Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Туугандар ортосунда талашка түшкөн эски там


Иллюстарция сүрөт.
Иллюстарция сүрөт.

Каракол шаарында кайнагасы менен келининин ортосунда жаралган жер талаш. Көзү азиздер жана дүйлөйлөр коомунун Тоң райондук уюмунун ишине карата сын пикир. “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгаралышында.

Туугандар ортосундагы мүлк талаш

Каракол шаарынын тургуну Альбина Нарынбаева көзү өтүп кеткен атасынан калган жерди туугандары талашып жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал атасы кайтыш болгондон кийин апасына калган кыймылсыз мүлктүн бир бөлүгүн атасынын бир туугандары Рахим, Равшан Нарынбаевдер ээлеп алып, эми аны документтештирүүгө аракет жасоодо дейт. Ортодогу талашты чечип берүүсүн өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылып, майнап тапкан эмес.

"Биз бул боюнча милицияга, прокуратурага кайрылсак, кылмыш ишин козгобой жатышат. Ал арада жер аянтынын бир бөлүгүн агам өзүнүн кызына каттатып салыптыр. Бул таптакыр мыйзамга туура келбейт. Мамлекеттик каттоо кызматына барсак, бизге ар кандай маалымат берип жатышат. Менин оюмча, бул жерде кандайдыр бир коррупциялык механизм жүрүп жаткандай. Мындан улам биз президентке, парламент депутаттарына, акыйкатчыга жана Башкы прокуратурага кайрылдык, жооп жок. Нотариус менен мамлекеттик каттоо кызматынын тиешесин иликтөө боюнча арызыбыз да каралбай жатат. Прокуратура болсо арызды кайра эле райондук ички иштер башкармалыгына жолдогон".

Альбина Нарынбаеванын атасынын бир тууганы Рахман Нарынбаев сөз болуп жаткан жер жана там аларга атасынан мураска калганын айтат. Учурда бир короодо эки үй-бүлө жашап жатканын билдирди. Ал эми көзү өтүп кеткен бир тууганынын жесирине ушундай талаш жаралбасын деп алдын ала Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунан үч бөлмөлүү батир алып беришкенин билдирди. Рахман Нарынбаев ушул талаштын айынан үй толук каттоого алынбай жатканын кошумчалады:

"Бул ата-энебиздин үйү. Бул үйдө мен иним менен турам. Ал жарымында, мен жарымында. Маркум инимдин жесирине балдары менен көчөдө калбасын деп 3 бөлмөлүү үй алып бергенбиз. Эми болсо анын балдары бул турак жайдын үчтөн бир бөлүгүнө ээ чыгып жатат. Мунун артында келинибиз турат. Ал өткөндө “силер эски үйдү 100 миңге саткыла да, мага 30 миңин бергиле” дейт. Мен бул жерде төрөлсөм, ушул жерде карып, өлөм деп отурам. Сотко бергиле дедим. Азыр соттук оттурумдар жүрүп жатат. Шаардык соттон алар утулуп калышты. Эртең облустук сотто каралат экен. Ошол “келинибиз” деп жүргөн адам балдарын бизге каршы тукуруп, бизден алыстатып салды. Маркум инимдин уулу менин алдыма келип жүрчү, эми аны да жолотпой койду. Бизге жакын болгондо ал деле иним эле, үйлөп- жайлайт болчумун. Убагында 2005-жылы менин иним, анын күйөөсүнүн көзү өткөндө ушул жер тамга келбей коюшкан эле. Бишкекте турабыз деп. Эми мен алтымыш экиге чыксам, башка үйүм жок болсо, кайда чыкмак элем".

"Жетекчи туура эмес тандалды..."

“Азаттыкка” Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Тогуз-Булак айылынан Айдай Керимова пикирин калтырган. Ал Кыргызстандын көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун Тоң райондук уюмуна жетекчи тандоо туура эмес жүргөнүн айтып, уюмдун ишиндеги каражатка байланыштуу алешемдиктер ачык териштирилбегенин белгилейт:

"Үч жылда бир райондук денгээлде отчёттук кайра шайлоо жыйыны болуп турат. Акыркы жыйындарда туура эмес нерселер болду. Жаңы жетекчини шайлоого элдин көбү катышпай калды. Качан өткөнүн уккан да жокбуз. Жайында болгон чогулушка келген майыптарды киргизбей коюшту. Канчасы келип кире албай кетишти. Биздин уюмдун өзүнүн уставы жана башка жоболоруна каршы келген көрүнүштөр тууралуу мурда деле айтып келгенмин. Мен өзүм көз боюнча 1-топтогу майыпмын. Ал эми мурдагы жетекчи иштеп турганда уюмга берилген жүз миң сомдун иштетилиши боюнча ачык талкуу болбой ошол бойдон жабылып калды. Отчёт берилиши керек болчу.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:
Туугандар ортосундагы мүлк талаш | "Эл үнү" | 6.03.2022
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:32 0:00

Булардын баарын айтсам мени жаман көрүшөт. Жыйындарга Бишкектен Кыргызстандын көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун республикалык уюмунун төрагасы Марат Ташбаев келип катышкан. Ал кишиге да бир нече жолу айтканбыз. Эгер эч нерсе өзгөрбөсө демек алардын сөзү бир. Сүйлөшүп алышкандай".

Биз көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун Тоң райондук уюмунун төрайымы Бурулуш Орозакуновага кайрылганыбызда уюмга жетекчи тандоо ачык жүргөнүн, мурдагы төргага байланыштуу жүз миң сом боюнча маселеге анын тиешеси жоктугун билдирди:

"Айдай айымдын айткандары чындыкка жатпайт. Жыйынга киргизбей койду деген калп. Жыйынга Айдай Керимова кирип катышкан. Бирок, азиздер жана дүйлөйлөр коомуна мүчө эмес майыптар кирип калыптыр. Бизде мүчөлүк билеттер бар. Ал коомго киргенде берилет. Ошол жыйында коомдун мүчөсү, колунда билети барлар калган. Бизде каттоодо 101 киши турат. Биздин коомго тиешеси жоктор чыгып кеткенден кийин отузга жетпеген адам калып, кворум жок шайлоо болбой калган. Андан кийин экинчи ирет чогулдук. Ага 101 кишиден 52си катышып, добуш берүүдө 50 кишинин добушу менен мен шайланганмын. Мен 2005-жылдан бери көзүмө байланыштуу 2-топтогу майыптыгым бар. Бизде уставдын негизинде шайлоо болот. Баардык иштер уставдын негизинде жүрөт. 100 миң сомго эч кандай тиешем жок.

Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун республикалык уюмунун төрагасы Марат Ташбаев өзүнүн дарегине айтылган сынды четке кагып, Тоң району боюнча уюмдун аксаган иши мүчөлөрүнүн кайдыгерлигине байланыштуу деген пикирин ортого салды:

"Кыргызстан боюнча 60 бирикмебиз бар. Ушул Тоң районунда мүчөлөр активдүү катышпай жатат да. Ошол былтыркы шайлоо болбой калган жыйында жыйырмадай келген адамга айтканбыз. Кийинкисине ар бирөөңөр элге жакшылап айтып, чогулуп, катышып бергиле деп. Айдай эжеге мен өзүм айтканмын. Ал жакта менин эч кандай өз кишим жок. Азыркы төрайымды деле ошол жыйындан биринчи жолу көргөнмүн. Мүчөлүк акча бир жылда коомго 25 сомдон төлөйт. Уставдын негизинде 2 жыл төлөнбөй калса, автоматтык түрдө коомдон чыгарылат. Ошон үчун адамдардын саны да азайып кеткен. Бул деген, уюм менен байланыш үзүлүп жатат дегенди билдирет. Ал эми 100 миң сом боюнча айтсам, Тоң райондук уюмдун мурдагы төрагасы 2017-жылы ошол кезде президенттик шайлоого катышып жаткан Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө эл менен жолукканы барганда ошол төрага Жээнбековдон акча сураптыр. Кийинчерээк ал 100 миң сом алганын угуп калдык. Кийин биз бул каражат боюнча финполиция сыяктуу органдарга кайрылганыбызда, ал киши акча уюмга эмес жеке өзүнө берилгенин айтып, баш тартып койгон. Ошол кезде тергөө жүргөн. Бул иш прокуратурага да өткөн. Ал төрага ошондо эле бизде иштебей калган. Уюмдун облустук бүлүмүндө тергөө жүрүп жатат деген кагаздар бар".

"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG