Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

АКШ жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоого катышат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШ кедей өлкөлөрдүн коронавирустун вакцинасы менен камсыз кылууну көздөгөн COVAX долбооруна кошулат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) президент Жо Байдендин башкы медициналык кеңешчиси Энтони Фаучи кабардар кылды.

АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору доктор Фаучи 21-январда ДССУнун аткаруучу органына жасаган кайрылуусунда Кошмо Штаттар БУУнун бул агенттигинин мүчөсү бойдон каларын, COVID-19 пандемиясы же ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү өңдүү маселелерде көп тараптуу иш алып барарына ишендирди.

«Президент Байден АКШнын COVAX альянсына кошулуу жана COVID-19 илдетине каршы вакцинаны, тиешелүү изилдөөлөрдү, өндүрүштү алга жылдыруу, препараттарды тегиз бөлүштүрүү аракеттерине катышуу ниети камтылган токтомго кол койгону жатат», - деп билдирди америкалык башкы инфекционист.

Алдыңкы күнү Байден ант берүү аземинен кийин дароо кол койгон буйруктар арасында АКШнын ДССУдагы мүчөлүгүн сактап калууну караган документ да бар.

«Кошмо Штаттар уюм алдындагы финансылык милдеттенмелерди аткарууну көздөйт. АКШ уюм менен алака курууда бардык деңгээлдеги техникалык кызматташтыкты маанилүү деп эсептейт. Бул кызматташтыкты биз баалайбыз жана келечекте күчтөндүрүүнү көздөйбүз», - деп ишендирди Фаучи.

Ошондой эле Вашинтон реформалар үстүндө бардык 193 мүчө-мамлекет менен иштешерин кошумчалады: "Уюмга мүчө катары АКШ агенттикти күчтөндүрүү жана реформалоо, COVID-19 илдетин ооздуктоо багытында чогуу-чаран иш алып барууга жардам берүү, пандемиянын адамдарга, коомчулукка жана медицина системасына тийгизген кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө өнөктөштөр менен конструктивдүү аракеттенет".

Мурдагы президент ДССУну каржылоону токтотуп, агенттиктен чыгарын былтыр июлда жарыялаган. Трамп уюмду «Кытай менен сүйлөшүп алып, пандемия башталган учурда маалыматтарды жашырган» деп айыптаган. Уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус мындай дооматты четке каккан.

Вашинтондун пандемия күчөп турган маалда дүйнөлүк уюмдан чыгуусу коронавируска каршы күрөштүн жүрүшүн басаңдатуу коркунучун жараткан. Эмне дегенде Кошмо Штаттар бул уюмдун эң ири финансылык донору болуп саналат.

Фаучинин жогорудагы жарыясынан кийин Гебрейсус Глобалдык саламаттык сактоо жана уюм үчүн бул жакшы кабар экенин айтты:

«Кошмо Штаттардын глобалдык ролу абдан маанилүү. Президент Байденге жана вице-президент Харриске, Америка элине рахмат айтып, жылуу куттуктоолорду жолдойм. Президент Байден, өлкөнүн уюмдагы мүчөлүгүн сактап калуу үчүн сизге ыраазымын. COVAX долбооруна кошулуу ниетиңиз үчүн рахмат. Өткөн дүйшөмбүдө агенттиктин аткаруучу кеңешине кайрылып, быйылкы жылдын 100 күнүндө дүйнөнүн булуң-бурчунда медкызматкерлерди жана тобокел топко кирген башка адамдарды эмдөө үчүн биз бир үй-бүлөдөй иштешибиз керек деп айткам. Сиздердин чечим бизди ошол максатка бир кадамга жакындатты».

Евробиримдиктин атынан Австрия, Британия, Канада, Кения дана Түштүк Корея АКШ жаңы администрациясынын позициясын кубатташты.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму менен GAVI альянсы биргелешип жүргүзгөн COVAX долбоорунун алкагында жакыр өклөлөргө вакцина эмки айда жеткириле баштайт. Апта башында уюм вакцинанын ири бөлүгү бай мамлекеттерге агылып жатканына камтамасын билдирген.

Фаучи ошондой эле эл аралык эксперттердин Кытайдын Ухань шаарындагы миссиясы жүргүзгөн ишке кайрылды. Адистердин тобу 2019-жылдын декабрында коронавирустун алгачкы учурлары катталган шаарда өз иликтөөсүн жүргүзүп жатат. Фаучинин айтымында, иликтөө так жана олуттуу болушу керек.

XS
SM
MD
LG