Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Абдуллаев Кыргызстанда кыйноого кабылганын айтты


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Бишкекте кармалып, Өзбекстанга өткөрүлүп берилген журналист Бобомурод Абдуллаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып чыкты.

Ал өзүнө ыдык көрсөткөн кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасына да кайрылды. Абдуллаевдин экстрадицияланышын айыптап жаткан адистер бул окуяны тыкыр иликтөөнү талап кылууда.

Ташкенттен жаңырган даттануу

Бобомурод Абдуллаев Кыргызстанда кыйноого кабылганын өзбек укук коргоо органдары аны үй камагына бошоткондон кийин айтып чыкты. Журналист «Настоящее время» телеканалына Ташкенттеги эжесинин үйүнөн берген маегинде ал окуя Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алгандын эртеси, 11-августта болгонун билдирди.

Анын белгилешинче, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетининин (УКМК) тергөөчүсү экстрадициялоо тууралуу токтомго кол койдурууга мажбурлаган. Аракети майнапсыз болгон соң Абдуллаев камерага которулган. Мына ошол жерде тергөө абагынын кызматкерлери журналистке башка ыкмада басым жасоого өтүшкөн. Алар анын кагазга кол коюсун тергөөчү менен атайын кызматтын тергөө абагынын жетекчиси талап кылып жатканын айтышкан.

«Мен таптакыр баш тартып жаттым. Аракеттери ийгиликсиз болгондуктан бир аз убакыттан кийин алар менин камерама киришип, үнүн катуу чыгарып, документке кол коюумду талап кыла башташты. Көлөмдүү келген бири мени темир керебетке жаткырып, жашыл cүлгү менен муунтуп кирди. Качам деп жатып керебеттердин ортосуна жыгылып түштүм. Кашымдын тушунан кан кетип, бетимди каптаганда камерадан чыгып кетишти», - деди ал.

Бобомурод Абдуллаев бул сыяктуу билдирүүсүн «Азаттыктын» өзбек кызматына берген маегинде да кайталап, анда ал тургай тергөөчүнүн аты-жөнү Равшан Токонов деп атаган.

Ушуга тушташ эле өзбекстандык журналист адвокаттары аркылуу ачык кайрылуу таратып, Кыргызстандын Башкы прокуратурасына даттануу жөнөттү.

Катында да ал өзүн кармаган атайын кызматтын өкүлдөрү адвокат менен байланыштырбай койгонун, чөнтөк телефонун күчтөп тартып алып, эч кандай протокол түзүлбөгөнүн, УКМКнын тергөө абагында адвокаттар менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин, тергөөчү аны адвокаттарсыз эле Өзбекстанга өткөрүү тууралуу документке кол койдурууга аракет кылганын, батири мыйзамсыз текшерилип, кол койдуруу үчүн тергөөчүлөрдүн бири өзүн сүлгү менен муунтканын, атайын кызматтын мыйзамсыз аркеттерине каршылык иретинде 12-15-августта ачкачылык жарыялаганын белгилеген.

Адвокаттар Башкы прокуратурадан Абдуллаевдин катын расмий арыз катары карап, анда жазылган фактыларды Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү ишин баштоону өтүнүп жатышат.

Абдуллаевдин Бишкектеги адвокаты Тимур Карабаев анын кардарынын каты башкы көзөмөл мекемесине 27-августта берилгенин билдирди.

«Биз ошондой тоскоолдук, мыйзам бузуулар, кыйноого алуу болгону тууралуу билдирмени расмий түрдө Башкы прокуратурага бергенбиз. Азырынча алардан эч кандай жооп ала элекпиз. Керек болсо биздин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүлөрүбүзгө да реакция болгон жок. Прокуратура менен УКМК дүлөй жана сокур болуп калгандай эле сезим калтырып жатышат. УКМКга жана анын кызматкерлери мыйзам бузууга барганы үчүн Башкы прокуратуранын баа берүүсүнө жетишүүгө аракет кылабыз. Бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоону да талап кылабыз», - деди ал.

«Фактыны парламент иликтеш керек»

Бул даттануу боюнча Башкы прокуратурага байланышканыбызда мекеменин басма сөз кызматкерлери маалымат такталгандан кийин кабар берилерин билдиришти.

УКМК да өзбекстандык журналисттин кайрылуусуна комментарий бере элек. «Азаттыктын» кабарчылары мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановго бир нече жолу чалып, байланыша алган жок.

Атайын кызмат Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. УКМК Абдуллаев 14 күндөн кийин, 22-августта Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

22-августта УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Өзбекстандык журналистти экстрадициялоодо Кыргызстандын мыйзамдары жана мамлекет аралык келишимдер сакталды. Өзбекстан Бобомурод Абдуллаевдин укуктары толук корголушуна, анын ичинде ага юридикалык колдоону камсыздоодон тартып, зарылчылык болсо, медициналык жардам көрсөтүү болоруна жана ага карата эч кандай кыйноо, ырайымсыз мамиле болбошуна кепилдик берди»​, - деп билдирген.

Кыргыз бийлиги Абдуллаев өз мекенине Минск конвенциясынын алкагында экстрадицияланганын түшүндүргөн.

Абдуллаев Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.

Абдуллаевдин адвокаттары ал Кыргызстандан качкын макамын суранып арыз бергенине карабай, атайын кызмат журналистти Өзбекстанга өткөрүп бергенин сынга алышкан. Көз карандысыз журналисттин Өзбекстанга экстрадицияланышын бир катар эл аралык уюмдар да айыпташкан.

Эми болсо анын кыйноого алынганы тууралуу жаңы факты чыгып отурат. Кыргызстандагы Кыйноону алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков арызды укук коргоо органдарынан сырткары Жогорку Кеңеш да иликтеши керек деп эсептейт.

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

«Кыргызстанда адам укугу сакталат деп ишенип кирген адамдар кайра кыйноого кабылышы мүмкүн деген мамлекеттерге өткөрүлүп берилгени биринчи учур эмес. Буга чейинки мисалдарды да билебиз, былтыр Муратбек Тунгышбаев аттуу казак активист Бишкекте кармалып, Казакстанга экстрадицияланган. Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги милдеттенмелери бар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясынын алкагында кабыл алынган кыйноого каршы факультативдик протокол да бар. Ошол протоколду кабыл алган мамлекет кимдир бирөө баш калка сурап кирген кезде ал адамды өзүнүн жарандуулугу бар мамлекет сураса жана ал барчу мамлекетте кыйноого кабылат деген шек болсо, аны өткөрүп бербеши керек. Биз ал протоколду таанып туруп, жанагындай кадамдарга барып жатабыз. Бул бизге ишенип келген адамдардын укугунун бузулушу. Эми Бобомурод Абдуллаев Кыргызстанда кыйноого кабылганын айтып жатат. Мен Кыйноону алдын алуу борборуна 19-августта жетекчи болуп келгем. Дароо биздин мекеме Абдуллаевдин кармалышына кандай аракеттерди көргөнүн тактаганымда, жабык жайларга ПЧР-анализ менен киргизип жаткандыктан, биздин кызматкерлер андан кабар ала алышпаптыр. Ошондуктан бул фактыны азыр тастыктап да, болгон эмес деп да айта албайм. Бирок жабырлануучу муну өзү ачык айтып жаткандан кийин фактыны биринчи кезекте биздин парламент атайын комиссия түзүп, териштирүүгө алышы керек. Андан кийин ошол эле кайрылуунун негизинде Башкы прокуратура иликтеп чыгып, тиешелүү баа бериши шарт », - деди.

Мурдараак журналистке Өзбекстандын укук коргоо органдары Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканы кабарланган.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан кайра кете албай калган.

Биринчи май райондук сотуна алып келишкен учурда ал өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан. Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал.

13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген жашыруун ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG