Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

Украинадагы кырдаал: Путин журналистке орой жооп берди


Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-декабрь, 2021-жыл. Москва
Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-декабрь, 2021-жыл. Москва

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бул жолку жыйын Украинага жакын аймакта миңдеген орусиялык аскерлер топтолуп, Батыш менен Киевдин кооптонуусун жаратып жаткан маалга туш келди.

"Мага токтоосуз кепилдик бергиле"

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштан "токтоосуз" коопсуздук кепилдигин талап кылды. Ал 23-декабрда жылдык маалымат жыйында британиялык Sky News телеканалынын журналистинин "Сиз Украинага кол салбайбыз деп жатасыз, кепилдик бере аласызбы?" деген суроосуна "эмне АКШнын жанына ракеталарды биз жайгаштырып жатыптырбызы? Алар биздин босогобузда турушат. Бизге сүйлөшүүлөр эмес, жыйынтыгы маанилүү. НАТО чыгышка карай кеңейбейт деп сөз беришкен. Бирок бизди алдап кетишти. Силер менден кепилдик талап кылып атасыңар. Силер мага кепилдик беришиңер керек, токтоосуз, азыр",-деп Путин ороңдоп, журналистке бир тийди.

Орус президенти Америка жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү Румыния менен Польшанын аймагына соңку жылдары жайгаштырган ракетага каршы Aegis Ashore системалары тууралуу айтып жаткан сыяктуу.

Вашингтон бул системалар Ирандан туулган коркунучтардан Европаны коргоо үчүн зарыл экенин айтып, орусиялыктардын арсеналына каршы тура албастыгын билдирип келет. Путин кийинки жылдын башында АКШ жана башка батыш мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр болорун кыйытты.

Америкалык жана орусиялык дипломаттар жаңы жылдын башында Женевада жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулоону көздөп жатышат.

Соңку жумаларда АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер жайгашканы боюнча кооптонуп, коңгуроо кагып жатышат. АКШнын расмий бийлиги Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин билдирген.

Путин буга чейин согушту каалабай турганын, бирок кокус куралдуу кагылышуулар башталып кетсе, бул үчүн Киев менен Батыш жооптуу болоорун айтып келет.

Буга чейин Орусия АКШга жана НАТОго "коопсуздук кепилдигинин" өз вариантын сунуш кылган. Ал келишимдин долбоорунда аскердик альянс "Украина жана башка мамлекеттерди кошпой, Украина, Кавказ жана Борбор Азияда аскердик аракеттерге барбай жана чек арага жакын аймактарда машыгууларды өткөрбөшү керек" деп жазылган.

АКШ Орусиянын сунуштарын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап, январь айында Москва менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирген. Американын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Карен Донфрид 20-декабрда жасаган билдирүүсүндө Орусиянын айрым талаптары акылга сыйбастыгын жана Москва муну жакшы билерин айткан.

Орусия 2014-жылы Украинага караштуу Крым жарым аралын басып алган. Андан кийин Москва Украинанын чыгышындагы өкмөткө каршы күрөшкөн жикчилдерге жардам бере баштаган. Өлкө чыгышындагы куралдуу кагылышуулар андан бери 13 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.

Путин Навальныйдын ысымын атаган жок

Путин камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тууралуу "Би-Би-Синин" суроосуна жооп берип жатып, чет мамлекеттер анын ууландырылышы тууралуу эч кандай далил жибере алышпаганын айтты. Ал адаттагыдай Навальныйдын ысымын атаган жок.

"Бир да материал жок. Муну кантип түшүндүрсө болот. "Новичок" дейби же эмне? Биз расмий кайрылып, ууландыруунун далилин сурадык. Кылмыш ишин козгоого негиз бергиле дедик. Нөл! Ошондуктан бул бетти барактап, кылмыш ишке барып, саясий ишмердүүлүккө жамынгандын кереги жок",- деди Путин.

Навальный "Новичок" деген зат менен ууландырылганын Франция, Германия жана Швециянын эксперттери ар бири өз алдынча аныкташкан. Ошондой эле The Insider, Bellingcat, CNN сыяктуу басылмалар Навальныйдын көзүн тазалоо аракетинин артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына катышы бар адамдар турганын иликтеп чыгышкан. Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчыны ууландырууга тиешеси жок экенин кайталап келет.

"Түрмөдөгү кыйноолор Орусиянын эле көйгөйү эмес"

Белгилүү алып баруучу Ксения Собчак Путинге жакында эле ачыкталган түрмөлөрдөгү кыйноолор тууралуу суроо берип, президенттин буга карата мамилесин сурады.

Мамлекет башчы "жабык жайлардагы кыйноолор жана катаал мамилелер" бир гана Орусиянын эмес, "бүткүл дүйнөнүн көйгөйү" деп жооп берди. Бул багытта чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Түрмөдөгү кыйноолор тууралуу ачык айтып чыккан gulagu-net.ru порталынын негиздөөчүсү Владимир Осечкин Путиндин жообу тууралуу "Би-Би-Сиге" комментарий берип жатып, президент бул суроого даяр болбогондой көрүнгөнүн айтты.

"Ал жүйөлүү эч нерсе айта алган жок. Сөздү буруп атты",-деди Осечкин.

"Чет элдик агенттер" тууралуу...

"Чет элдик агенттер" тууралуу суроого жооп берип жатып бул мыйзамды алгач АКШда ойлоп табышканын, Орусияда Америкага караганда мыйзам кыйла жеңилирээк экенин айтты.

Чындыгында, эки мамлекеттин мыйзамындагы айырмачылыктар асман менен жердей экени буга чейин айтылган.

Орусияда 2021-жылы ондогон уюмдар жана адамдар "чет элдик агент" деп табылып, ишмердүүлүгү чектелип, айып пул салынды. Эл аралык жана жергиликтүү активисттер Кремлди "чет элдик агенттер" деген мыйзамды бийликке каршы чыккандардын үнүн басып, куугунтуктоо үчүн колдонуп жатканы үчүн сындап келишет.

Политковская жана Немцов тууралуу

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын быйылкы лауреаты, "Новая газета" басылмасынын редактору Дмитрий Муратов 2021-жыл орусиялык журналисттер үчүн "болуп көрбөгөндөй начар жыл" болгонун айткан. Быйыл "Новая газетанын" журналисттери Путиндин маалымат жыйынына пандемиянын шылтоосу менен чакырылган эмес. Ошентсе да Муратовдун атынан "Эхо Москвы" радиосунун журналисти суроо берүүгө үлгүрдү.

"Политковская менен Немцовду өлтүргөндөр тууралуу сизге эмне маалым?" деген суроого Путин "Мен кылмыш иштеринин бетин ачуу үчүн бардык аракетимди көрдүм. Соттолгондордун баары түрмөдө. Алар бейкүнөө экени, буйрук берген адамдар жашырынып жүргөнү тууралуу пикирлер бар. Бирок тергөө органдары бул тууралуу эч нерсе билишпейт",-деп жооп берди.

Владимир Путинден ошондой эле кийинки президенттик мөөнөткө баруу ниети тууралуу сурашты. Ал азыр аны ойлонууга убактысы жок экенин айтты.

Путиндин бул жолку жылдык маалымат жыйыны төрт саатка жакын убакытка созулду. Былтыркысы төрт жарым сааттан ашкан. Бул жолу жыйынга 500дөй жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналист катышты. Аларга беткап таратылып, кире бериште тазалоочу каражаттарды чачып турушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG