы салынып жаткан жолдордун көпчүлүгү кабыл алынбай жатат. Мен ошол комиссияда бармын. Көп жерлерин текшерген учурда талапка жооп бербейт. Кабыл алып койгула дейт биз колдогон жокпуз. Мурдагыдай эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын дегендерге макул эмесмин”.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Жаныш Раимжанов жолдогу кемчиликтер боюнча шаар тургундары кайрылып жатканын ырастады.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Жаныш Раимжанов
Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Жаныш Раимжанов

“Коллегияда да жолдогу кемчиликтер тууралуу сөз болду. Шаар тургундары кат менен кайрылып жатканы айтылды. Ошондуктан утурумдук бетон менен жамоо жумуштары жүрүп жатат. Шаарда 2023-жылы 700 миллиондой каражатка жолдорду ондоо иштери жүргөн. Биз кемчиликтер жоюлмайынча, жолду кабыл албайбыз. Азырынча ал жолдордун жөө жүргүнчүлөр жүргөн бөлүгү бүтпөгөндүктөн кабыл алынбай турат. Көзөмөл жүргүзүлөт”.

Жолдун реконструкциялоо боюнча тендерди “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Бирок учурда жергиликтүү бийлик аны кабыл ала элек. “Жагалмай” ага чейин эле шаардагы чоң тендерлерди утуп келгени маалым.

Жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси Рыскулбек Зайирбеков 2023-жылы эле шаардагы жети көчөнүн жолун салганын айтууда.

"2023-жылы Жалал-Абад шаарынын ичиндеги жети көчөнү жасаганбыз. 98 пайыз бүтүп, жол белгилери эле калды. Ар кандай өзгөрүүлөр болуп кармалып калдык. Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү жолдун айрым жерлери чөгүп кеткенинин себеби анда өткөн жылы канализация түтүгүн тартышкан экен. Ошол жерлери чөктү окшойт. Биз 30-апрелде тапшырабыз деген элек, айрым кемчиликтери болсо оңдоп жатабыз".

Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов көчөсү
Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов көчөсү

Өткөн 2023-жылы Жалал-Абад шаарына республикалык казынадан шаардын өнүгүүсү үчүн деп 2 миллиард сом бөлүнгөн. Шаарды экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн 13 ири долбоордун планы бекитилген.

Кыргызстандын сырттан алынган насыя, гранттарынын көбү мурда жол курууга жумшалганы айтылып жүрөт. Бирок жолдордун сапаты тууралуу маселелер байма-бай көтөрүлүп, сын пикирлер көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG