Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Мобилизация: полигондогу атышуу ондон ашык кишинин өмүрүн алды


Аскерге чакырылган орусиялыктар даярдыктан өтүп жатышат.
Аскерге чакырылган орусиялыктар даярдыктан өтүп жатышат.

Украинага жөнөтүүгө даярдалып жаткан орусиялык аскерлер арасында атышуу болуп, 11 киши каза тапты. Жаракат алгандардын саны 15тен ашты. Окуя Белгород облусундагы полигондордун биринде болгон. Ал арада орус армиясы украин шаарларын абадан аткылоону улантууда. Өлкө чыгышында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Белгород: полигондогу атышуу

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Украинага жакын жайгашкан аскердик полигондордун биринде КМШга мүчө бир өлкөнүн эки жараны туш келди ок атышкан.

Алар өздөрү да атышууда мерт кетишкен. Мекеме окуяны теракт деп атады. Анткен менен азырынча аскердик полигондо куралчан чет өлкөлүк жарандар эмне кылып жүргөнүн түшүндүрө элек.

Окуя болгон Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гудков жаракат алгандарга жардам көрсөтүлүп жатканын айтты:

"Кечээ биздин аймакта жүрөктүн үшүн алган окуя болду. Аскердик бөлүктөрдүн биринде теракт катталды. Көп аскердик кызматкерлер каза болуп, жаракат алышты. Жарадарларга жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын арасында Белгород облусунун тургундары жок".

Орусиянын бийлиги билдиргендей, полигондо согушка өз ыктыяры менен барууну каалаган жарандар машыгуудан өтүп жатышкан.

SOTA Телеграм-каналы окуя Солоти айылындагы полигондо болгонун жазды. Маалыматка караганда, ал жакта Брянск облусунан мобилизацияга тартылып, бирок Украинага барып согушуудан баш тартып жаткан 100дөй аскер болгон.

Mash Телеграм-каналы да каза болгондор Брянск облусунан тартылгандар экенин жазды.

Буга чейин SOTA аскерлердин өзүнө таянып кабарлагандай, аларды Лиманды басып алуу операциясына жөнөтүшкөн. Бирок алар согушка баруудан баш тартышкан. Украинага баруудан баш тарткандардын видеолору ар кандай социалдык тармактарга да жайылган.

Буга чейин мобилизацияга тартылгандардан он чакты адам Украинада өлгөнү расмий кабарланган. Айрымдар украин күчтөрүнө атайылап туткунга түшүп берип жатканы тууралуу дагы маалыматтар тараган.

Орусияда жарым-жартылай делген мобилизация 21-сентябрда башталган. Анын алкагында бийлик 300 миңдей жаранды тартууну көздөп жатканын билдирген. Согушка каршы Орусиянын ар кайсы шаарларында демонстрациялар болуп, кээ бир аймактарда аскердик комиссариаттарды өрттөө аракеттери катталды. Мобилизациядан качкан жүз миңдеген орусиялыктар четке, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө агылды.

Путин 14-октябрда Астанада өткөн маалымат жыйында мобилизация эки жумадан кийин жыйынтыкталарын, жалпысынан ага 220 миң адам тартылганын билдирген.

Украина: өлкө чыгышында айыгышкан салгылаш уланууда

Ал арада Орусиянын армиясы украин шаар-кыштактарына абадан сокку урууну улантууда. Жапырт аткылоо 10-октябрда башталган. Путин муну Крым көпүрөсүндөгү жарылуу үчүн "өч алуу" деп мүнөздөгөн. Андан бери жарандык инфраструктуралар, энергетикалык обьектилер жарактан чыкты. Абадан аткылоо күчөгөнүнө байланыштуу Батыш мамлекеттери Киевге абадан коргонуу системаларын убада кылышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский учурда өлкө чыгышындагы Бахмут шаарынын жанында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын 16-октябрга караган түнү билдирди.

"Баарынан оор кырдаал азыр Бахмут багытында болуп жатат. Мурдагыдай эле чыгышта жана түштүктө алардын эч кандай келечеги жок экенин сездириш үчүн баарын кылып жатабыз. Алар бизге каршы согушууга кимди жибербесин, баары бир утулушат",- деди Зеленский.

Бахмут шаары Славянск жана Краматорск калааларына барчу кан жолдун боюнда жайгашкан. Аны орус күчтөрү бир нече ирет басып алуу аракетин көргөн. Аскердик эксперт Роман Свитан азыр ал жакта эмне болуп жатканы тууралуу буларды айтты:

"Учурда орус армиясы жалданма аскерлердин жардамы менен чабуул коюп жатат. Азыр ал жакка орус армиясынын бардык кубаты салынган. Ошондуктан кандайдыр бир жылыш бар. Бирок Бахмут шаары катуу коргоого алынган. Аны берип салайын деген эч кимдин ою жок. Учурда украин күчтөрү Лисичанск шаарын тазалоону көздөп турушат. Аны кайтарып алгандан кийин Бахмутка эч кимди жолотушпайт".

Зеленский ошондой эле 24-февралдан бери 65 миңдей орус аскери жок кылынганын кошумчалады. Москва Украинада алты миңдей жоокеринен айрылганын 21-сентябрда билдирген. Ал эми Пентагондун августта жарыяланган эсебине ылайык, 70-80 миңдей орус аскери өлтүрүлгөн же жаракат алган болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG