Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Зеленский: НАТОго кошулууга убакыт келди


Владимир Зеленскийдин Прагага келген учуру. 6-июль, 2023-жыл.
Владимир Зеленскийдин Прагага келген учуру. 6-июль, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-июлда Түркияга барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолугары күтүлүүдө.

Cүйлөшүүлөр кийинки жумада өтө турган НАТОнун саммити жана Кара Деңиз аркылуу украин данын экспорттоо макулдашуусу тууралуу болот. Мурдагы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Орусия келишимди узартууга негиз көрбөгөнүн айтууда.

Бир күн мурда украин президенти Болгарияга, андан ары Чехияга барган. Прагадан Түркияга баратып Словакиянын борбору Братиславага да токтоп, жолугушууларды өткөрдү.

Прагада НАТОго кошулуу аракети сөз болду

Коомчулукка мурда айтылбаган сапар менен Чехияга келген президент Владимир Зеленский Прагада өткөргөн маалымат жыйында Украинанын НАТОго кошулуу аракетине токтолду:

"Кээ бирөөлөр дагы эле Москванын көзүн караcа, айрымдар Орусиядан коркот. Азыр альянстын кайратын жана бирикменин күчүн көрсөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Бул жерде сөз альянска кошуу багытындагы кээ бир конкреттүү аракеттер, так сигналдар жөнүндө болуп жатат. Бизге бул мотивация керек. Биздин мамиледе чынчыл болуу маанилүү".

Зеленский Украинанын контрчабуулу тууралуу да айтып, "жай жүрүп жатса да, орустардай чегинбей, алдыга баратабыз" деди. Мурдараак украин президенти журналисттерге Батыш курал жана согуштук жабдыктарды өз убагында жеткирбегендиктен, Орусия басып алган аймактарда коргоонууну бекемдеп алууга жетишкенин айткан.

Владимир Зеленский жана Петр Павел
Владимир Зеленский жана Петр Павел

Чех президенти Петр Павел Украинанын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусун колдой турганын белгилеп, Киев орус агрессиясынан коргонуу жаатында ар дайым Прагага таянса болорун билдирди:

"Согуш бүтөрү менен Украинанын НАТОго кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы Чехиянын кызыкчылыгында экенин так айтуу керек. Анткени бул биздин коопсуздугубуздун, аймактык бейпилдиктин жана экономикалык өсүүнүн кызыкчылыгын көздөйт".

Петр Павел Украинанын контрчабуулу Орусия "буга чейин өзүн көрсөтүп келгендей күчтүү деле эместигин далилдегенин" кошумчалады.

Зеленский Прагада жолугушууларда коргонуу маселелери, НАТОнун Вильнюстагы саммитин утурлай байланыштарды координациялоо, Украинанын евроинтеграциясы жана Запорожье атомдук станциясындагы кырдаал тууралуу кабарлаган.

Дан келишими жаатында Москва бир чечимге келе элек

Украин президенти 7-июлда Прагадан Түркияга барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Орусия 17-июлда бүтө турган Кара деңиз дан келишимин узартуу боюнча акыркы чечимге келе элек.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Биз расмий түрдө чечимди азырынча жарыялай элекпиз, аны өз убагында жарыялайбыз. Дагы убакыт бар. Макулдашуулардын биздин өлкөгө тиешелүү бөлүгүн аткарууга дагы убакыт бар. Келишимди узартууга азыр тилекке каршы өзгөчө негиз жок", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Келишимге ылайык, Орусия өзү көзөмөлдөгөн суулар аркылуу Украинанын портторунун жана андан кайткан дан кемелеринин коопсуздугун кепилдеген.

Ал арада Украинанын чыгышында соңку бир суткада 30тай кагылышуу болгону кабарланды.

Киев бейшембиде орус армиясынын Львов шаарына урган ракеталык соккусунан мерт болгондордун саны онго жеткенин билдирди. Жараат алгандардын саны кырктан ашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна ала элек жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG