Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Туу тагдыры чечилди. Элдин реакциясы

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду. Ал тапта мамлекеттик желектин айланасында талкуулар уланууда.

10:44 20.12.2023

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документ жыйындын күн тартибине 5-маселе болуп киргизилген. Бирок 20-декабрда сессияда биринчи маселеге жылдырылды.

Сессияда мыйзам долбоору боюнча бир эле депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, андан башка талкуу болгон жок. Нуржигит Кадырбеков тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты.

Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилп жатканын” билдирди.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Туу маселесин талкуулоо. 19-декабрь, 2023-жыл

Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген жок.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе!”, “желекке тийбе!” деген постторду жарыялап, Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы, Инстаграмдагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Эгемен элдин жүрөгүндөгү кызыл туу
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:14 0:00

10:50 20.12.2023

Тууну өзгөртүүгө каршы добуш берген депутаттардын тизмеси чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна берилген добуштардын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, документке үчүнчү окууда беш депутат - Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев,
Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо жана Медербек Алиев “каршы” добуш берди.

59 депутат долбоорду колдоду. 15и добуш берген жок. Алардын арасында буга чейин документке экинчи окууда каршы болорун айткан Балбак Түлөбаев да бар.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды.

10:51 20.12.2023

11:17 20.12.2023

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG