Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Украина: Бир нече аймакка сокку урулду, АКШ 200 млн долларлык жардам бөлдү


Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Украинанын Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады. Анда бери дегенде үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алганы кабарланды.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Ал эми АКШ Украинага 200 миллион долларлык кошумча аскердик жардам бөлдү. Бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар экени айтылууда.


Украинанын батышындагы Волын облусунун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Погуляйконун билдиришинче, өнөр жай ишканасына канаттуу эки ракета тийди жана анда үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды. Имарат жарым-жартылай талкаланды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой ракеталардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн, айрымдары үйлөргө тийгенин билдирди. Ал ошондой эле бала бакчалардын бири зыянга учураганын, жараат алгандар болбогонун кабарлады.

"Эки саат мурун ушул жерде бала бакчанын аянтчасы бар болчу. Ракета түз эле аянтчага тийди. Азыр тереңдиги тогуз метр. Ал тургай анын түбүндө ракетанын калдыктары жатат. Бала бакча талкаланды, үстүңкү кабаттары күйдү", - деди шаар мэри Садовой.

Анын ырасташынча, соңку чабуулда жүздөн ашык имарат жабыркап, терезелер талкаланды. Жарадар болгон төрт адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин сөзүнө караганда, ракеталардын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине жана калктуу эки конушка түштү. Бир канча адам жеңил жараат алды жана 20 чактыдай жер там жабыркады.

Ал эми Днепр облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулда өнөр жай ишканасынын жана спорт комплексинин имараты жабыркаганын билдирди. Анда эки адам жараат алганы айтылууда.

Шейшембинин таңында Хмельницк облусунда абадан коргоочу система иштеди. Баштапкы маалыматка ылайык, чабуулда жараат алгандар болгон жок.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, шейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлдү.

Москва бул чабуулдарга байланыштуу комментарий бере элек.

Германиянын каржы министри Кристиан Линднер 14-августта Киевге барды. Ал Украинанын бийликтери менен "конкреттүү" сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айтып, Германия согуш башталгандан бери Киевге 22 миллиард евро гуманитардык, каржылык жана аскердик жардам бергенин кошумчалады.

Ошондой эле Линднер Украинага 500 чакырымга чейинки алыстыкка уча алган Taurus канаттуу ракеталарын берүүнү колдоорун билдирди.

"Бизде Taurus ракетасына байланыштуу атайын процедуралар бар. Андыктан биз союздаштарыбыздын арасында, анын ичинде "Рамштайн" форматында ыкчам эмне жардам керек экенин так карап жатабыз. Мен бул маселе тез арада чечилет деген үмүттөмүн", - деди германиялык аткаминер.

Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат.
Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат.

Белгилей кетсек, украин президенти Владимир Зеленский бул ракеталар тууралуу быйыл май айында Берлинде немис канцлери Олаф Щольц менен жолукканда талкуулаган. Бирок азырынча Киев канча ракета сураганы белгисиз.

Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, немис коргоо күчтөрү үчүн мындан он жыл мурда 600 ракета алынган жана учурда 150сү экспортко даяр.

Ал тапта 14-августта Кошмо Штаттар Украинага 200 миллион долларга бааланган жаңы аскердик жардамын жарыялады. Пентагондун маалыматына ылайык, бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар.

"Орусия согушту баштады жана Украинадан өз аскерлерин чыгарып кетип, катаал чабуулдарын токтотуу менен бул согушту каалаган учурда соңуна чыгара алат. Ага чейин АКШ, биздин өнөктөштөр жана союздаштар канчага чейин зарыл болсо, ошого чейин Украина менен бирге турат", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Бул 2021-жылдын август айынан бери АКШ Украинага жөнөткөн аскердик жардамдын 44-топтому. Буга чейин Кошмо Штаттар Украинага 43 миллиард долларлык жардам көрсөткөн. Акыркы жолу, июль айында Вашингтон Киевге 400 миллион долларга бааланган аскердик жардам жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG