Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Украина: орус армиясын алсыраткан чабуул


Северский Донец дарыясын кесип өтүү маалында чабуулга кабылган Орусиянын аскердик техникасы. Сүрөт 12-майда жарыяланган.
Северский Донец дарыясын кесип өтүү маалында чабуулга кабылган Орусиянын аскердик техникасы. Сүрөт 12-майда жарыяланган.

Орус армиясы Украинада түрдүү тоскоолдуктарга туш болуп жатканы белгилүү болду. Украин күчтөрү орус аскерлерин Донбасстагы дарыядан өткөрбөй, алардын жолун ийгиликтүү бөгөттөй алды. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши орус күчтөрүнүн Украинадагы кылмыштарын иликтемей болду.

Британиянын Коргоо министрлигинин чалгын кызматы 13-майда билдиргендей, Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында өзү каалагандай алдыга жыла албай жатат. Бул аптада алар Северодонецк шаарынын батышындагы Түндүк Донец дарыясынан өтүүгө аракет кылып жаткан маалда украин тараптын соккусуна кабылып, бир топ аскердик техникасынан айрылды.

Британ тарап тобокелдик маалында дарыяны кесип өтүү кооптуу манёвр экенин, Орусиянын батальондук тактикалык тобунун мындай кадамга барганы армия жетекчилеринин катуу басымы болуп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары украин тарап Кара деңиздеги Змеиный аралынын жанында Орусиянын деңиз флотуна караштуу "Всеволод Бобров" кемесине сокку урганын билдирүүдө.

Украинанын аймактык аскердик администрациясынын басма сөз катчысы Сергей Братчуктун айтымында, чабуулдан кийин кемени өрт чулгаган. Бул маалыматты көз карандысыз булактар жана Орусия ырастай элек.

Деңиздеги кемелердин багытына байкоо салган FleetMon сайтынын маалыматына ылайык, "Всеволод Бобров" узундугу 95 метрлик транспорттук кеме. Буга чейин Орусиянын Кара деңиздеги флотунун флагманы саналган "Москва" крейсери украин күчтөрүнүн соккусунан улам чөгүп кеткен эле.

Орусиянын аскердик жетекчилери Украинадагы "операциясы" планга ылайык жүрүп жатканын билдиришкени менен соңку окуялар жана орус аскерлеринин Харьковдогу бир топ айылдардан артка чегиниши украин тараптын чабуулдары көбөйгөнүн туюнтуп жатат.

"Орусиянын стратегиялык жактан жеңилгени бүтүндөй дүйнөгө, атүгүл орус тарап менен байланышын үзбөгөн тараптарга деле ачык көрүнүп калды. Болгону Орусияга муну моюнга алууга эрк жетпей жатат. Алар чындыкты ракеталардын, аба соккуларынын артына жашырууда. Биздин милдет - өз элибизди жана жерибизди бошотконго чейин күрөштү уланта берүү", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Согуш кылмыштары иликтенет

Орусия Украинага 11 апта мурда басып киргенден бери Москванын дарегине согуш кылмыштарына байланыштуу олуттуу айыптоолор айтылды. 12-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши орус армиясынын Украинадагы кылмыштарын иликтөө үчүн комиссия түзүү тууралуу резолюцияны көпчүлүк добуш менен колдоду.

Уюмдун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет орус аскерлери чегингенден кийин Киев облусунда миңден ашуун адамдын сөөгү табылганын, орус тараптын айрым аракеттери согуш кылмыштарына тете экенин белгиледи.

“Киевдин түндүк тарабында бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнүн масштабы, бир нече кишини чогуу жок кылуунун белгиси бар окуялар нес кылат”, - деди Бачелет.

Бучада мерт болгон тургундар, 2-апрель 2022-жыл.
Бучада мерт болгон тургундар, 2-апрель 2022-жыл.

Апрель айынын башында Киев облусундагы Орусиянын аскерлеринен бошотулган шаар-кыштактарда жайкын тургундардын сөөктөрү табылган. Буча шаарында эле 400дөй жашоочу өлтүрүлгөнү такталган. Айрымдарынын колу артына байланган. Москва Украинада жайкын тургундарга ок атканын моюнуна албай келет.

Бир күн мурда Киев орус күчтөрүн Украинадагы мектеп баштаган жарандык мекемелерди дагы деле бутага алып жатат деп күнөөлөгөн. Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү мындай айыптоолорду четке какты.

"Украин армиясы кармаш жүрүп жаткан шаарчалардагы көптөгөн билим берүү мекемелерин база катары колдонууда. Анын жыйынтыгында бул мекемелер жабыркап жатат", - деди элчи Василий Небензя.


"Азовсталга" чабуул уланууда

Украинанын Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн курчоосунда турган “Азовсталь” заводунун аймагында да кырдаал оор бойдон кала берүүдө.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Телеграм-каналына бул заводдо орус күчтөрүнө дале каршылык көрсөтүп жаткан украин аскерлеринин жарадар болгондорун чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жыйынтык бербей жатканын жазды.

Мунун алдында айрым медиа каражаттары 500-600 адамды алмаштыруу аракеттери жүрүп жатканын жазган. Верещук учурда 38 оор жаракат алган адамдардын тагдыры жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастап, аларды чыгаруу “өтө оор болуп жатканын” кошумчалады.

Украинанын Донецк облусунда жана Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагына орус аскерлери көзөмөл орнотту. "Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, бир нече аптадан бери курчоодо жатат. Аларды чыгарып кетүүгө Москва макул болбой келет жана улам-улам чабуул жасоодо.

"Азовсталдагы" жарадар болгон жоокерлер, 10-май 2022-жыл.
"Азовсталдагы" жарадар болгон жоокерлер, 10-май 2022-жыл.

Заводдун алдында жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен эвакуацияланды. Киев заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда дагы жүздөй украиналык калышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Заводдо 1-2 миңдей украин аскери калганы айтылган. Алардын башчылары улам видео кайрылуу таратып, Киевден аларды чыгарып кетишин өтүнүп жатат. Жоокерлер башка өлкөлөрдүн лидерлерин да Москвага таасир этүүнү суранышууда. Өткөн аптадагы билдирүүсүндө украин президенти Владимир Зеленский өлкө армиясы азыр Мариуполду алууга жана “Азовсталда” жаткан аскерлерди бошотууга мүмкүнчүлүгү жетпей турганын моюнуна алган.

Орусиянын аскерлери Мариуполду дээрлик тегиздеп салганы маалымдалып, сүрөт, видеолору жарыяланып жатат. Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG