Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Мигрант аялдын өлүмү көйгөйдүн бетин ачты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-июнда Стамбул шаарында 34 жаштагы тажик жараны Фируза Ахмедова мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланды.

Полиция мигрант келин өзү турган батирде "таяк жеп, башына желим баштык" кийгизилип өлтүрүлгөн деген бүтүм чыгарган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, прокуратура шектүүлөргө издөө салды.

Мигрант келиндин өлүмү тууралуу кабар социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

“Мигрант аялдарды коргоо” коомунун мүчөсү, доцент Эмел Жошкун бул окуя Түркияда чет өлкөлүк аялдар корголбой турганын көрсөттү деди:

Эмел Жошкун
Эмел Жошкун

"Жалпыга маалымдоо каражаттарынан аялдар кабылган зордук-зомбулук тууралуу укканда Түркияда мигрант аялдар дагы деле коргоосуз экенин көрөбүз. Анткени козголгон кылмыш иштери полициянын жана прокуратуранын карамагында калат. Мигранттардын басымдуусу мыйзамсыз, документи жок жашагандыктан, мекендештери каза болсо полицияга барып, көрсөтмө же арыз бере албайт. Тажикстандык келиндин өлүмүнөн кийин дагы тааныштары күбө катары полицияга көрсөтмө берүүдөн баш тарткан экен. Мындай жагдайлардан улам чет өлкөлүктөрдүн өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштери узап отуруп унутта калат. Аларга юридикалык колдоо жоктугунан сот жараяндарында адилеттүү чечим чыгары да күмөн".

Журналист Митхат Абакан көп жылдан бери Түркиядагы чет өлкөлүк мигранттардын сотуна катышып жүрөт.

Чет өлкөлүк аялдардын кылмыш иштерине аралашкан фактыларды иликтеген журналист адам күнөөлүү болсо, чет өлкөлүк же жергиликтүү деп бөлүнбөй тийиштүү жаза аларына токтолду.

Митхат Абакан Түркиялык журналист.
Митхат Абакан Түркиялык журналист.

​"Аялдын үй-бүлөсүн таштап, башка өлкөгө жумуш издеп келгенинин өзү эле кооптуу. Анткени ал барган өлкөнүн мыйзамдарын, тилин же менталитетин билбейт. Мындайда жагдай татаалдашат. Буга чейин мен жазган макалалардагы каармандарымдын дээрлик көбү Борбор Азиядан келген мигрант аялдар. Алар кандайдыр бир жагдайлардан улам кылмышка аралашат, киши колдуу болот же зордукталат. Ар биринин соттук жараянына катыштым. Түркияда чет өлкөлүктөр аралашкан кылмыш иштерин тергөө учурунда балким түшүнбөстүк, кыйынчылык болушу мүмкүн. Бирок соттук жараянда «сен бизден эмессиң, чет өлкөлүксүң» деп кемсинтип, жазаны оорлоткон же жеңилдеткен окуяларды көрбөдүм. Мыйзам алдында бардык жарандар бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ деп ойлойм".

27-июнда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн тажикистандык келиндин өлүмү тууралуу Түркиянын дээрлик бардык медиа каражаттары чагылдырды. Окуя чоң резонанс жаратты. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги шектүүлөрдү издөө боюнча кеңейтилген тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Бирок азарынча үрөй учурган кылмышты жасагандар табыла элек.

Доцент Эмел Жошкун мындай көрүнүштөр учурунда талкуу жаратканы менен бат эле унутта каларын, Түркияда зордук-зомбулук көргөн аялдар көбөйүп баратканын жашырган жок.

"Түркияда гендердик тең укуктуулук боюнча сот системасы толук кандуу иштейт десек жаңылышабыз. Өзгөчө мигрант аялдар көргөн зомбулук фактылары жазасыз калат. Айыптууга жеңилдетилген жаза берилгени да бул сыяктуу көрүнүштөрдү көбөйтүүдө. Түркиядагы мигрант аялдардын көйгөйүн негизинен мамлекеттик эмес уюмдар жана жергиликтүү аялдарды коргоо уюмдары көтөрүп жүрөт. Түркиядагы мигрант аялдардын үнүн жергиликтүү аялдар гана тийиштүү органдарга жеткизип жатат".

Түркияда «Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз» аттуу платформанын статистикасы боюнча 2018-жылы өлкөдө 440 аял киши колдуу болгон. 317 аял сексуалдык зомбулукка кабылган. Акыркы сегиз жылда Түркияда киши колдуу болгон аялдардын өлүмү эки эсе көбөйгөн.

Расмий маалыматка караганда Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG