Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Украинага согуш тактикасын өзгөртүү сунушталды


Украин аскери "Богдана" гаубицасы менен Бахмуттагы орус аскерлеринин турумдарына сокку уруп жатат. 5-июль, 2023-жыл.
Украин аскери "Богдана" гаубицасы менен Бахмуттагы орус аскерлеринин турумдарына сокку уруп жатат. 5-июль, 2023-жыл.

Америкалык расмий өкүлдөр Киев контрчабуулдун тактикасын өзгөртпөсө, алдыга жылыш болбойт деп эсептешет.

Бул тууралуу өз булактарына таянып The New York Times басылмасы жазды. Алардын пикиринде, украин бийлиги аскерлерин бир багытка топтобой түштүккө жана чыгышка чачыратып салышы тоскоолдук жаратууда.

Бир күн мурда украин армиясы Работино айылына киргенин жарыялаган.

Украинанын күчтөрү 22-августта Запорожье облусундагы Работино айылын орус күчтөрүнөн бошотконун жарыялашты.

Интернетке жарыяланган видеолордо жергиликтүү тургундар жоокерлерди көзүнө жаш алып тосуп жатканын көрүүгө болот.

Аскерлер айылдын жашоочуларын коопсуз аймакка көчүрүштү, анткени орус армиясы аймакты артиллериядан аткылоону улантууда.

Работино Мелитополго бараткан стратегиялык жолдо жайгашкан. Бул айыл үчүн кармаш контрчабуул башталган июнь айынан бери жүрүп жаткан.

"Крымдын дарбазасы" деген атка конгон Мелитополду орус күчтөрү былтыр мартта басып алган. Украин армиясы бул шаарды өз карамагына алса, Орусия менен аннексияланган Крымды жерден байланыштырган жолду жабууга шарт түзүлмөк.

23-августта украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы армия Мелитополь багытында контрчабуулду улантып жатканын билдирди.

Украин аскери орус күчтөрүнөн бошотулган Работино айылынын тургуну менен учурашып жатат. 22-август, 2023-жыл.
Украин аскери орус күчтөрүнөн бошотулган Работино айылынын тургуну менен учурашып жатат. 22-август, 2023-жыл.

"Украин армиясы чачыранды болууда"

Анткен менен Батыш маалымат каражаттары контрчабуулга сынчыл баа берген макалаларды катары менен жарыялашты.

Маселен, The Wall Street Journal басылмасы Орусия Харьков облусунун Купянск районундагы күчтөрүн бекемдегенине көңүл бурган. Муну менен контрчабуулдун негизги багыты саналган түштүк фронттон украин армиясы артка сүрүлгөнү белгиленет.

The Washington Post АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматына таянып, америкалык жана европалык саясатчылар Украинаны "канча керек болсо, ошончо колдой турганын" айтканы менен, көшөгө артында Киевдин контрчабуулдагы ийгиликтерине анча ишенбей турганын жазган.

Андан мурда ушул эле басылма сынчыл маанайдагы дагы бир материал жарыялаган.

Авторлор Украина азыркы контрчабуулдун башкы максатына, тактап айтканда, Мелитополго жетип, Орусия менен аннексияланган Крымды кургактан байланыштырган жолду жаба аларынан күмөн санашат.

Америкалык The New York Times басылмасы 22-августта жарыялаган макаласында америкалык расмий адамдарга шилтеме жасап, Украинанын аскерлери күч-кубатын туура эмес жактарга топтоп алганына көңүл бурган.

Басылманын булактары украин армиясынын жетекчилиги бардык күчтү жана көңүлдү бир багытка топтобостон, аскерлерди чыгыш менен түштүккө тең бөлүп салып, чачыранды болуп жатканын белгилешкен.

Алардын айтымында, ушул тапта чыгыштагы Бахмут жана башка шаарлардын тегерегине Мелитополь менен Запорожьеге караганда көбүрөөк аскерлер жөнөтүлгөн.

Америкалык аткарминерлердин эсебинде тактиканы өзгөртүү менен гана контрчабуулдун ыргагын өзгөртсө болот.

Басылманын жазышынча, 10-августтагы видеоконференцияда АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынын башчысы, генерал Марк Милли, анын британиялык кызматташы Тони Радакин, АКШнын Европадагы күчтөрүнүн башкы командачысы Кристофер Каволи Украинанын жогорку даражалуу командачысы Валерий Залужныйга башкы фронтко, түштүккө болгон күч-аракетин жумшоого чакырышкан. Бул сунушка, видеоконференцияга күбө болгондор белгилегендей, Залужный макул болгон.

Ал эми "Америкалык согушту иликтөө институту" украин куралдуу күчтөрүнүн аракеттерине азырынча баа берүүгө эрте экенин белгиледи.

Британиялык SkyNews басылмасынын аскердик эксперттери дагы украин армиясы кыйла эле алдыга жыла алышы мүмкүн экенине ишенишет. Алардын айтымында, украин аскерлери азырынча орус коргонуусунун биринчи баскычы - мина талааларынан өтүп жатат. Эгер андан ийгиликтүү өтүп алышса эле "орус коргонуусунун таш-талканы чыгат" дешет эксперттер.

"Украинадан тез ийгиликке жетүүнү талап кылбоо керек"

Ал эми дагы бир аскердик эксперт, Италиянын мурдагы коргоо министри Жампаоло Ди Паола "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун грузин кызматына курган маегинде контрчабуул жайлаган сайын Батыш мамлекеттеринде согуштан "чарчоо" тобокелдиги жогорулап баратканын белгилеген.

"Азыр кандай болорун эч ким так айта албайт. Контрчабуул НАТО боюнча өнөктөштөр күткөндөй тездик менен жүргөн жок. Азыр биз оор фазага өтүп баратабыз. Анткени эң башкы ийгиликтерге мына ушул кыска убакытта жетишилиши мүмкүн, андан ары жаан, суук башталат. Контрчабуулдун ыргагы жай. Украиналыктар баары план менен ишке ашып жатканын айтышууда. Канчалык чын экенин айта албайм. Болгону Украина душмандан демилгени тартып алды. Учурда кайсы баскычта экенин, эмнени утканын же жоготконун аныктоо үчүн дагы бир-эки ай керек", - дейт Паола.

Британиялык генерал Ричард Бэрронс Би-би-сиге курган маегинде Украинадагы согуштун токтошунун үч альтернативдүү вариантын сунуштаган.

Биринчиси - Украинанын мындан аркы күрөштөн баш тартуусу. Бирок ал бул эң жаман чечим болорун жана Киев буга барбайт деген ишенимде экенин кошумчалаган.

Экинчиси - убактылуу ок атышууну токтотууну жарыялоо.

Генералдын эсебинде, тыныгуу маалында эки тарап тең күч топтоп алат дагы, мындан да айыгышкан салгылашка киришет.

Үчүнчү вариант - Украинадан согуш талаасында тезирээк ийгиликке жетүүнү талап кылбоо.

Генералдын эсебинде украин куралдуу күчтөрү фронтто орус армиясына кысым жасап, кышкы суукка карабай күрөштү уланта бериши керек. Ошол эле маалда Украина аскердик күч-кубатын Батыштын колдоосу менен өнүктүрүп, быйыл болбосо эмдиги жылы жеңишке жетүүгө аракет кылышы абзел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG