Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Донбасстагы салгылаш, дүйнөдөгү азык-түлүк кризиси


Мариупол шаары. 17-апрель, 2022-жыл.
Мариупол шаары. 17-апрель, 2022-жыл.

Орус армиясы Украина чыгышында "агрессивдүү аракеттерин" баштады. Украинанын жергиликтүү маалымат каражаттары 19-апрелде өлкө чыгышындагы Марьинка, Славянск жана Краматорск шаарларында катуу аткылоолор болгонун жазды.

Орусиялык аскер күчтөрү Мариуполду толук көзөмөлдөп жатканын билдиргени менен украин тарап маалыматты четке кагууда. Владимир Путин Бучадагы согуш кылмыштарына айыпталып жаткан батальонго ардактуу сыйлык ыйгарды.

Украин президенти Владимир Зеленский "Орусия Донбасс үчүн салгылашууну баштаганын" билдирди. Ал бүтүндөй мамлекеттин келечеги үчүн тикесинен тик турган украин коргоочуларына ыраазычылык айтты.

"Канча аскерин киргизбесин, биз аларга каршы согушабыз. Биз күнүгө коргонобуз. Украиндердин эч нерсесин бербейбиз. Башкалардыкын да албайбыз".

19-апрелде Орусиянын коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде орус армиясы 1260 обьектти бутага алып, бир украин учагын атып түшүрдү. Бул маалыматтар канчалык чын экенин согуш маалында ырастоо мүмкүн эмес.

Дүйшөмбүдө Львов шаарына жасалган орус аскерлеринин соккусунан жети киши курман болуп, ондон ашуун адам жаракат алган. Андан тышкары качкындар жайгашкан мейманкана да катуу жабыркаганын облус губернатору Максим Козицкий ырастаган.

New York Times басылмасы аскердик аналитиктерге таянып, украин чыгышындагы окуяларды мындан дагы ири чабуулга даярдык катары сүрөттөдү.

Орус аскерлери Мариуполду бүтүндөй көзөмөлдөп жатканын билдиргени менен украиндер "Азовсталь" заводу "Азов" батальонунун карамагында экенин ырастоодо.

Мариуполдун шаардык кеңешинин маалыматына ылайык, кеминде миңдей жайкын тургун "Азовсталь" заводунун алдындагы жер төлөлөрдө жашырынып отурушат. Буга чейин аскердик эксперттер Орусия Донбассты 9-майга чейин алып, ал жакта Жеңиш майрамын пландоону көздөп жатат деп болжогон.

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин 18-апрелде Бучада согуш кылмыштарына барган деп айыпталып жаткан бригадага ардактуу наам ыйгарды.

Украинанын коргоо министрлиги бул бригаданы Бучаны карамагына алганда адамзатка каршы согуш кылмыштарына барган деп айыптаган. Москва бул маалыматтарды четке кагып, көчөдө аркы-терки жаткан адамдардын сөөктөрүн фейк деп атаган.

Глобалдык азык-түлүк кризиси

Украинадагы айыл-чарба аянттарынын 30% согуштан жабыркады. Бул тууралуу 18-апрелде Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялаган башкармалыгы билдирди.

"Уланып жаткан согуштук аракеттер глобалдык азык-түлүк алааматына кептеши мүмкүн. Анткени, азык-түлүк кризиси башталган 55 мамлекеттин 36сы Украина менен Орусиянын экспортунан көз каранды",-деп билдирет башкармалык.

Буга чейин мекеме Орусия менен Украинага дүйнөдөгү буудай менен арпанын 30%, жүгөрү менен күн карама майынын бештен бир бөлүгү туура келерин билдирген.

Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл-чарба башкармалыгы 8-апрелге карата маалыматында быйыл азык-түлүккө баа былтыркыга салыштырмалуу 34% көтөрүлгөнүн билдирген.

Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш 14-апрелде жасаган билдирүүсүндө Украинадагы согуш дүйнөдөгү 1,7 миллиард адамды жакырчылык, ачарчылыкка туш болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG