Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

"Уулжан деген атымды Бегимге өзгөртүп, жүктөн кутулдум"


"Уулжан элем, Бегим болдум". Ысымын өзгөрткөн келиндин окуясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Казакстандын борбору Астана шаарынын 31 жаштагы тургуну жакында атын өзгөрттү. Уулжан деген атын Бегим деп алмаштырган келин мурдагы аты менен кошо өзүнчө бир оор жүктөн арылгандай болгонун айтууда.

“Соңку кезде өзүм бир аз ачууланып, бул ысымдан тезирээк кутулсам экен дегендей абалда жүрдүм эле”, - дейт Астана шаарынын 31 жаштагы тургуну Бегим Досжан.

Анын кутулгусу келген аты Уулжан болчу. Бир топ жыл ойлонуп, акыры кутулганын айткан келиндин азыркы аты Бегим. Уулжан деген ысым менен кошо артылган жүк ал үчүн канчалык оор болгонун өзү эне болгондо гана түшүнгөнүн айтууда:

“Уул болсо экен деп тилеп ушундай ат коюшкандан кийин мен өзүмдү “уулдан да артыкмын, көрсөтөм силерге” деген сыяктуу көп нерсеге милдеттүүдөй сезер элем. Муну мен турмушка чыккандан кийин гана түшүндүм. Ошол кезге чейин эс алуу дегенди билбейт элем. Атымды Уулжан деп коюштубу, демек токтобой батарейка сымал иштеп...”

Уулжан үйдөгү беш кыздын кенжеси. Уул самаган ата-энеси ага ушундай ат беришкен. Бала кезинде өз атына анча маани бербеген келин эс тарткан сайын көбүрөөк ойлоно баштаган.

Казак коомунда артынан уул бала келсин деп кызына Уулжан, Уулболсун, Уулмекен деген сыяктуу ат койгон үй-бүлөлөр аз эмес. Статистика бюросунун маалыматына караганда, ысымы ошондой кыз-келиндер 16 миңдин тегерегинде.

“Орустар түшүнбөйт да. Таанышканда атыңдын мааниси кандай деп сурап калышкан учурда “мен үй-бүлөдөгү бешинчи кызмын” деп түшүндүрүп айткым келчү эмес эле, өзүмдөн өзүм уялып... Эркектей болсун эмес, эр жүрөк, мыкты болсун дегенди туюндурат дечүмүн. Кээде башкаларга, билген казактарга “уул төрөлбөгөндөн эмес, Абайдын апасындай болсун деп Уулжан деп аташкан деп жашырчумун... Күзгүдөн өзүмдү карасам, Бегим деген ат жараша тургандай сыяктанды”, - дейт ал.

Жаңы ат тандоо оңой болгон жок. Багым, Ханым деген аттарды караштырып көргөн каарманыбыз интернеттен Бегим деген атты көрүп, дароо жактырып калган:

“Кофеге буюртма бергенде атың жазылат эмеспи. Бегим деп жаздырдым. Күтүп отурдум. Жанымда кызым бар. “Бегим, кофеңиз даяр” деп айтып калышты. Ошол учурда ичимди кубулжуткан, толкундаткан сезимдер арбай түштү... Эми мен Уулжан эмесмин, атымда эркекке тийиштүү эч нерсе калган жок деп, кадимкидей, өзүмдү аял сезип, барып алдым. Өтө күчтүү сезимдер болду”.

7-декабрда Уулжан деген атынан баш тартып, Бегим деген ат менен күбөлүк алды. “Атымды ооштургандан кийин өзүм да өзгөргөндөй болдум” дейт каарманыбыз:

“Достык жана Маңгилик эл көчөлөрүнүн кесилиши. Тыгын. Машина коёрге жер жок. Бир кичине жер таап, ошол жакка коюп жатсам, күзөтчү: “Бул жерге койгонго болбойт, эмнеге коюп жатасың!” - деп кыйкыра баштады. Мен терезени ачып: “Саламатсызбы, ага, кыйкырбаңызчы, мен азыр кетем”, - дедим. Ал мага карап: “Кызым. Мына бул машинанын астына кой”, - деди. Мен өзүмө өзүм таң калдым. Мурунку Уулжан болсом, ошол жерде уруша кетмекмин деп ойлодум”.

Бегим Уулжан деген ат койгон үй-бүлөсүнө таарынбайт, ошол аты менен өткөн 30 жыл өмүрүнө да өкүнбөйт. Аты менен бирге артылган жүктүн, жоопкерчиликтин аркасы менен көп нерсеге жетишкенин айткан Бегим эч кимге эч нерсени далилдебей, жөн гана энелик бакытына батып жашагысы келет.

“Уулжан кечээги күн менен өмүр сүрүп келген болсо, Бегим бүгүнкү күн менен жашап жатат деп өзүмдү өзүм жубатам”, - дейт маектешибиз.

Уул тилеп, жаңы төрөлгөн кызына ушул сыяктуу ат койгон салт Кыргызстанда да бар.

Уулболсун же Уулжан деген кыз-келиндердин саны канча экени тууралуу маалымат жок, бирок 2019-жылы бул маселеге Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун CABAR долбоору кайрылып, кенен макала жарыялаган.

Анда психолог Мария Самсонова мындай ысым кыздын жашоосуна таасирин тийгизбей койбой турганын айтып берген. Адистин белгилешинче, ысымы эркек балдардын атына байланган кыздар үй-бүлөсү, ата-энеси аларды жерийт деп, кыз болуп төрөлүп калганы үчүн өзүн күнөөлүү сезген учурлар көп кездешет. Алар ичинен өзүн кемсинтип, психологиялык жактан кыйналып, ишенимдүү жүрө албай калышы ыктымал.

Социолог Рейна Артурова бара-бара мындай ат койгон учурлар азая баштагынан, бирок баары бир кыргыз коомчулугунда кызга караганда уулду көбүрөөк тилешерин билдирген.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдардын (50,7%) жана эркектердин (49,3%) саны дээрлик бирдей.

Казакстанда эркектер калктын 48,6%, аялдар 51,4% түзөт.

Соңку маалыматтарда 2023-жылдын 31-декабрында жана 2024-жылы 1-январда 276 бала төрөлгөн. Анын 143ү эркек бала, 133ү кыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG