Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

АКШ дипломаттарын Киевден чыгарууда


Украина. Кара деңиздеги франциялык кеме. 24-декабрь, 2021-жыл.
Украина. Кара деңиздеги франциялык кеме. 24-декабрь, 2021-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын аскердик аракеттеринен чочулап, Киевдеги элчиликте иштеген дипломаттардын үй-бүлөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады. Өткөн күздөн бери Орусиянын Украинага ыктымал басып кирүүсү тынчсыздандырып, Москва менен Батыштын мамилелери ого бетер начарлап кетти.

Көптөгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. НАТО чыгыш флангына кошумча учак менен кемелерин жөнөттү. Орусия агрессия планы жоктугун айтып жатат.

Мамлекеттик департамент ошондой эле украин жергесинде жүргөн жарандарына коммерциялык рейстер менен кетүүнү, Орусияга барбай турууну сунуш кылды. Бир катар кабар агенттиктери тышкы саясий мекеменин билдирүүсүн таратышты.

“Орусия Украинага каршы масштабдуу аскердик аракет пландап жатат деген маалыматтар бар. Украина менен чек ара тилкесинде, Орусия оккупациялаган Крымда жана Орусия көзөмөлдөгөн Украинанын чыгышындагы коопсуздук шарттары чукул өзгөрүп, начарлап кетиши ыктымал”.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Орусия украин аймагына “кайсы убакытта болбосун” басып кириши мүмкүн экенин, анда Вашингтон өз жарандарын эвакуация кыла албай каларын айтты.

АКШнын Киевдеги элчилиги. Иллюстрациялык сүрөт
АКШнын Киевдеги элчилиги. Иллюстрациялык сүрөт

Ошол эле маалда америкалык тышкы саясий мекеме мындай чечим кабыл алууга кайсы окуя түрткү болгонун тактаган жок. Дипломат "сактык чаралары биздин Украинага көргөзүп келаткан колдообузга көлөкө түшүрбөйт” деп ишендирди.

Мамдепартаменттин артынан, 24-январда британ Тышкы иштер министрлиги Орусия тараптан жаралган коркунучтан улам Украинадагы элчиликте иштеген айрым кызматкерлер менен жакындарын чыгарып жатканын билдирди.

Эки өлкөнүн элчиликтери тең ачык экенин, “эң зарыл иштерди” улантып жатканын маалымдады.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чечимин «ашыкча этияттык» деп сыпаттады. Мекеменин басма сөз катчысы Олег Николенко мындай абалда кымгуутка түшпөй, салкын кандуулукту сактоо керектигин белгиледи.

“Орусия федерациясы Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүү аракетин көрүп жатат. Медиа украиналыктар жана чет өлкөлүктөр арасында дүрбөлөң жаратуу үчүн жалган, бурмаланган маалымат таратууда”.

Ал эми Еврошаркеттин өлкөлөрү өз дипломаттарын чыгарууну пландабаганын биримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел билдирди:

"Блинкен дипломаттарга тиешелүү жарыянын себебин түшүндүрөр. Биз алардын артынан андай кадамга барбайбыз, эмнеге дегенде, себебин билбейбиз. Бирок мамкатчы Блинкен бизди кабардар кылат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда, менимче, абалды драмалаштыруунун кереги жок. Украинадан чыгып кетпешибиз керек".

Шаркет ошондой эле Киевге 1,2 миллиард евро жардам берилерин жарыялады.

Нидерланд аба күчтөрүнүн учагы
Нидерланд аба күчтөрүнүн учагы

НАТО өз күчтөрүн даярдыкка келтиргенин, чыгыш Европага кошумча тик учактар менен согуштук кемелерди жөнөтүп жатканын кабарлады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва менен Вашингтондун башкы дипломаттары чыңалууну басаңдатуунун үстүнөн иштөөнү макулдашканы менен, аскердик блок Украинанын айланасыңдагы "абалды курчутуп жатат" деп айыптады.

Кремл кошунасын басып алуу максаты жоктугун айтып келатканы менен, НАТО чыгышка, асыресе Украинага карай кеңейбейт деген кепилдик берилсе гана аскерлерин чек арадан алып кетерин айтып, шарт койгон.

Былтыркы күздөн бери Орусиянын Украинага ыктымал басып кирүүсү кызуу талкууланып келатат. Айрым маалымат каражаттары Москва кошуна өлкө менен чек арасына 100 миңдей жоокерин топтоп жатканын жазып, сүрөттөрдү жарыялашкан. Жакындан бери Батыш орус агрессиясынын реалдуу коркунучу тууралуу кеп кыла баштады. Москва өз аймагында жоокерлери менен техниканы каалаган жерге жайгаштырып, машыгуу жүргүзүүгө укуктуу экенин айтып жатат.

Тбилисидеги акция. 23-январь, 2022-жыл
Тбилисидеги акция. 23-январь, 2022-жыл

Ал арада жекшембиде Тбилисиде украиналыктарга тилектештик акциясы өттү. Украинанын Грузиядагы элчилигинин алдына чогулган саясатчы, активист, катардагы адамдар Орусияга каршы ураандарды чакырып, Москванын агрессиясынан улам Грузиянын да аймактык бүтүндүгү жабыркаганын айтып жатышты.

Чогулгандарга украин дипломатиялык миссиясынын жетекчисинин орун басары Андрей Касьянов чыгып, грузин элине колдоосу жана тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG