Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Динде аялуу адамга кайдыгерлик кечиримсиз


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

"Биз жана дин" түрмөгүндө майыптыгы бар адамдардын укугун диний көз караштан талдайбыз.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерди коргоо, жарандык укугун камсыздоо – мамлекеттик саясаттын бирден-бир маанилүү багыты. Бул үчүн Баш мыйзамда атайын беренелер каралып, тиешелүү укуктук ченемдик актылар кабыл алынган.

Мындан тышкары Кыргызстан адам укуктарына байланыштуу эл аралык келишимдерди ратификациялаган. Майыптыгы бар адамдар жашоонун бардык тармактарында өз укугун коргоодо, максатын ишке ашырууда башка атуулдар менен тең укуктуу.

Эксперт Канатбек Мурзахалилов майыптыгы бар кишилерге диндеги мамилени, сыйынуу жайлардагы мүмкүнчүлүктөрдү жана башка өңүттөрүн адистер менен талкууга алды.

Динде аялуу адамга кайдыгерлик кечиримсиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:08 0:00
Түз линк

Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда майып адамдар башка динчилдер сыяктуу эле сыйынууга, түрдүү диний жөрөлгөлөрдү аткарууга акылуу.

Ислам дининен кеп кыла турган болсок, майыптыгы бар кишилердин укугу корголуп, Алла талаанын алдында садака катары кабыл алынат. Бул тууралуу Куранда жана хадистерде белгиленген.

Улан Усупов
Улан Усупов

Теолог, серепчи Улан Усупов ислам дининде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар дайым жылуу-жумшак, жылмаюу менен мамиле жасоо, аларга карата кечиримдүү болуу тууралуу айтылганын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

“Аятта майып адамдарга жакшы мамиле жасоо буйрулат. “Нур” сүрөөсүнүн 61-аятында “Көзү көрбөгөндөргө, төкөрлөргө жана башка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эч кандай айыптоо жок” деген маани бар. Бул Алла тааланын өкүмү, буйругу. Бүгүнкү күндөгү мусулман коомчулугу мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарыбызга мээримибизди төгүп, камкордугубузду көрсөтүп, аларга шарт түзүп беришибиз зарыл. Биздин коомбуздун эч бир жеринде алар кемсинбей, басынбай, зордук көрбөй, кордук көрбөй жашашы керек.

Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга дагы колдоо көрсөтүп, жардам бериши шарт. Башка жарандарга билим алууга, окууга, кесип-өнөр үйрөнүүгө, үйлөнүп-жайланууга, бала-чакалуу болууга, аларга таалим-тарбия берүүгө, толук кандуу үй-бүлө болууга, коомубуздун эч бир жеринде кемсинбей-басынбай жашоого толук шартын түзүп берүүсү кажет. Бул мамлекеттин милдети болуп эсептелет.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата мамилебиз үчүн жараткан Алла талаанын алдында да сурак беребиз. Алардын майыптуулугуна сабыр кылуу менен, ыйманы, ибадаты менен мүмкүнчүлүгү чектелсе да акыл-эси жайында. Мусулман болгон адамдардын бардыгы ибадат кылууга милдеттүү болгондой эле алардын да милдеттери бар. Бирок ал мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарылат”.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык кызмат көрсөтүү жана ыраазычылык бөлүмүнүн башчысы Елена Иванова Орус православ чиркөөсүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары чектелбегенин белгиледи. Ал чиркөөгө келген бардык сыйынуучулардын укуктары бирдей экендигин айтты:

Елена Иванова.
Елена Иванова.

“Сыйынууга келген майып адамдарга өзгөчө мамиле кылуу талап кылынат. Аларга жакшы шарт түзүү керек. Айтсак, сокур адамга чиркөөгө келүүгө кыйынчылык жаралып жатканда, ал кандайдыр бир тоскоолдуктардан өтпөшү керек. Эгер адам майып арабада болсо, ага чиркөөнүн аймагына, храмдын имаратына ыңгайлуу жол менен кирүүсү шарт. Биз мындай адамдарга шарттарды түзүп беребиз. Бизде кайсыл бир жерде пандустар жок болсо деле ар дайым майыптарга чын ниети менен кызмат кыла турган кишилер бар. Алар аны көтөрүп кирип, сыйынуу өтө турган эң жакшы жерге жайгаштырышат”.

Бирок Диний үгүт-насааттарда майып кишилерге боор ооруган маанай көп байкалат. Бул жаатта теолог Улан Усуповдун пикири төмөнкүчө:

“Мамлекет, мусулман, эл катары жардам бере турган болсок, алардын да өздөрүнө болгон ишеними пайда болот. Мына ушул ишенимди сөзсүз түрдө пайда кылуубуз керек. Биз аларга эч качан корс, олдоксон мамиле жасабашыбыз зарыл. Колдон келишинче жардам берүүбүз шарт. Майыптарга зекетибизди, садакабызды беришибиз керек. Курмандык чалып, анын этинен беришибиз зарыл.

Жардам берүүнүн белгилүү бир мөөнөтү, мисалы, Рамазан айында эле жардам берүү деген жок. Рамазан айында да мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерге көп-көп жардам берүүнү сунуш кылам. Бирок, жылдын кайсы гана мезгилинде, күнүндө болбосун акчалай, кийим-кече, ар кандай буюмдар түрүндө, азык-түлүк жагынан колубуздан келишинче көмөктөшкөнүбүз оң.

Айыл жеринде бир майып адам жашаса, ошол айыл элине ал майып адам аманат болуп эсептелет. Мамлекет үчүн да майып кишилер аманат. Мусулман эч качан аманатка кыянатчылык кылбайт”.

Орус православ чиркөөсү алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу жардам берилерин айткан Елена Иванова төмөнкүлөргө токтолду:

“Майып адамдар менен ден соолугу чың кишилерди биз бөлбөйбүз. Алардын баары биздин сыйынуучулар. Бирок майып адамдарга өзгөчө мамиле кылуу талап кылынгандыктан, алардын жашоодогу көйгөйлөрүнө албетте көмөк көрсөтүлөт. Жөн гана турмуштагы эмес, бизге кайрылган күндөлүк маселелерин чечүүгө да ар тараптан жардам беребиз”.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө жума намаздагы баяндарда, башка диний бирикмелер өткөргөн сыйынууларда да айтылат. Бирок, көбүн эсе аларга кандайча жардам берүү керек, көйгөйлөрүн кандайча чечсе болору жөнүндө баяндалат.

Мечитке келген майып адамдардын исламда каралган укугу, милдеттери айтылып, башкаларга жеткирилиши керек деген Улан Усупов сөзүн төмөнкүчө улады:

“Башка мусулмандар аларга карата кандай мамиле жасоо, көмөк көрсөтүү керек экендиги да айтылышы зарыл. Эки тарабы тең болуш керек. Бирок, бүгүнкү күндө мен билгенден көмөк көрсөтүү жөнүндө көбүрөөк кеп кылынат”.

Майыптыгы бар адамдарга диний жөрөлгөлөрдү аткарууда, ыйык китептерди окууда диний уюмдар тараптар да жардам көрсөтүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы көзү азиз адамдарды Брайль шрифтинде адабияттар менен камсыздоого бел байлаган. Бирок, азырынча ал толук кандуу ишке ашырыла элек. Улан Усупов бул багытта Түркиянын, Татарстандын тажрыйбасын колдонуу максатка ылайыктуу болорун айтты.

Дин чөйрөсүндө дагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иштеп жүргөнү белгилүү. Диний окуу жайларда сабак берген, диний жөрөлгөлөрдү аткаруу менен эле тим болбостон, ди-джей, укалоочу (массаж) кызматты аркалагандар дагы бар. Диндердин тарыхынан белгилүү болгондой, майыптыгы бар, коомго таанылган дин ишмерлери көп эле чыккан. Аларды башкаларга таанытып үлгү катары көрсөтүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жакшы дем-күч берет.

Мухаммед пайгамбардын доорундагы буту төкөр болгон Муъаз бин Жабал деген сахабынын баскан жолун мисал келтирген Улан Усупов сөзүн төмөнкүчө улады:

“Аны Йеменге пайгамбарыбыз вали-губернатор кылып дайындаган. Андан кийин 630–жылы Меккени мусулмандар бутпарас-каапырларды жеңип багындыргандан кийин, Мекке шаарынын башчысы, мугалими болгон. Көзү көрбөгөн сахаба, пайгамбардын азанчысы Абдулла ибн Умм Мактум деген болгон. Ал кишини пайгамбарыбыз сапарга чыкканда өзүнүн ордуна орун басар кылып дайындап кеткени айтылат. Мына ошондой ар кандай шык-жөндөмдөрүнө, илим-билимине, тажрыйбасына карап, мамлекеттик ар кандай кызматтарга пайгамбарыбыздын сахабаларды дайындаган жайы бар. Бул бизге үлгү, өрнөк”.

Алексей Сыромятников
Алексей Сыромятников

Апостолдук эрежелердин негизинде православ чиркөөсүндө жаш курагына же кандайдыр бир оорунун кесепетинен ден соолугу жабыркап, мүмкүнчүлүгү чектелген мезгилде деле дин кызматчысы толук түрдө сыйынууларды, диний жөрөлгөлөрдү аткарууга дарамети жетсе өз кызматын улантууга укугу бар.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери, протоиерей Алексей Сыромятниковдун айтуусунда:

“Майыптыгы бар дин кызматкерлери биздин епархияда бар. Алар күч-кубатынын жетишинче сыйынуу кызматын аткарып жатышат. Өздөрүнүн жеке мисалында башка ден соолугу чың адамдарды Кудайга жана жакындарын чын дилден кызмат кылууга шыктандырып, үлгү көрсөтүп жатышат”.

Мындан сырткары Кыргызстанда расмий эсепттик каттоодон өткөн бардык диний уюмдар менен бирикмелер мүмкүнчүлүгү чектелүү, майыптыгы бар адамдарга багытталган ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырып, аларга көмөк көрсөтүп келишет.

XS
SM
MD
LG