Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Украина: кан күйгөн эки ай


Донецк аймагындагы украин аскери, 22-апрель 2022-жыл.
Донецк аймагындагы украин аскери, 22-апрель 2022-жыл.

Орусия Украинага басып киргенине эки ай болду. Жекшембиде православдардын Пасха майрамына карабастан орус күчтөрүнүн аткылоолору уланды. Ишембиде Одесса шаарындагы ракета соккусунан бир нече адамдын, анын ичинде 3 айлык ымыркайдын өмүрү кыйылды.

Жекшембиде Украинанын Киев баштаган шаарларында православдардын Пасха майрамы белгиленди. Буга карабастан Украинанын бир катар аймактарында орус күчтөрүнүн чабуулдары токтогон жок.

Украинанын армиясы 24-апрелде кабарлагандай, орус аскерлери чыгыштагы украин күчтөрүнүн позицияларына сокку урууну улантты жана Северодонецк, Курахово жана Попасная аймактарындагы чабуулдарын күчөттү.

"Азовсталга" сокку урулууда

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк орус армиясы Мариуполдогу украин күчтөрүнүн акыркы бастионуна айланган "Азовсталь" заводун тынымсыз аткылап жатканын жекшембиде билдирди.

Бул маалыматты заводду коргоп жаткан "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь да видео кайрылуусунда ырастады.

"Пасха майрамыңыздар менен! Бүгүн ыйык күн. Буга карабастан думшан бомба таштоону, кемедеги артиллериядан аткылоону улантууда. Ок атылып жатат, душмандын танктары жана жөө аскерлери чабуул коюуга аракеттенүүдө. Мен фронтто болосуңарбы, же үйдө болосуңарбы, ар бириңерди бул күндүн мааниси тууралуу ойлонууга чакырам. Согуштун 60-күнүндө ар бир адам материалдык байлык маанисиз экенин, өз балдарыңды кучактоого, сүйүктүү адамдарың менен баарлашууга жана жымжырттыктан ырахат алууга эч нерсе жетпей турганын түшүндү деп ойлойм", - деди Паламарь.

Киевдеги Пасха майрамы, 24-апрель 2022-жыл.
Киевдеги Пасха майрамы, 24-апрель 2022-жыл.

Мариуполдогу мындай кырдаал орус президенти Владимир Путиндин бир нече күн мурдагы билдирүүсүнө каршы келүүдө. 21-апрелде Путин "Азовсталга" чабуул коюуну токтотууну, бирок өндүрүштүк жайдын айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" буюрган болчу.

Ар кыл эсептерге ылайык, "Азовсталь" заводунда 1,5 миңден 3 миңге чейин украин аскери бар. Алардын көбү "Азов" полкунун жана 36-деңиз аскерлер бригадасында кызмат кылгандар. Мындан тышкары Мариуполдогу бул өндүрүштүк жайда жүздөгөн жайкын тургундар да баш калкалап жатканы кабарланууда.

Украин президенти Владимир Зеленский Пасхага карата Киевдеги София соборунан видео кайрылуу жолдоп, Украина согушту жеңип чыгарына ишенип турганын айтты жана Мариупол шаарындагы акыркы украин аскерлерин "каарман коргоочулар" деп атады.

"Биздин дубалдарды талкаласа болот. Бирок биздин аскерлерибиздин жана бүтүндөй өлкөнүн рухунун пайдубалын талкалоо мүмкүн эмес", - деди Зеленский.

Токтобогон чабуулдар, бейкүнөө курмандыктар

Дүйнөдөгү православдардын руханий лидери патриарх Варфоломей Пасхага карата жолдогон кайрылуусунда Орусияны Мариупол баштаган бир катар шаарларына гуманитардык коридор ачууга чакырды.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк да жекшембиде Твиттердеги билдирүүсүндө Москваны диний майрамга байланыштуу ок атууну токтотууга үндөдү. Бирок бир нече күн мурда Москва Киевдин мындай сунушун четке какканы кабарланган.

Орус күчтөрүнүн токтобогон аба соккуларынан жекшемби күнү Донецк облусунун Очеретино шаарчасында 5 жана 14 жаштагы эки кыз курман болгону ырасталды. Донецкинин губернатору Павел Кириленко Телеграм каналына жазгандай, өспүрүм кыздар жашаган имарат орус армиясынын артиллериялык аткылоосуна кабылган.

Ишемби күнү орус тарап Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарындагы жайкын тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө да ракетадан сокку урган. Андан каза тапкан 8 кишинин арасында 3 айлык ымыркай, анын апасы жана таенеси бар.

Украин медиасы ымыркайдын аты Кира жана анын апасынын ысымы Валерия Глодан экенин жазып жатат.

"Үч айлык ымыркайды өлтүрүштү. Согуш бул ымыркай бир ай кезинде башталган. Элестетип жатасыңарбы? Эмне болуп жатат? Сасыган бейбаштар. Аларды башкача кантип атасак болот? Башка сөз жок", - деп билдирди ишемби күнү украин президенти Зеленский.

Одессадагы орус ракетасы тийген көп кабаттуу үй.
Одессадагы орус ракетасы тийген көп кабаттуу үй.

Украинанын Башкы прокуратурасы 24-апрелде билдиргендей, Орусия басып киргенден бери өлкөдө кеминде 213 өспүрүмдүн өмүрү кыйылды жана согуштан 389 бала жаракат алды.

Орус бийлиги Украинада жайкын тургундарга ок атканын моюнуна албай келет. Маселен Орусиянын Коргоо министрлиги Одессага сокку урганын ырастаганы менен бул шаарда "АКШ менен Европадан келген" курал-жарактар сакталган кампа жана транспорт станциясы гана бутага алынганын билдирди. Министрлик жекшембиге караган түнү да Украинада чабуулдарын улантканын бышыктады.

"Ракеталык күчтөр жана артиллерия аркылуу түндө 423 тапшырма аткарылды", - деди министрликтин өкүлү Игорь Конашенков.

АКШ жетекчилери Киевге жол тартууда

Ал арада Кошмо Штаттардын жогорку расмий жетекчилери Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу Киевге бара жатканы кабарланууда. Украин президенти Владимир Зеленский 23-апрелдеги видео кайрылуусунда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин менен Киевде сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айткан.

"Эртең америкалык өнөктөштөр менен маанилүү сүйлөшүүлөр бар", - деп билдирген Зеленский .

Ак үй Блинкен менен Остиндин сапары тууралуу маалымат берген жок. Мамлекеттик департамент менен Пентагон комментарий берүүдөн баш тартты.

Эгер бул сапар ишке ашса, анда согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага Американын эң жогорку даражалуу өкүлдөрү барган болот. Зеленский Киевдеги бул сүйлөшүүлөрдөн курал-жаракка байланыштуу конкреттүү жыйынтыкты күтүп жатканын белгиледи.

Буга чейин Киевге Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жаан британ премьер-министри Борис Жонсон баштаган бир катар европалык саясатчылар жана дипломаттар барып кеткен.

Майнапсыз сүйлөшүүлөр

Орусия Украинага кол салгандан бери туура эки ай өтсө да сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Узап бараткан аптада Москва Киевге тынчтык келишиминин вариантын жөнөткөнү кабарланган. Бирок анын чоо-жайы ачыкка чыккан эмес.

Украина өз вариантын 29-мартта эки тараптын Стамбулдагы жолугушуусунда берген. Ага ылайык, Украина НАТОго кирүүдөн баш тартат, өзөктүк курал менен алектенүүдөн карманат.

Мариупол шаарындагы согуштун курмандыктары. 15-апрель, 2022-жыл.
Мариупол шаарындагы согуштун курмандыктары. 15-апрель, 2022-жыл.

Украинанын коопсуздугун кепилдей турган документке Орусиядан сырткары Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Франция, Канада, Италия, Польша жана Израил да кошо кол коюшу керектиги белгиленген.

Ошондой эле Крым менен Севастополдун макамдары тууралуу сүйлөшүүлөр алдыдагы 15 жыл ичинде чечилиши керек, ал эми жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк менен Луганск райондорунун макамы украин президенти Владимир Зеленскийдин жана орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда гана талкууланышы шарт экени айтылган.

Украин президенти Зеленский ишемби күнү Киевдин метросунда журналисттердин суроолоруна жооп берип, эгер Орусия Мариуполдогу украин элин жок кыла турган болсо жана "псевдо-республикаларда" "псевдо-референдумдарды" өткөрө турган болсо, анда Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетерин белгиледи.

Буга чейин украин бийлиги орус күчтөрү Херсон облусунунун Украинадан бөлүнүшү тууралуу референдум өткөрүүнү көздөп жатканын эскертишкен.

22-апрелде Орусиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысынын милдетин аткаруучу Рустам Миннекаев орус күчтөрү Украинанын түштүгүнө жана чыгыш тарабындагы Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орноткусу келерин билдирген. Анын айтымында, орус тарап аннексияланган Крым жарым аралына жана Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атаган орусиячыл жикчил аймакка кургактык аркылуу коридор ачууну көздөйт.

Орусиянын күчтөрү март айынын соңу жана апрель айынын башы менен Украинанын түндүгүндөгү аймактардан чыгып кетип, соңку жумаларда чыгыштагы Донбасс аймагында чабуулдарын күчөттү.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG