Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтөт


Түркмөнстан. Президент Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды мураскердикке даярдап жатканы айтылууда.
Түркмөнстан. Президент Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды мураскердикке даярдап жатканы айтылууда.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 12-мартында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Бул билдирүү президент Гурбангулы Бердымухамедов жакында Халк Маслахатинин кезексиз жыйынында жаштарга орун бошотуп, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткандан кийин болду. Ага чейин Аркадагдын уулу Сердар Бердымухамедовдун бийликти мурастоо планы ишке аша баштаганы айтылып жаткан.

"Президент бизге 12-марттагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүнү тапшырды", - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Безерген Гарраев.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында “жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин айтканын “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы расмий маалыматка таянуу менен билдирген.

Бердымухамедов ошондой эле өзүнүн өтө көп жооптуу кызматтары бар экенин ишарат кылган. Анын бийликке келишинин 15 жылдыгына карата 11-февралда Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасы - Халк Маслахатинин кезексиз сессиясы өткөн.

Былтыр сентябрда 40ка чыккан президенттин уулу Сердар Бердымухамедов эми Конституцияга ылайык президенттик шайлоого катыша алат.

Туптуура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Туура 15 жыл мурун Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов дээрлик 90% добуш менен утканы жарыяланган.

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын кезексиз чакырылган жыйынында президенттин уулу, вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедов өлкөнүн өнүгүү багыты боюнча баяндама жасады. Анын баяндамасы президент Гурбангулы Бердымухамедов уулун мураскерликке даярдап, ага жол бошото баштаганы тууралуу бейрасмий маалыматтар тараган учурга туура келди.

Бийликти өткөрүүнүн коопсуздугун камсыздоо

Казакстандагы соңку элдик толкундоолордон кийин Түркмөнстанда бийликти өткөрүүнүн коопсуздугун камсыздоо маселеси тымызын күн тартибине чыкканы кабарланды.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов режимдин коопсуздугун камсыздоо үчүн бийликти уулуна тапшыра турганы буга чейин эле айтылып келген. Бирок ошол эле кезде бийликти атадан балага өткөрүү жол-жобосу кандай болорун Ашхабад жашыруун мамлекеттик сыр катары сактап турат.

Аркадаг уулун бийликке алып келип, аны улам бийлик сересинде өстүрүп отурду. Былтыртан тарта ага эки чылбыр, бир тизгинди карматып, аны Мамлекеттик коопсуздук кеңешине киргизип, вице-премьер-министрликке дайындады.

Вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедов 11-февралдагы Халк Маслахатында алдыдагы 30 жылдагы өнүгүүсүн камтыган узун баяндама жасады:

Сердар Бердымухамедов, Түркмөнстандын вице-премьер-министри
Сердар Бердымухамедов, Түркмөнстандын вице-премьер-министри

“Улуу урматтуу Түркмөнстандын президенти, Министрлер кабинетинин иш-аракеттеринин арты менен биздин бардык министрликтер, тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана аймактардагы жергиликтүү бийлик органдары биргеликте иштеп чыккан өлкөнү өнүктүрүүнүн иш-планын бекитип берүүңүздү суранам. Алдыңкы жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү жолдорун жана багыттарын ичине камтыган план толук иштелип чыгып, даяр болду. Анда элибиздин жашоо-турмушун жакшыртуу чаралары бекитилди”.

Саясат талдоочулардын ырасташынча, бир эле учурда мамлекеттик бийликтин үч тармагын колго алган Сердар Бердымухамедов кайсы гана учур болбосун атасынын ордун алмаштырууга даяр болуп, мураскерликти камсыздап, өлкөдөгү “экинчи киши” катары позициясын бекемдеди.

Ал эми президент жана бир эле учурда Халк Маслахатинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн алдында өтө дымактуу милдеттер турганын жарыялады.

Гурбангулы Бердымухамедов, Түркмөнстандын президенти.
Гурбангулы Бердымухамедов, Түркмөнстандын президенти.

“Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо багытында натыйжалуу иштерди алып баруу милдети турат. Түркмөнстандын алдыда Ооганстанга, Пакистанга жана Индияга газ, мазут сыяктуу энергия булактарын экспорттоо жолдору иштелип чыгышы керек. Бул биздин стратегиялык максатыбыз. Ошол эле убакта жаңыдан завод-фабрикаларды куруп, өндүрүш кубаттуулугун арттырып, өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгаруу жакында жакшы жолго коюлат деген ойдомун”.

Ырымчыл президент

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын кезексиз жыйыны 11-февралга дайындалганы дагы жөн жерден эмес. Бул датаны жакшы көргөн нумерологияга жакын түркмөн президенти аны бекеринен тандаган эмес. Анткени дал ушул күнү анын өзүнүн авторитардык башкаруусуна 15 жыл толду. Анан калса, былтыр дал ушул күнү Аркадагдын “мураскер” долбоору ишке кирип, жалгыз уулу Сердарга бир эле учурда бийликтин үч тизгини берилген.

41 жаштагы Сердар Бердымухамедов бир эле учурда аткаруучу жана көзөмөлдөөчү бийликтин функцияларына ээ болуп, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын башчысы, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана эң негизгиси Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Мындан сырткары президент Гурбангулы Бердымухамедов бир эле учурда аткаруу бийлигин жетектөө менен былтыр мыйзам чыгаруу бийлиги катары Баш мыйзамда көрсөтүлгөн парламенттин жогорку палатасы - Халк Маслахатынын төрагалыгын да өзүнө ыйгарып алган.

Бирок Түркмөнстандын Баш мыйзамынын 73-беренеси бир эле адамга бир мезгилде аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигин жетектөөгө тыюу салат.

Ага карабастан бийликти толук көзөмөлгө алган Аркадаг эми уулу Сердарга орун бошотууга өбөлгө түзүп, атүгүл парламентте бийликти өткөрүп берүү планын жарыялашы мүмкүн деген жоромолдор күчөдү.

Мындай жоромолдорго соңку мезгилде Түркмөнстандын телеканалдарында президенттин уулунун “генийлигин” даңазалаган көрсөтүүлөрдүн байма-бай чыга баштаганы негиз болду.

Телеберүүлөрдө ал азыркы учурда экономикалык кризисти жеңип, “элдин камын ойлогон” лидер катары сүрөттөлгөн. Сердар Бердымухамедов аймактарды кыдырып, азык-түлүк таңкыстыгы жана кымбатчылык көйгөйлөрүн чечип жатканы белгиленген.

Талдоочулар муну атасын ордун алмаштырчу мураскорду жарыялоо мөөнөтү жакындап калганына байланыштырууда.

Казакстандагы бийлик транзитинин таасири

Серепчилердин баамында президент Гурбангулы Бердымухамедовду Казакстандагы январдагы кандуу окуялар катуу чочуткан.

Борбор Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндө табигый газдын ири коруна ээ болуп туруп, эли жакырчылык сазына баткан Түркмөнстанда “социалдык жарылууга” алып келчү элдик толкундоолор чыгышы мүмкүн экенин эл аралык эксперт-аналитиктер мындан 5-6 жыл мурда болжолдошкон.

Казакстандагы газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башаламандыкка айланган окуя Ашхабадды да камтама кылганы социалдык тармактарга тараган.

Анан калса президент Бердымухамедов уулунан башка бирөөгө ишенбей жатканына Назарбаев менен Токаевдин бийликти өткөрүү жагдайы себеп болгону белгиленүүдө.

Ошондуктан президент Бердымухамедов чукулунан эле Халк Маслахатынын кезексиз жыйынын чакырып, ага чейин Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп, Улуттук коопсуздук министрлигине интернеттеги көз карандысыз булактарга бөгөт коюп, коопсуздукту күчөтүүнү тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG