Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

"Чехтер орус армиясынын агрессиясын унута элек"


Прага шаарындагы мурал. 21-март, 2022-жыл
Прага шаарындагы мурал. 21-март, 2022-жыл

Чехиянын бийлиги 300 миңден көп украиналык качкынды кабыл алганын билдирди. Чех премьер-министри дүйнө лидерлеринин арасынан биринчилерден болуп согуш жүрүп жаткан Киевге барып кайтты.

Чыгыш Европанын чордонунда орун алган өлкө куралдуу жаңжалдын жайылып кетишинен чочулайбы? Согуштан улам русофобиянын күчөп кетүү коркунучу канчалык жогору? Биздин суроолорубузга Масарык университетинин политология кафедрасынын профессору Мирослав Мареш жооп берди.

- Сөзүбүздү STEM социологиялык уюмунун соңку сурамжылоосунан баштасак. Коомдук пикирди сурамжылоо чехтер азыр согуштан мурдагыдай коркпой калганын көргөзүптүр. Куралдуу жаңжал Украинанын айланасындагы башка өлкөлөргө жайылып кетет деген тобокелдик дагы эле сакталуудабы?

Мирослав Мареш
Мирослав Мареш

- Менимче, андай кооптонууну айрым аналитиктер айтып жатат. Бирок украин элинин эр жүрөктүк менен туруштук берип жатышы орус армиясынын чабал экенин кайсы бир деңгээлде көргөздү. Ошол эле Грузия, Сириядагы согуштар же Крымдын оккупациясы маалындагыдай кубаттуу эместиги даана байкалып калды. Ал кезде каршы тараптын күчтөрүн жок кылуу үчүн тез чабуул коюуга жөндөмдүүлүгүн далилдеген эле. Украина орус аскерлерин токтотуп, сезилерлик жоготууларга учуратканы орустар ал өлкө менен чектелбей, андан ары жылат деген кооптонууну басаңдатты. Сокку урулушу мүмкүн делгендердин арасында Балтика өлкөрү, Молдова же Вышеград төрттүгүнүн мүчөлөрү (Чехия, Польша, Венгрия жана Словакия) аталып жүрдү. Бул албетте согуштун башында абдан кооптондуруп турду. Украиндер биз үчүн, чехтер үчүн да кан төгүп жатканы жаңжал биз жакка да ооп кетиши мүмкүн деген коркунучту азайтты.

- Чех жумурияты Украинаны колдоо, тилектештик көргөзүү жагынан абдан активдүү көрүнөт. Мунун себеби эмнеде?

Украинаны колдоо акциясы. 24-февраль, 2022-жыл
Украинаны колдоо акциясы. 24-февраль, 2022-жыл

-Ооба, чынында эле Чехия украиндерди колдоодо, жардам берүүдө абдан активдүү деп ойлойм. Аны биздин өкмөт башчы Петр Фиаланын Киевге барып кеткенинен да баамдаса болот. Же болбосо Украинанын элчилиги курал-жаракка акча чогултууну жарыялаган эле, жарым миллиард крондон (22 жарым миллион доллар) көп каражат түшүптүр. Украиналык качкындар менен да тилектештик күчтүү. Муну бир нече фактор менен түшүндүрсө болот. Биринчиден, Орусиянын согушту жайылтуусуна жол бербөө максаты турат. Экинчи жагынан Чехиянын 1938-жылдан калган Мюнхен комплекси бар. Ошондо Мюнхен келишимине ылайык, СССР менен Батыштагы өлкөлөр Чехословакияны сатып кетип, нацистттик Германиянын таландысына калтырып койгон. Бул жерде 1968-жылкы оккупациянын да жаңырыгы байкалууда. Ошол кездеги Чехословакия башынан кечирген окуялардан улам Чехияда орус армиясынын агрессиясына кыжырдануу унутула элек.

- Орусия бир нече күн мурун “дос эмес мамлекеттердин” тизмесин жарыялабадыбы. Ага 50 чакты өлкө камтылган. Бирок Москва Чехияны АКШ менен бирге буга чейин эле ошентип атаган. Эмне себептен? Дегеле Украинадагы согушка чейин Чехия менен Орусиянын мамилеси кандай эле?

- Орусиянын Чехияга карата позициясын, коркутуп-үркүтүүлөрүн, анын ичинде “дос эмес өлкөлөрдүн” тизмесине киргизгенин Москванын өзүнө көбүрөөк элди тартууну көздөгөнү менен түшүндүрсө болот. Себеби биздин саясий элитанын басымдуу көпчүлүгү Кремлдин режимине каршы. Муну менен бирге айрым чех саясатчылары Орусияга жан тартат. Алардын арасында орустар Украина га басып киргиче президент Милош Земан да бар эле. Анан Кремлдин саясатын ачыктан-ачык эле колдогондор да жолугат. Чехиянын саясий чөйрөсүндө, коомундагыдай эле ушундай бөлүнүү бар болгондуктан, Орусия Батышка каршы чыккан бөлүгүн өз тарабына тартууга аркеттенет. Ошон үчүн көп жылдан бери алар Москванын жалган маалымат таратуу кампаниясынын бутасы болуп келатат. Орусия Кремлчил көз караштагы түрдүү катмардагы адамдарды өзүнө тарта алган.

Эмне себептен Чехия жогоруда айткан “дос эмес өлкөлөрдүн” тизмесине кирип калганына токтолсом, бул былтыр Врбетице окуясына байланыштуу болгон. Чехиянын ошол кездеги өкмөтү 2014-жылы курал-жарак кампасына кол салуунун артында ГРУ турганы ачыкка чыккандан кийин катуу реакциясын билдирген. Жардыруудан чехиялык эки киши каза болгон эле. Чех бийлиги ошондо Орусиянын Прагадагы элчилигинин көпчүлүк кызматкерлерин чыгарып жиберген. Андан кийин Москва биздин өлкөнү кара тизмеге киргизген. Бул сес көрсөтүүчү, ошол эле маалда Чехиядагы орусиячыл күчтөрдүн мобилизациясына жем таштаган кадам болду.

- Украинадагы согуш, санкциялар орустарга каршы маанайдын жайылышына алып келбейби? Азыр бирин-серин окуялар жөнүндө маалыматтар түшүүдө, эл арасында да айтылууда.

- Албетте андай коркунуч жок эмес. Орус тилдүү кишилерди, мисалы ресторанда сөгүп, зекиткен учурлар, орус дүкөндөрүнүн бооруна жаман сөз жазып, же витриналарын сындырып кеткени жөнүндө маалыматтар айтылып жатат. Мындай жоруктарды токтотуп, орусиялыктардын баарын бир казанга салуу туура эмес деген чакырыктыктар жасалууда. Чехиядагы орусиялыктар арасында Путиндин режимин жакшы көргөн, анын таламын талашкан күчтүү уюмдар бар болгону да чын. Экинчи жагынан 1917-жылкы октябрь революциясынан киийн эмиграцияга кеткен орустардын урпактары тескерисинче Путин режимине каршы болгондор.

Аларга Москва бийлиги авторитардык режимге айлана электе көчүп келгендерди кошсо болот. Кыскасы, Чехиядагы орустардын жамааты да бир кылка эмес. Сиздин сурооңузга кайтсам, ооба, айрым кишилер жинин орустардан чыгаргысы келет. Алсак, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон Кызыл армиянын жоокерлерине коюлган эстеликке боек чачып кетишиптир. Бул - абсурд, эмне дегенде ал жоокерлердин арасында украиналыктар, кыргыздар, борбор азиялык башка элдердин өкүлдөрү да болгон. Албетте бул массалык көрүнүш эмес, бирин-серин учурлар тууралуу сөз кылуудабыз. Мен муну баса белгилейт элем. Кээ бир бейөкмөт уюмдар орустарга каршы айрым аракеттерди чех мыйзамдарынын алкагында териштирип жатышат. Биздин мыйзамдар улутунун неизинде кимдир бирөөгө асылууга, кол салууга жол бербейт.

Украинанын Прагадагы элчилиги. Март, 2022-жыл
Украинанын Прагадагы элчилиги. Март, 2022-жыл

- Чехиянын борбордук телеканалынан украин тилинде жаңылыктар тартууланып, кайрымдуулук концерттери, иш-чаралар уюштурулууда. Атүгүл ал мамлекеттин желегин чех президентинин кеңсесинен баштап, акимчиликтерге чейин көтөрүп жатышат. Өлкө 300 миңден көп украиналык качкынга баш паанек берди. Бирок бийлик, Прага шаарынын мэри качкындарга тиешелүү шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелип баратканын айтышты. Тилектештиктин чеги болобу?

- Ооба, андай күн дагы келет деп ойлойм. Ушу тапта тилектештиктин эйфориясы өкүм сүрүүдө десем болот. Элдин кайсы бир бөлүгү ошондой маанайдан жазбайт, колдоосун уланта берет деп ишенем. Бирок качкындар көбөйгөн сайын нааразы болгондор да пайда болот эмеспи. Согуш экономикалык кырдаалга да залакасын тийгизип жатпайбы, мунун бардыгын москвачыл күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп кетиши ыктымал. Прага же Брнодогу саясий элита, же чакан шаар-кыштактардагы билимдүү кишилерди айткан жокмун. Ансыз да социалдык тармактарда украиндерге акча көп төлөбөш керек дегендей ойлор айтыла баштады. Андайлар салыштырмалуу аз болгону менен социалдык-экономикалык абал начарласа күчөшү мүмкүн. Бирок көпчүлүк эл украин качкындарга жардам берүүнү уланта берет деп ойлойм, себеби бир топ украиндер Чехияда көп жылдан бери иштешет. Алар мурункудай кара жумушта эмес, кесипти, билимди талап кылган жерлерде да эмгектенишет жана жамаатка жуурулушуп жашаганды жакшы билерин далилдешти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG