Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Державалар дрон эрегишин баштады


Немис окумуштуулары Путиндин вакцинасын сындашты. Коронавирустан улам Борбор Азияга сырткы күчтөрдү таасири артышы ыктымал. Кыргыз-беларус алакалары кандай өнүгөт?

Орусия чыгарганын жарыялаган коронавирустун вакцинасын немис окумуштуулары дароо сындап чыгышты.

«Deutsche Welle»​ агенттиги Германиядагы басылмалардагы «Спутник 5» вакцинасына айтылган сын чогулткан.

11-августта немистердин дээрлик бардык басылмалары Путиндин вакцинасы тууралуу кабарды баш макалага чыгарып, телеберүүлөрдөгү талкуулардын негизги темасына айлантышты.

ARD жана ZDF телеканалдары «Владимир Путин өз элинин ден соолугун тобокелге салган дүйнөдөгү биринчи лидер болуп калмакчы. Коронавирустун вакцинасын чыгарууда глобалдык жарышта жеңип чыгыш үчүн ал Орусиянын элин тажрыйба талаасына айлатканы турат» деген билдирүү таркатышты.

Паул Эрлих атындагы биомедициналык жана вакцина чыгаруучу федералдык институттун жетекчиси Клаус Цихутек менен түз эфирде маек уюштурулду. Аталган институт Орусияда чыккан вакцинаны жалпы калкка сунуш кылбай турганын, анын таасири бүдөмүк экенин белгиледи.

«Frankfurter Allgemeine Zeitung»​ гезити вакцинанын чыгышын «орус президентинин жеке чечими» катары баалап, эч жерде катталбаган, Путиндин өзүн өзү жок кылган медицинасы катары сүрөттөдү.

Гайделберг аймагында чыккан «Rhein-Neckar-Zeitung» гезити орус вакцинасын «саясий популизм» деп баалады. «Süddeutsche Zeitung» басылмасы Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп вакцина чыгаруу аркылуу начарлап кеткен саясий рейтингин көтөргүсү келишкенин, бирок эң эле опурталдуусу - Владимир Путин өз кызына алгач вакцина сайдыруу менен Трамптан ашып түшкөнүн жазды.

Ошол эле учурда Путинди жактаган да басылмалар бар. Магдебургда чыккан «Volksstimme» гезити Орусия 1957-жылы космоско алгачкы жандооч учургандай эле медицинада да чоң төңкөрүш жасаганын баяндап: «Канткен менен бул пандемия дүйнөнүн кадыресе ыраатын бузду. Эгерде орус вакцинасынын вирустан коргоочу күчү далилденсе, Путинди сындап жаткан өлкөлөрдүн лидерлери аны алууга кезекке турушмакчы», - деген бүтүм чыгарат.

Бишкек-Минск: Куттуктоого уланган нааразылык нотасы

Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкылардан болуп Александр Лукашенкону шайлоодон жеңип чыкканы менен куттуктаса, эртеси Бишкек Минскиге нота жиберди. «The Diplomat»​ журналынын талдоочусу Кэтрин Пуз эки өлкө ортосундагы чырмалышкан алаканы жазды.

«Президенттик шайлоодо элдин нааразылыгына карабай, жеңишин жарыялаган Александр Лукашенкону алгачкылардан болуп кыргыз президенти куттуктады. Бирок эртеси эле Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, эл аралык издөө жарыяланган, кийин Даниил Урицкий болуп кубулган Данияр Үсөнов Лукашенкону жандай басып, заводдун иши менен тааныштырып жүргөнүнө нааразы болгон Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска нота жиберди. Эки өлкө тең Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү, постсоветтик чөлкөмдөгү эң жакын өнөктөштөрдөн. Ошентсе да алардын өз ара мамилесине качкын президент Курманбек Бакиев жана анын тарапташтары Беларустан баш калка тапканы көлөкө түшүрүп келет», - деп жазды басылма.

Автор 2010-жылдагы кыргыз ыңкылабынын таржымалына токтолуп, Бишкектин Бакиевдерди кайтаруу боюнча талабын Минск канчалык четке какса да экономикалык, геосаясий бир алкактан кыргыз-беларус жетекчилери баары бир чыга албай жатканын баяндайт. «Беларуста өткөн шайлоону демократиялык өлкөлөр сындап, элдин Лукашенкого каршы толкундоо күчөп турганда ага куттуктоо айткандардын алгачкы сабында эки ирет президентин ыңкылап менен алмаштырган Кыргызстандын турушу өтө кызык. Бирок ошол эле күнү Лукашенко куттук айткан өлкөнү шылдыңдагансып, анын «качкын», «кылмышкер» деген экс-премьер-министри менен коюн-колтук алышып турганы ырбаган жаранын оозун тырмагандай болду. Албетте, Кыргызстандын тышкы саясаттагы чечимдери геосаясаттагы күчтүү өлкөлөргө көз каранды болгон күндө деле, бул окуя баары бир анын аброюн ойлондурбай койбойт», - деп жазды Кэтрин Пуз.

Борбор Азиядагы пандемия саясаты

«Eurasia Daily Monitor»​ басылмасына COVID-19 маалындагы Орто Азия чөлкөмүндөгү кубаттуу державалардын таасир талашы мындан ары кандай өнүгөрүн талдаган макала жарыяланды.

«Вирустан улам Борбор Азиянын экономикасы өтө оор кезеңге кабылды. Саламаттык маселеси аймакка карата геосаясий күчтөрдүн таасирин да өзгөртүүдө. АКШ, Европа Биримдиги менен Орусия мурда бул чөлкөмдө тынымсыз таасир талашып келсе, азыр өзүлөрүндөгү пандемиянын кесепетинен улам таасири солгундай түштү», - деп жазат автор. Басылма вирустун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кесепетин тизмектеп, чөлкөм мындан ары Кытайдын «темир чеңгелине түшөт» деп божомолдойт.

«АКШ буга чейин Казакстан менен Өзбекстанга ири өлчөмдө инвестиция жумшап келген. Пандемия баарын өзгөрттү. Таасир чылбырын бергиси келбеген Орусиянын оорудан шайы ооп, мунайы арзандап, экономикасы кыйналып турган учуру. 2019-жылы АКШ инвесторлорунун Казакстандагы жалпы капиталы 150 миллиард доллар, Өзбекстанда 12,7 миллиард доллар болгонун Дүйнөлүк банк эсептеп чыккан эле. Бирок пандемия бул сумманы улам азайтып жатат. Быйылкы жылга карата АКШнын Борбор Азияда каржылай турган экономикалык долбоорлору 38% кемиди. Анткен менен пандемиядан кийин кайра калыбына келүү планына сарпталчу каражаттын көлөмү боюнча Нур-Султан чөлкөмдө эң алдыда турат. Казак бийлиги пандемиядагы антикризистик чаралар үчүн 14 миллиард доллар бөлүп, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң көп каражат сарптай турган болду», - деп жазылат макалада. Басылма геосаясий айдыңда АКШ чөлкөмгө инвестициясын арттырып, Кытайдын таасирин тең салмактап кала аларын божомолдойт.

Дүйнөдө дрон жаатында атаандаштык башталды

Женевадагы эл аралык коопсуздук саясаты боюнча борборунун веб-сайтына эксперт, журналист Чолпон Орозобекова менен Марк Финауддун глобалдык коопсуздуктагы учкучсуз дрондордун орду тууралуу макаласы жарык көрдү. Анда авторлор бомбалоочу дрон учактары акыркы учурда куралданууда атаандашкан Кытай, АКШ сыяктуу ири өлкөлөрдүн колундагы чоң көзүр болуп жатканына токтолушат.

Авторлор бул куралдарды экспорттоодогу агрессивдүү тышкы саясатты, ага тартылган миллиарддаган инвестицияны жана дрон базарындагы атаандаштыкты талдоого алышкан. Макалада бомбалоочу дрондордун эл аралык деңгээлде коопсуздукка тийгизген таасирин Бириккен Улуттар Уюму баш болгон дүйнөлүк институттар көзөмөлдөшү керек деген сунуш айтылган.

Сириядагы, Пакистандагы, Сауд Арабиясындагы учкучсуз учактардын колдонулушу, калкка тийгизген таасири кеңири талданган.

Түркия дрондорду Израилден сатып алып, Германия, Франция, Италия жана Испания аларды өндүрүү боюнча аскердик план койгону белгиленген. АКШ дрон технологиясына жылына алты миллиард доллар коротуп жатканы айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG