Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Январь окуясына 40 күн: Алматыдагы митингде бийликке талап коюлду


Казакстан. Январь окуясында каза болгондорду эскерүү митинги. Алматы, Республика аянты. 13-февраль, 2022-жыл.
Казакстан. Январь окуясында каза болгондорду эскерүү митинги. Алматы, Республика аянты. 13-февраль, 2022-жыл.

Алматыда жекшембиде кандуу Январь окуясында каза тапкандарга аза күтүү жана кыйноолорго каршы митинг өттү.

Анда президент Касым-Жомарт Токаевге кандуу калабада эскертүүсүз ок атууга буйрук бергени үчүн бийликтен кетүү талабы коюлду. Акция жүрүп жаткан аймакта интернет бөгөттөлдү.

Кан жуткандар менен кармалгандардын жакындары чогулду

Алматынын борбордук аянтында январдагы калабанын кыркылыгына карата аза күтүү митинги бийликтин тыюу салганына карабай өттү. Ага жакындарын жоготкондор, үй-бүлө мүчөлөрү жазыксыз кармалып, камакта отургандардын туугандары жана жарандык активисттер чогулду.

Алардын бири Шапагат Кадырова күйөөсү бейкүнөө атылганын айтып, ага ок чыгаргандарды жазалоону талап кылды:

“Менин күйөөмдү аткандардын жазасын берсин. Үч уулум атасыз калды. Мен өзүм майыпмын. Үйдө балдарым менен эле отурам. Күйөөм, балдарым үчүн бул жакка чыктым. Карапайым калкка эмнеге ок атышты? ”

Казакстан. Кандуу калабанын кыркылыгына чогулган аза митинги. 13-февраль, 2022-жыл. Алматы шаары, Республика аянты.
Казакстан. Кандуу калабанын кыркылыгына чогулган аза митинги. 13-февраль, 2022-жыл. Алматы шаары, Республика аянты.

Аза күтүү митингине Январь окуясында кармалгандардын жакындары көп келди. Алар айыпты моюнга алдыруу үчүн абак жайларда жапырт кыйноолор жүрүп жатканын айтып, даттанышты. Камактагылардын ишин акыйкат карап, боштондукка чыгаруу талабы байма-бай көтөрүлүп турду. Саясатчы жана укук коргоочу Рысбек Сарсенбай кыйнап моюнга алдыруу учурларын кайра териштирүү зарыл экенин билдирди:

“Көп адамдар жазыксыз жерден кармалып, камакка алынган. Тагылган айыптар алардын аракеттерине эч бир шайкеш келбейт. Ошондуктан алардын иштерин кайра карап, эркиндикке чыгаруу зарыл. Биринчиден, алар адилетсиз камакта отурушат. Экинчиден, кармалган көпчүлүк кишилердин ар бири үйүндө жалгыз үй-бүлөсүн багуучу болуп саналат. Ар биринин 3-4 баласы бар. Үй-бүлөсү каралбай калды”, - деди Рысбек Сарсенбай.

Алматы. 13-февраль, 2022-жыл.
Алматы. 13-февраль, 2022-жыл.

Митингдин катышуучулары “Токаев, кет! Бүткүл казак сени жек көрөт!”, “Кыйноолорго жол жок”, “Фашизмди токтот”, “Биз көз карандысыз иликтөөнү талап кылабыз” жана “Эл террорист эмес!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Казакстандагы каттоого алынбаган Демократиялык партиянын лидерлеринин бири Жанболат Мамай баштаган топ «Назарбаев соттолсун!» деген ураан менен аянтка келди. Ошондой эле президент Токаевге импичмент жарыялоо, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү талаптары да жаңырды.

Жанболат Мамай. 13-февраль, 2022-жыл. Алматы шаары.
Жанболат Мамай. 13-февраль, 2022-жыл. Алматы шаары.

“Адилетүү жана ачык шайлоолорду өткөрүп, демократиялык жараяндарды баштоого багыт алуу керек. Андан соң биз Назарбаевдерди кылмыш жообуна тартууга тийишпиз. Анткени кечээги кан төгүүнү уюштургандар дал мына ошолор, алардын бандалары. Атайын чагым уюштургандардын бардыгы ошолорго тиешелүү. Ошондуктан Назарбаевди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн бир эле январь кыргыны үчүн эмес, алардын 30 жылдан бери өлкөнү талап-тоногон жемкордук иштери үчүн жоопко тартуу кажет”, - деди оппозициялык саясатчы Жанболат Мамай.

Ошол эле мезгилде аянтка жакын жерде полициянын күчтөрү митингдин жүрүшүнө байкоо салып, алардын унаалары жана атайын техникасы токтоп турду. Бир канча убакыттан соң митинг өтүп жаткан тилкеде интернет байланышы өчүрүлгөнү белгилүү болду. Түшкө жуук чогулгандардын агымы көбөйүп, аза күтүү акциясына 700гө чукул адам чыкканы кабарланды.

"Алматынын жарымы Эл башынын тууганы"

Мурда бийликке жакын болуп жүрүп, кийин көрүнбөй калган саясатчы Болат Абилов да бул митингде Назарбаевден артыкчылыктарын алып салуу жана коррупциялык системаны жок кылуу тууралуу сөз сүйлөдү. Бирок чогулгандар ага ишенбей, аны экс-президенттин жубайы Сара Назарбаеванын тууганы деп күнөөлөштү. Болат Абилов аларга "Алматынын жарымы Назарбаевдин тууганы" деп жооп кайтарды:

Болат Абилов, саясатчы.
Болат Абилов, саясатчы.

“Бул аябай кызык маселе. Буга чейин да бир нече ирет айткамын. Мен Сара Назарбаева менен болгону жердешмин. Башка тиешем жок. Ошол эле кезде бүткүл Алматы шаарынын жана Алматы облусунун жарымы Назарбаевдин туугандары. Назарбаевдин күйөө балдары. Кудалары. Жеке менин алар менен эч кандай катышым жана байланышым жок. Мен болгону жердешмин. Болду. Ошол гана. Бүттү”, - деди Болат Абилов.

Митингдин соңунда кайрылуу кабыл алынды. Анда бийликтен кыйноолорду токтотуу, мыйзамсыз камалгандарды абактан бошотуу жана калабада каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө талаптары коюлду.

Казакстан. Январь окуясында каза тапкандарды эскерүү митинги. Алматы, 13-февраль, 2022-жыл
Казакстан. Январь окуясында каза тапкандарды эскерүү митинги. Алматы, 13-февраль, 2022-жыл

Президент Токаевдин көңүл айтуусу

Президент Касым-Жомарт Токаев дагы курман болгондорду эскерип, куран окутуу үчүн борбордогу мечитке барды. Ал жакынын жоготкондорго көңүл айтып, кандуу окуя калыс иликтенерин убада кылды:

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

“Мамлекеттин бүтүндүгү, жарандардын коопсуздугу коркунучта болчу. Биз террористтердин чабуулунун мизин кайтардык. Тилекке каршы, башаламандык көптөгөн жарандардын өмүрүн алды. Бул чыныгы трагедия. Менин тапшырмам боюнча тиешелүү органдар ар бир ишти тыкыр иликтеп жатышат. Мен үчүн адам укуктарын коргоо маселеси абдан маанилүү. Ал жагымсыз окуялар бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Ошондон бери кырк күн өттү. Бүгүн мечитке келип, маркумдардын арбагына куран багыштадым. Алардын жакындарына көңүл айтам. Мамлекет каралуу үй-бүлөлөрдү кароосуз калтырбайт”, - деди президент Токаев.

Буга чейин кандуу Январь окуяларынын маалында жана андан кийин жалпысынан Казакстан боюнча 227 адам каза тапканы айтылган. Анын жарымынан көбү Алматы шаарындагы кандуу булоонго туура келет. Бирок азыркы учурга чейин казак бийлиги каза тапкандардын жана жаракат алгандардын толук тизмесин ачык жарыялай элек. Ошондуктан окко учкандарды, жарадарларды жана кыйноого дуушар болгондорду тактап, тизмелөө боюнча жарандык топторду түзүү сунушталды.

Казакстанда суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүүлөр менен аяктады.

Президент Токаев муну бийликти басып алуу үчүн жасалып, чет өлкөдө даярдалган айрым “террордук топтордун чабуулу” деп жарыялаган. Бирок бул дооматты ынанымдуу далилдер менен ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG