Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Украина: Херсондо кармаш күчөдү, Крымга ирандык адистер келди


Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аймагында талкаланган орус аскердик техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушта Херсон облусундагы кармаштар кыйла татаалдашып баратат. Орусия фронттун аталган бөлүгүндө жеңилип жаткандыктан, мобилизацияга тартылгандарды жапырт ошол багытка жөнөттү. Украиндер алардын агымын бууш үчүн аймактагы стратегиялык Антонов көпүрөсүнө кайрадан сокку урду.

Бирок Киев бул облустагы Кахов ГЭСине орус тарап мина койгонун, эгер ал жарылса, 80 айыл суу астында каларын коңгуроо кагууда. Ал арада Крымга ирандык инструкторлор келип, орус аскерлерин окутуп жатканы кабарланды.

Херсондогу айыгышкан тиреш

Украинанын Куралдуу күчтөрү соңку апталарда Херсон облусун кесип өткөн Днепр дарыясынын оң жээгинде орус күчтөрүн кыйла артка сүрдү. Алар улам-улам жаңы айылдарды бошотуп, баскынчыл күчтөрдү Херсон шаарын такап жатат. Чегинип бараткан тушта орус тарап бул багытка мобилизацияга тартылган жарандарды салды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Александр Штупун 21-октябрдагы баяндамасында мындай деди:

Александр Штупун
Александр Штупун

“Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, убактылуу басып алынган Херсон облусундагы жоготуулардын ордун толтуруу жана бөлүмдөрдү күчөтүү үчүн орусиялык мобилизациялангандардын ичинен 2 миңдей киши алып келинди. Оккупациялык бийликтер муну менен катар банктык мекемелерди, алардын кызматкерлерин, медициналык кызматкерлерди жана мугалимдерди эвакуациялоого буйрук чыгарды. Херсондогу гуманитардык багыттагы объектилер ишин токтотту”.

Украин тарап августта Херсон облусундагы көпүрөлөрдү талкалап, Днепр дарыясынын оң тарабындагы орус аскерлерин сол жээктеги күчтөрү менен байланышсыз калтырган. Орус күчтөрү дарыяга калкыма көпүрөлөрдү куруп, кайрадан каттай баштаганы менен ага да сокку урулган. Орус тарап дарыядан дагы жаңы аскердик техникаларды жана жаңы аскерлерди алып өтүп жаткандыктан, Украина соңку суткада Днепрдеги эң ири Антонов көпүрөсүнө дагы сокку урду.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 19-октябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 19-октябрга карата карта.

Херсондогу орусиячыл жикчилдер сокку көпүрөдөн жайкын тургундар өтүп бараткан маалда урулду деп кабар таратты. Алар акыркы апталарда калкты оң жээктен сол жээкке мажбур түрдө эвакуация кылып жатышкан.

Херсон облусундагы Орусия дайындаган губернатордун орун басары Кирилл Стремоусов Телеграм-каналында буларга токтолду:

Кирилл Стремоусов
Кирилл Стремоусов

“Херсондо тургундар өтүп жаткан калкыма көпүрөгө сокку урушту. Биз мурдатан айтып келген нерсени дагы кайталап коёлу. Жайкын тургундарды аткылоо улана берет. Ошондуктан калкты эвакуациялоо аргасыз чара болчу. Азыр оң жээк эле эмес, сол жээк да жабыркап жатат. Нацисттер, бул чабуулдарды уюштуруп жаткан НАТО дагы аткылайт. Бирок Херсон акырына чейин турат. Ишенип койгула, шаарды бербейбиз”.

Соңку күндөрү так ушул Херсон шаары жана андагы Антонов көпүрөсүнүн жогору жагындагы Кахов ГЭСи да согуштук кырдаалда кооптуу абалга кептелди. Украин бийлиги Орусияны станциянын дамбасын жардырууга аракет кылып жатат деп айыптады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа кеңешинин жыйынында видео кайрылуу аркылуу сүйлөгөндө төмөнкүлөргө токтолду:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Орусия Украинанын түштүгүндө масштабдуу катастрофа жаратууга атайылап негиз түзүп жатат. Бизде орусиялык террорчулар Кахов гидро электр станциясынын плотинасына жана агрегаттарына мина коюшту деген ишенимдүү маалымат бар. Бул эң ири энерго объектилердин бири. Бул ГЭСтин дамбасы 18 миллион куб метр көлөмдөгү сууну сактап турат. Эгер орус террорчулары дамбаны жардырып жиберишсе, анда 80 айыл, анын ичинде Херсон шаары кошулуп суунун астында калат. Жүз миңдеген адамдар жабыр тартат”.

Украин бийлиги эгер Кахов ГЭСи жарылса, мындан сырткары Запорожье атомдук электр станциясына суу жетпей каларын, ал токтоп калса радиациялык апаат коркунучу кайрадан күчөй турганын эскертти. Анткени АЭСтеги реакторлорду муздатууга пайдаланылган суу ушул ГЭСтен алынат.

Кахов ГЭСиндеги дамба учурда орус армиясынын көзөмөлүндө. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институтунун соңку талдоосуна ылайык, орус аскерлери Херсондон чегингенде дамбаны жардырып салышы мүмкүн.

Орусия акыркы маалда Украинанын шаарларын жапырт бомбалоодон сырткары алардын энергетикалык объектилерине да удаа чабуул жасап келатат. Мурдараак президент Зеленский Орусиянын соккуларынан электр тармактарынын 30% зыянга учураганын айткан.

Беларустан ыктымал чабуул жана Крымдагы ирандык инструкторлор

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. Ал жүрүштөр августтун аягында башталган жана дале уланууда.

Орусиянын армиясы кол салгандан кийин басып алган Киев, Сумы жана Чернигов облустарынан март-апрелдерде эле чегинген. Ал жакка алар Беларустун аймагынан киришкени белгилүү.

Учурда Беларуста жарандар комиссариаттарга чакырылып, аскердик окутуудан өтүп жатканы кабарланды. Буга удаа өлкөгө Орусиянын аскерлери келип жатканы такталды. Ошондон улам Киев түндүк коңшунун аймагынан кайрадан сокку болушу мүмкүн деп чочулап турат.

Беларустун оппозициялык саясатчысы Светлана Тихановскаянын комитетинин өкүлү Валерий Сахащик бул жөнүндө мындай жоромол келтирди:

Валерий Сахащик
Валерий Сахащик

“Менимче, Украинага каршы кезектеги агрессия үчүн сокку уруучу топ түзүлүп жатат окшойт. Биз азыр Орусиянын жана Беларустун жетекчилеринин башында эмне бар экенин билбейбиз. Беларус аскерлерине “силер камсыздоо милдетин гана аткарасыңар” деп айтып жатышат. Бирок чынында эмнелер болорун убакыт гана көрсөтөт. Сыягы, алар бир нече максат коюшту. Балким мында Украинанын Куралдуу күчтөрүн алаксытуу максаты да болушу мүмкүн, бирок сокку урулуп калышы да ыктымал”, – деди ал “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору – “Настоящее Время” телеканалына берген интервьюсунда.

Бул арада Вашингтон Орусия аннексиялап алган Крымга Ирандын инструкторлору келип, орус аскерлерине учкучсуз учактарды колдонууну үйрөтүп жатканын маалымдады. Бул маалыматты британ өкмөтү да ырастады.

Орусия колдонуп жаткан ирандык Shahed 136 дрондору
Орусия колдонуп жаткан ирандык Shahed 136 дрондору

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирби 20-октябрдагы брифингде Иран дрондорду учурууга орусиялык аскерлерге жардам берүү үчүн атайын адистерди жөнөткөнүн айтты.

Жон Кирби
Жон Кирби

"Тегеран азыркы учурда Украинанын жарандык жайларына жана карапайым тургундарына залака келтирген курал-жабдык берүү менен согуштук аракеттерге аралашууда", - деди Кирби.

Ал Байдендин администрациясы Орусияга дрон сатканы үчүн Иранга санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдирди. АКШнын бул айыптоосуна Тегеран жооп бере элек.

Америка чалгын кызматтарынын эсебинде, дрондорду жаңыдан колдоно баштаганда орусиялыктар бир катар оорчулуктарга туш болушкан. Ошондуктан ирандык адистерди чакырууга туура келген.

АКШ, Британия, Франция жасаган билдирүүгө караганда, Ирандын Орусияга учкучсуз аппараттарды сатышы БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2015-жылкы резолюциясына каршы келет. Ага ылайык, эл аралык коомчулук санкцияларды жеңилдетмек, ал эми Тегеран айрым курал-жабдыкты экспорттоону токтотууга милдеттенме алган.

Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG