Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Түркиядагы мигранттар кабылган күмөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандык мигрант аял белгилүү түрк ырчысы Серен Серенгилди «ур-токмокко алды» деп сотко берди. Ырчы болсо «Инстаграмдагы» баракчасына үй кызматтарында иштеген чет өлкөлүк мигранттар элге коронавирус жугузуп жатканын жазды.

28-марттын түнү өзбекстандык Гүлноза Маматова полицияга телефон чалган. Ал «Стамбул шаарында иштеп жаткан үйдө ур-токмокко кабылганын жана түн бир оокумда токойго ташталганын» айтып жардам сураган.

32 жаштагы мигрант келиндин окуясы боюнча арызды Стамбулдун Бейкоз райондук прокуратурасы териштире баштады. Өзбек келинге кол салганы айтылган үч кишиге «Адамды коркутуу жана ур-токмокко алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Гүлноза полицияга берген көрсөтмөсүндө белгилүү түрк ырчысы Серен Серенгилдин үйүндө иштегенин, ырчы дем алыш күнү аны уруп-сабап, андан соң сыртка чыгарып койгонун айтып берген. Гүлноза Маматова учурда стресс абалда тааныштарынын үйүндө жашап жатканын жана бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жабырлануучунун адвокаты Али Чезик «Азаттыкка» айтып берди:

«Учурда Гүлнозанын маанайы чөккөн, абалы жакшы эмес. Көчөгө чыккандан коркуп үйдө отурат. Мен Гүлнозанын адвокаты катары аны сабагандар оор жазага тартылышын көздөйм. Анткени бул окуяда адамды коркутуу, анын ден соолугуна зыян келтирүү, зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу кылмыштар жасалган. Ошондой эле Гүлнозага полициядан жансакчы бөлүп берүүнү талап кылдык».

Гүлноза Маматова үйүндө иштеген түркиялык ырчы Серен Серенгил 29-мартта «Инстаграмдагы» баракчасына «таанышымдын үйүндө иштеген өзбекстандык аял бир күн эс алууга чыгып коронавирус жугузуп келиптир. Бул мигранттар 10-15тен чогулуп алып бир үйдө жашашат. Ошондуктан сак болгула. Чет өлкөлүктөрдү жумушка албагыла» деп жазган.

Серен Серенгил өз баракчасында Гүлноза Маматованы урбаганын, кызматчысы ага жалаа жаап жатканын, Гүлноза өзү жумуштан кеткенин жазган.

Түрк медиасында өзбекстандык Гүлноза Маматованын окуясынан улам чет элдик мигранттардын абалына арналган макалалар жарыяланды. Басылмалар акыркы жылдары Түркияга Борбор Азиядан келип жаткан мигранттардын ден соолугунун абалы жергиликтүүлөргө залакасын тийгизеби деген сыяктуу темаларды талдашты.

Анкара шаарында кыргызстандык мигранттарды иш менен камсыз кылган фирманын өкүлү Айзада Жээнбекова коронавирустан улам иш берген үй-бүлөлөр чет өлкөлүктөрдү эми катуу текшерип жатышканын белгиледи:

«Анкаранын ичинде кыргыз кыз-келиндерди иш берүүчүлөр ооруканага барып медициналык тастыктама алдырып, үйүндө 5-10 күн карантинде кармаган соң жумушка алып жатышат. Анткени азыр балдары үйдө, жыйнаш керек, тазалаш керек. Бирок жергиликтүүлөр кооптонуп текшерип, ал эми буга чейин иштеп жаткандарды эс алууга чыгарбай жатышат. Мигрант кыз-келиндер көчөгө чыкпай эле үйдө иштеп турганы оң, анткени карантин маалында иш бергендердин сөзүн укпай эс алганы чыгып кеткендерди кайра жумушка албай жатышат».

Ал эми Анталиядагы «Айымдар коомунун» жетекчиси Периза Асанаaлиева Түркияда үй иштеринде эмгектенген мигранттар эс алуусуз иштеп жатканын билдирди:

«Кыз-келиндерди иш бергендер үйлөрүнөн чыгарбай жатышат. «Кайда барсаң да вирус жугузуп келесиң» деп эс алуу бербегендер көп. Чыгарса да кайра үйгө келгенде «толугу менен дезинфекциялоодон өтөсүң» деп кыйнап жатышат. Андыктан биз да кыргыз кыз-келиндерге «көчөгө чыкпагыла, эл чогулган жерге барбагыла» деп жатабыз».

Түркия, Стамбул.
Түркия, Стамбул.

Түркияда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан бери мектептер, жогорку окуу жайлары жана соода борборлору жабылган. Өлкөдө расмий өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес, бирок бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун көбү стамбулдуктар экенин маалымдаган. Вирусту жугузуп алгандар Анкара жана Измир сыяктуу ири шаарларда да катталган.

Түркияда расмий түрдө бир жарым миллионго жакын чет өлкөлүк мигрант жашап жатканы маалым. Алардын басымдуу бөлүгү дал ушул ири шаарларда эмгектенет.

Кыргызстандын элчилигинин маалыматы боюнча, Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Учурда жумушсуз калган жүздөгөн кыргызстандык мигранттар мекенине кете албай ара жолдо калганын социалдык тармактардан билдирип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG