Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

"ВИЧ жукканын укканда элден качтым". Аялуу топтун азабын укпаган талкуу


Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктургандар соңку бир жылда дагы миңден ашуун адамга көбөйүп, оорулуулардын жалпы саны 12,5 миңден ашты. Арасында балдар да бар.

Адистер соңку жылдары инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар басымдуу болуп жатканын белгилешүүдө. Ал арада Жогорку Кеңеште Глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлө турган 29 млн. долларына байланыштуу кайрадан талаш-талкуу жаралды. Айрым эл өкүлдөрү бул каражаттан баш тартуу маселесин дагы көтөрдү. Глобалдык фонд - СПИД, кургак учук, безгек жана гепатитке каршы күрөшкөн эл аралык уюм.

ВИЧке чалдыккан Санжар: Бир дарым 200 доллар турат

43 жаштагы Санжардын жашоосу күлгүн, ак түстөгү дарыларга байланган. Ал жашоо үчүн, иммунитетин көтөрүп туруу максатында кудайдын куттуу күнү бир таблеткадан ичип турушу керек.

"Күнүнө бир маалдан бирден таблетка ичем. Мунун таасири 24 саатка жетет. Эгер оору күчөп кетсе же иммунитети төмөн болсо кошумча витамин, таблеткаларды беришет".

Мындан сырткары Санжар үч-алты айда бир диагностикадан өтүп турат. Буга кургак учуктун бар-жогун аныктоо үчүн рентген, флюрографиядан өтүү, гепатит В, Сга анализ тапшыруу жана башкалар кирет. Санжардын бир айга жете турган дарысы кеминде 200 доллар турат. Иммунитетке, оорунун өтүшүп кеткенине карап дарылардын саны дагы 5-6га чейин көбөйүшү ыктымал.

"Жети жылдан бери ВИЧ статусу менен жүрөм. Мурда деле ВИЧке тест тапшырып турчу элем. Акыркы жолу өзүмчө эле күмөн санап, кызыктай болуп жүрдүм. Экспресс-тест оң жыйынтык чыгарды. СПИД борборунан кан тапшырганда анализим дагы тастыктады. Балким экспресс-тест адашса керек деген үмүттө болчумун. Тилекке каршы андай болбоду. Мага илдет жыныстык катнаштан жуккан. Алгач оорумду билгенде дендароо болдум, кийин стресс болуп жүрдүм. Башкалардан айырмаланып оорумду кабыл албай, дары ичкенден качкан жокмун. Дароо эле дарылануу жолдорун сурадым. Бир жылдай тууган-уруктан, үй-бүлөмдөн, досторумдан алыстадым. Бардыгы менен байланышты үзүп, өзүм менен өзүм болуп калдым. Кийин айрым бир туугандарым билип, колдоого алышты".

Санжар оорусуна байланыштуу дары-дармектин бардыгын Кыргызстандагы СПИД борбору аркылуу акысыз алып турат. Текшерүүлөрдөн дагы бекер өтөт. Мындан жети жыл мурда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган Санжар азыр өзү сыяктуу ооруга чалдыккандарга ар кандай көмөк көрсөтүп келет.



ВИЧ - бул иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жуктурган адамдар көп жыл бою - 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт. ВИЧти жуктуруп алган учурдан баштап башкаларга жугузуу коркунучу пайда болот. Ошол эле учурда оорунун мандемдери байкалып, алы кетип, дене ысып, ичтин өтүүсү, жөтөлүү, арыктоо ж.б. сезилет. ВИЧ менен СПИДге чейин өөрчүп жеткенче 10 же андан да көп жыл өтүшү мүмкүн.

СПИД - жуктурулган иммундук таңкыстык синдрому – дарттын өтүшүп бүткөн кези. Бул учурда адамдын иммундук системасы биротоло жабыркап, организм ооруларга каршылык көрсөтө албайт. СПИД тез өөрчүп, өлүмгө бат алып келет.

Канышайдын окуясы: Кургак учук менен ооруганда иштей албай калдым

Биздин кийинки маектешибиз Канышай өзүнө кандай шартта жана качан кургак учук жукканын билбейт. Алгач бул ооруга кабылганын укканда өзүн таштап, жумушка жөндөмүн жоготуп, шалдырап жатып калган. 1,5 жыл тынымсыз дарыланып, оорудан айыкканын айтып берди.

"Азыр дарттар эч билинбей эле жыга турган болуп калды. Андан мен деле алыс кеткен жокмун. Кафеде иштеп жүргөндө медициналык справка керек болуп калды. Ошону даярдап жүргөндө өпкөмдөн так бар экени билинди. Ага ишенбей, врачтар жаңылып калды деп жүрдүм. Дары ичкенден баш тарттым. Кийин дарыгерлер "үйдөгүлөрдү да өлтүрүп аласың, жугузасың" дешти. Кургак учукка чалдыккан адам иштөө жөндөмүн жоготуп, үй-бүлөсүн бага албай калат экен. Кудайдын куттуу күнү укол ала берип, жамбашыбыз берч болуп калган. Ушул нерседен адам аябай психологиялык травма алат. Башка түшкөндү көтөрөт экенсиң. Акчасы барлар байланыш издеп, дары-дармек алып өзүн карап кетет экен. Жакында барып сурасам кургак учуктун бир таблеткасы 250 сом болуп калыптыр. Андай дарыдан бир күндө алтыны иччүмүн. Ошону 1,3 жыл ичтим. Бул оору менен баары ооруйт, жукпайт деген кепилдик жок. Чоңдор, колунда барлар, ырчылар, тамадалар... Түшүнбөгөндөр буларды өлтүрүп эле салгыла дейт да", - деди биздин маектешибиз.

Канышай айткан 250 сомдук дарыны күнүнө алтыны ичсе, айына бери дегенде 45 миң сом кетет экен. Карапайым адамдардын баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок экени белгилүү. Канышай өмүрүн "узарткан" бул дарыны эл аралык уюмдун жардамы менен алып келгенин белгиледи.

"Бизде ооруган адамды бир жылдай колдоп турууну мыйзам түрүндө киргизиш керек деп ойлойм. Анткени оорулуу ушул убакытта жардамга муктаж. Ал каттоодон чыкканга чейин эң эле жөнөкөй макарон, ун, шекер, май, чай алып берип турса жакшы болот эле. Аны өкмөт кылбайт. Глобалдык фонд деген ушул ишти кылып атат. Бул деген чоң салым", - деди Канышай.

Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет абадан, оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди ичиши керек. Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учукка чалдыккан бейтапты айыктырса болот.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат. Жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат.
Республикада кургак учук менен ооругандардын саны Чүйдө жана Бишкекте көбүрөөк байкалат. Өлкөдө социалдык-экономикалык кырдаал курчуп, миграция өсүп жатканы - бул оорунун кулач жайышына таасир этүүдө. Кыргызстанда ооруга кабылгандардын 70% - эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

ВИЧ жыныстык жол менен тарап атат

Адистер соңку жылдары ВИЧ-инфекциясын жыныстык жол менен жуктургандар басымдуу болуп жатканын белгилешүүдө.

Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморованын айтымында, 2022-жылы 1100гө жакын ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн жаңы учуру аныкталган. Алардын 350дөйү аялуу топтор. Буларга эркек менен жыныстык катнашка барган эркектер, жынысын алмаштырган трансгендерлер, баңгилер жана секс кызматкерлер.

Мунун ичинен маңзат колдонгон топтордун арасында ВИЧ илдетине кабылгандар 17%, кумсалардын арасында 10%, секс кызматкерлеринин арасында 2% түзөт.

Үмүткан Чокморова.
Үмүткан Чокморова.

"Булар Кыргызстандагы эпидемиянын таралышына мүмкүнчүлүк түзүп жаткан топтор. Алдын алуу программалары дегенде ушулардын арасында ВИЧ-инфекциясын азайтуу иштери каралган. Ийнелерди алмаштыруу, метадон, презерватив таратуу, маалымат таратуу иш-чаралары бар. ВИЧ-инфекциясы ушулардын арасында катталып жатат. Быйыл андайлар 350 киши".

СПИД борборунун ар кандай изилдөөлөргө таянып билдиргени боюнча Кыргызстанда эркек менен эркектин ортосунда жыныстык катнашта болгон 16,9 миң адам бар. ПРООНдун маалыматы боюнча 14 миңдин тегерегинде. Алардын 10% ашууну ВИЧ илдетин алып жүрөт жана аларда илдетти жугузуу коркунучу 24 эсе көп деп эсептелет.

Депутаттардын гуманизмге жат билдирүүсү

Мамлекет ВИЧ жана кургак учукка чалдыккан байтаптарды дары-дармек, керектүү каражат менен 30% гана камсыз кылат. Калган сумманы Глобалдык фонд бөлүп келет. Алдыңкы эки жылга 29 млн. долларлык каражат бөлүү пландалууда. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште аталган эл аралык уюмдун Кыргызстанга бере турган каражатына байланыштуу кайрадан талаш-талкуу жаралды.

Депутаттар бул акча бейөкмөт уюмдар аркылуу “жаштарды бузууга” бөлүнүп жатат деп, аны чектөөнү сунуштады. Жарандык коомдун өкүлдөрү депутаттардын билдирүүсүн "популизм, маселени билбегендик" деп сындашууда.

Эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев өкмөттү бул маселени көзөмөлдөөгө чакырды.

"Аларга эмне шарт түзүп бересиңерби? СПИДден сактаганыңарга макул, 78 млн. сом дал ушуга дейт. Бул чоң сумма да. Бул акча жасаш үчүн ойдон чыгарылган эле нерсе эмеспи? Кудай сактасын, аларга бербей эле койгулачы. Жукмактан жуксун, ошодон ары жок болуп кетсин. Ушуну көзөмөлдөп жокко чыгарыш керек, бул туура эмес. Өтө көп суроолор бар, кээ бир сөздөргө тилим барбай жатат", - деди депутат Абдалиев.

Депутат Шайлообек Атазов мындай программалар улуттун намысына шек келтирет деп, бул багытта бөлүнчү каражаттан баш тартууну сунуштады.

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

"Мындай жийиркеничтүү нерсени Жогорку Кеңеште талкуулаган, ушул жакка чейин алып чыккандардын бардыгын жоопко тартуу керек. Бул талкууну Манас ата, Исхак Раззаков, Касым Тыныстанов ж.б. мамлекетти кургандар кабырда кечирбей турган болуп жатат. 29 млн. эмес миллиард доллар болсо дагы эркек менен эркекти үйлөндүрө турган болсо бир тыйынга татыбайт. Кыргыз улутун курута турган, намысын тебелей турган программа киргизип жатасыздар. Ачка калсак дагы албай койсок болот", - деди эл өкүлү.

"ВИЧ жайылат жана балдар дарысыз калат"

Биз башында сүйлөшкөн Санжар эл аралык уюмдан каражат келбей калса, дарттын алдын алуу, ага каршы күрөшүү иштери токтоп калышы ыктымалдыгын айтып кооптонууда. Ал бул жагдай Кыргызстанга келчү дары-дармектердин сапатына дагы таасири тийиши мүмкүн деп тынчсызданып жатат.

Ал эми ВИЧ-инфекциясын баңгизат колдонуу учурунда ийне аркылуу жугузган Евгений Милюков эл аралык уюмдан жардам келбей калышын трагедия деп эсептейт.

"Бул жардамдын Кыргызстанга келбей калышы чын эле трагедия. Эмнеге дегенде ВИЧ оорулууларды коркуткан эң биринчи нерсе кургак учук. Мен өзүм эки жолу ушундай учурга кабылып, дарыланып чыккам. Кайра ошону башымдан өткөргүм келбейт. Адамдар дарыга кезекке тура баштайт. Айрамдары каза болот. Мунун көзгө көрүнгөн жакпаган бир жерин алып эле бир жактуу талкуулап, сындап жатышат. Мен талкуунун баарын угуп чыктым субтитрлери менен. Бул маселе Кыргызстанда бар экенин тана албайбыз да. Азыр өлкөдө ВИЧ-инфекциясын жубайлардын бири эле алып жүргөн үй-бүлөлөр көп. Дарынын жардамы менен жубайына жукпайт. Эми жардам келбей калса эмне болорун элестеткиле. Алар ичинен дүрбөлөңгө түшүп жатышат".

Жугуштуу дарттардын зыянын азайтуу боюнча программалардын “Өнөктөштөр түйүнү” ассоциациясы директору Айбар Султангазиев Глобалдык фонд бөлөт деген каражаттар кайда жумшаларын айтып берди:

"Бөлүнө турган каражаттын 12 миллиону жалаң сатып алууларга каралган. Эң көбү кургак учукту дарылоого дары-дармек алынат. Андай дарылар бизде жок. Бүгүнкү күндө ал дарыларды алганга өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Мамлекет чоң кишилерге дары-дармекти өзү ала баштаган, балдарга арналгандар жок. Ал болбосо ВИЧ менен ооруган балдар дарысыз калат. Мындан сырткары лабораторияны камсыз кылуу, жаңы жабдууларды алуу дагы ошол гранттарда каралган. Эгер бул каражат келбей калса 1-1,5 жылда лабораторияларда кургак учук, ВИЧти аныктаган изилдөө иштери токтойт. Тест, реагенттер ушул грантта каралган. Каражат келбесе, бюджеттен жылына 600 млн. сом бөлүнүп турушу керек".

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттар тобунун 28-апрелдеги биргелешкен отурумунда депутат Жылдыз Садырбаева аталган фонддон каражат алууга арыз мыйзам бузуу менен жазылганын, координациялык комитетте “кызыкчылыктар кагылышы” бар экенин айтып чыкты. Эдил Байсалов фонддун ишмердүүлүгү боюнча Кыргызстан тараптын координациялык кеңешинин курамы кайра каралып чыгарын билдирген.

Глобалдык фонд акчаны эмнеге берет?

СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы Африка өлкөсүнөн келген студенттен аныкталган. Алгачкы жылдары бул дарт чет элдик жарандардан гана табылып келсе, 1996-жылы биринчи жолу кыргызстандык жаран катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги 2020-2021-жылда канча кишиге кургак учук жукканын азырынча эсептеп бүтө элек. Коронавирус пандемиясы туберкулезду аныктоого тоскоол болгон.

Эки инфекциянын белгилери окшош болгондуктан, аныктоо татаалдашып кеткен.

ВИЧ/СПИД адамзат тукумуна оңбогондой доо кетирерин, ошондуктан аларды алдын алуу, дарылоо өтө кымбатка турарын 1990-жылдын соңунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк банк жана донорлор мойнуна алышкан.

2001-жылы БУУнун ошол кездеги баш катчысы Кофи Аннан Глобалдык фонд түзүүгө чакырып, ушул эле жылы БУУнун Башкы ассамблеясында фонд түзүлгөн. 2002-жылдан тартып ал фонддон ар кайсы өлкөлөргө миллиондогон суммадагы гранттар бөлүнө баштайт.

ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу 2004-жылы 1 млн. 599 миң 712 доллар бөлүнгөн.

Глобалдык фонддон келген каражатты 2010-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы - ПРООН аркылуу Республикалык СПИД борбору алып турган. Глобалдык фонд каржылаган программалардын бардыгын аткаруучу жана кабыл алуучу СПИД борбору менен Саламаттык сактоо департаменти болгон.

2011-жылы Глобалдык фонд Кыргызстанга грант берүүдөн баш тарткан. Буга грант алуучу уюмду тандоодогу ачыктыктын жоктугу себеп болгон.

Фонддун башкы инспекциясынын башкармалыгы өткөргөн аудитте Республикалык СПИД борборунун гранттык келишимди сактабагандыгы айтылып, документтештирүү, отчет бере албагандыгы жана Глобалдык фонддон каржыланган акчаны колдоно албаганы, баадагы айырма чоң болгону белгиленген.

Эми кыргыз өкмөтү ушул маселелерди жоюп, Глобалдык фонддон бөлүнгөн каражатты өз көзөмөлүнө алууга аракет жасап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG