Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Украина: Херсондо ондогон "кадыровчулар" набыт болду


Чеченстандык аскерлер.
Чеченстандык аскерлер.

Орусия украин шаар-кыштактарына аба соккуларын улантууда. "Ыплас бомбага" байланышкан кайым айтышуулар күчөдү. Москва "Украина өз аймагында "ыплас бомба" колдонуп, Орусияга шылтагысы келет" десе, Киев тескерисинче, "Кремль өзү андай опурталдуу оюнду баштаганын" билдирүүдө.

Украин куралдуу күчтөрү билдиргендей, Херсондогу орус армиясынын позицияларына жасалган соккудан ондогон чеченстандык "кадыровчулар" каза болду. Ал эми 1ADAT Телеграм каналы жүздөн ашуун чечен аскери мүрт кеткенин жазды. Орусиянын расмий бийлиги бул тууралуу маалымат бере элек.

Ал эми Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Телеграмдагы билдирүүсүндө, "Орусия Украинанын соккуларына жетиштүү деңгээлде жооп бербейт жатат" деген пикири менен бөлүшкөн. Аскерлеринин өлүмү тууралуу үн каткан жок.

Көп узабай Кадыров Украинага кол салууну “шайтанга ишенгендер менен христиан-мусулмандар ортосундагы согуш” деп атады. "Бул - жихад (ыйык согуш)" деп айткан Кадыров “чечен командирлери коргонууну эмес, чабуулду тандашкан” деп кошумчалады. Ал ошондой эле жумурияттын 300-400 миң тургунун согушка салууну сунуш кылды. Бул – аймак калкынын төрттөн бири.

Ошол эле маалда Украина түштүгүндөгү Херсон облусунун Москва дайындаган бийлиги жергиликтүү тургундарды Днепрдин сол жээгине көчүрүүнү улантууда. Аймакты согуштун алгачкы күндөрү орус күчтөрү басып алып, сентябрдын соңунда Москва аннексиялап алганын жарыялаган. Андан бери украин күчтөрү Херсондо контрчабуулун күчөтүп, ондогон кыштактарды орус аскерлеринен тазалашты. Украина президенти Владимир Зеленский 25-октябрдагы кайрылуусунда Херсонду кайтарууну убада кылган.

Учурда ал жакта орус күчтөрү оор салгылашууларга даярданып жатканын Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрү 26-октябрдын таңында билдиргендей, соңку бир суткада орус армиясынын чабуулунан 40тан ашуун калктуу конуш жабыркады. Чабуулдан Днепр шаарында кеминде эки киши, анын ичинде кош бойлуу аялдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облус губернатору Валентин Резниченко маалымдады.

"Орусия өзөктүк курал колдонсо кесепети оор болот"

Ал арада Киев менен Москва ортосунда "ыплас бомба" тууралуу кайым-айтыш күч алды. Өткөн дем алышта Москва "Украина өз аймагында ыплас бомба жардырып, Орусияга шылтагысы келип жатат" деп эч далил келтирбестен Киевди айыптаган. Аны украин бийлиги жана Батыш мамлекеттери "караандай калп" деп четке каккан.

Киев жана анын өнөктөштөрү башка мамлекеттин желегинин алдында "ыплас бомба" колдонуп, бул үчүн күнөөнү Украинага оодаргысы келип жатат деп шек санайт. 25-октябрда АКШнын президенти Жо Байден Москва мындай кадамга барса "абдан олуттуу ката" болорун эскертти.

"Орусия тактикалык өзөктүк курал колдонсо олуттуу ката кетирмек. Азырынча бул башка мамлекеттин желегинин алдында болушу мүмкүн деп айта албайм. Бул чындап олуттуу ката болот".


"Ыплас бомба" - бул динамит сыяктуу кадимки жардыруучу заттар менен радиоактивдүү заттардын кошулмасы. Ал жарылганда атомдук бомба сыяктуу калайман кыргынга алып келбейт. Бирок ошол жердин калкынын ден соолугуна жана экологияга олуттуу зыян келтирет. Адистердин айтымында, мунун баары бомбанын көлөмүнөн жана анын ичиндеги заттардын көз каранды.

Москва Украинанын дарегине болгон дооматын Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде да кайталады. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу элчисинин орун басары Дмитрий Полянский билдирди.

"Украинада буга негизи бар. Анткени биз билгендей, Зеленскийдин режими утулгусу келбей жатат. Экинчиден, НАТОну Орусия менен түз тирештиргиси келет. Бул абдан кооптуу болгону менен Зеленскийдин режимине бийликте калууга шарт түзөт".

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик 25-октябрда Украинадагы эки обьектке Киевдин өтүнүчү менен инспекторлордун жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.

Украинанын "Энергоатом" компаниясы Орусиянын билдирүүлөрү "Москва өзөктүк теракт даярдап жатышы мүмкүн" деген тынчсыздануусу менен бөлүштү. Орусия Европадагы эң ири деп саналган Запорожье атомдук электр станциясын март айында басып алган.

"Энергоатомдун" маалыматына ылайык, орус күчтөрү соңку жумада заводдун айланасында мыйзамсыз, жашыруун курулуш иштерин жүргүзүшкөнү ачыкка чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG