Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Өзбекстанда саясий туткун кенемте сурады


Укук коргоочу Стив Свердлоу жана Чуян Мaматкулов. 2018-жыл.
Укук коргоочу Стив Свердлоу жана Чуян Мaматкулов. 2018-жыл.

Эгемендүү Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу сот мурдагы саясий туткундун материалдык жана моралдык зыяны үчүн мамлекеттен кенемте талап кылган талабын жарым-жартылай канааттандырды.

Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы офицери, укук коргоочу Чуян Маматкулов сотко арыз жазган.

«Саясий туткун» деп таанылган укук коргоочу 18-августта кылмыш иши толугу менен токтотулганын жүйө келтирип, бийликтен кенемте талап кылган.

Элүү жаштагы Маматкулов "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы менен болгон маегинде коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттен материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруп берүү талабы жарым-жартылай канааттандырылганын айткан.

«Ушул жылдын 12-августунда мен Кашкадарыя сотунун мыйзамсыз өкүмү менен 878 күн колонияда отуруп, андан кийин акталып чыкканыма байланыштуу мамлекеттен 500 миллион сум кенемте төлөп берүүнү талап кылып доо арыз жаздым. Бирок сот 60 миллион сум гана компенсацияны менин пайдама өндүргөн чечим чыгарды. Каржы министрлигинин Кашкадарыя аймактык башкармалыгынын өкүлүнүн айтымында, мамлекеттик казына коронавирус пандемиясынын кесепетинен жакырланып кетиптир. Бирок мен жогорку инстанцияларда кайрылууга ниеттенип жатам», - деди Чуян Маматкулов.

Ага акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим Европа Биримдиги жана расмий Ташкенттин Юстиция, ички иштер, адам укуктары жана ага байланыштуу маселелер боюнча кичи комитетинин 16-жыйынынан бир күн өткөндөн кийин кабыл алынган. Бирок сот өкмөттү укук коргоочуга 60 миллион сум, башкача айтканда 5800 доллар гана төлөп берүүгө милдеттендирген.

Чуян Маматкулов 2000-жылы Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнөн кызматтан бошотулган. 2004-жылы Адам укуктары коомунун Кашкадарыя облусундагы филиалына мүчө болуп катталган. 2005-жылы «Аскер кызматкерлеринин укуктарынын бузулушуна түздөн-түз жооп берет» деген жүйө менен ошол кездеги президент Ислам Каримовго каршы доо арыз жазган. 2012-жылдын 29-августунда камакка алынып, 2013-жылы он жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүнүн көбүн Каракалпакстан Автоном Республикасындагы шарты катаал «Жаслык» түрмөсүндө өткөргөн. Беш жылдан кийин Маматкулов абактан бошонуп, 2020-жылдын март айында ага козголгон кылмыш иши толугу менен токтотулган.

Өзбекстандагы мурдагы саясий туткун Элёр Турсунов да "адилетсиз өкүм" үчүн өкмөттөн 20 миң доллар кенемте талап кылууда. 34 жаштагы Турсунов 2013-жылы "терроризм", "конституциялык түзүлүшкө шек келтирген" жана "коомдук коопсуздукка шек келтирген" деп айыпталып, 17 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал ар дайым өзүн күнөөсүз экенин айтып келет. Турсунов быйыл 18-мартта ага коюлган бардык айыптар боюнча акталып чыккан. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына берген маегинде "Жаслык" колониясында көргөн кордугу жана кыйноолор тууралуу айтып берген.

"Улуттук коопсуздук кызматынын Кашкадарыя аймактык башкармалыгынын жана Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мени шылдыңдап, уруп-сабап, психикалык кыйноолорго дуушар болгом. Андан кийин мыйзамсыз түрдө кылмыш ишин козгоп, мени эркиндиктен ажыратышты", - деди Элёр Турсунов.

Ошондой болсо да эки мурунку саясий туткун Турсунов менен Маматкулов башынан өткөргөн азапты акча менен өлчөө мүмкүн эмес экенин билдиришкен. Алар эч кандай кенемте темир тор артында жоготкон жылдарын кайтарып бере албасын жана эркиндикти акча менен өлчөөгө болбосун айтууда.

Ал арада өзбек өкмөтү мурдагы туткундардын жашоосун кайрадан калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн азырынча кандайдыр бир конкреттүү колдоо көрсөтө элек. Көбүнесе адилетсиз соттолгон саясий туткундар акталган эмес. Мыйзам боюнча алар дагы деле кылмыш кылган деп эсептелет.

Ал эми эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстанда бошотулган саясий туткундарды реабилитациялоого жардам берүүгө жана алардын акыйкатсыз түрмөгө кесилишинин жана адам укуктарынын бузулушунун ордун кенемте менен толтурууга үндөштү. Анткени алардын көпчүлүгү түрмөдө отурганда ден соолугу начарлап, ушул күнгө чейин өнөкөт оорудан жана депрессиядан жапа чегип келет.

Эске салсак, Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин элүүдөн ашуун саясий туткун бошотулган. Алардын арасында өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун тушунда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган оппозициянын активисттери, журналисттер жана укук коргоочулар болгон.

Мындан тышкары, акыркы жылдары Өзбекстандын абактарынан “дин туткундары” бошотулган. Алардын көпчүлүгү терроризм жана экстремизмге катышы бар деген жалаа менен соттолгонуна карабай, бири да реабилитациядан өткөн эмес.

Президент Мирзиёевдин айтымында, тизмеден чыгарылгандардын ичинен 9500гө жакын адам жумушка орношкон. Президент облустук бийликтерге аларга жумуш табуу боюнча жардам берүүнү тапшырган.

Мирзиёевдин "Биз аларды тизмеден чыгардык, бирок аларды жалгыз калтыруу туура эмес", - деген сөзүнөн кийин мурдагы саясий туткундарга колдоо көрсөтүлүп жатабы же жокпу азырынча белгисиз.

Түштүк Калифорния университетинин Адам укуктары бөлүмүнүн профессору жана юрист Стив Свердлоу "Эркин Европа/ Азаттык" радиосуна Өзбекстандагы сот адилеттүүлүгү боюнча мындай пикирде.

"Эгерде өзбек бийлиги жарандык коомду репрессиялык башкарган акыркы отуз жыл жөнүндө акыйкат сүйлөшүүгө даяр болбосо, өкмөт киргизген болжолдуу реформалар туруктуу же келечекте ийгиликтүү болбойт. Турсунов менен Маматкулов дагы деле болсо "кудреттүү күч" кызматтары тарабынан абакта кандай азап көргөнүн соттук териштирүүдө айтып чыгышы көптөгөн өзбек жарандарынын үнү болуп саналат", - деди Стив Свердлоу.

Кокус расмий Ташкент Маматкулов менен Турсуновдун талаптарын толугу менен канааттандырса, анда кенемте боюнча көптөгөн ушул сыяктуу талаптарга кабылышы мүмкүн.

Өзбек бийлиги мындай кыйын абалга биринчи жолу кабылып жаткан жок.

Дүйнөдө саясий тутундардын кенемте боюнча талаптарын толугу менен канааттандырган мисалдар бар. 2014-жылы Чили өкмөтү Августо Пиночеттин аскердик бийлиги учурунда кармалган 30дай саясий туткунга 7,5 миллион долларга жакын кенемте төлөп берген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG