Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Түркмөнстанда ашыкча нан сатып алгандар 15 суткага камалышы мүмкүн


Ашхабад шаары (Иллюстрация).
Ашхабад шаары (Иллюстрация).

Түркмөн бийлиги ун тартыштыгына байланыштуу мамлекеттик дүкөндөрдө нан сатууга көзөмөлдү күчөттү. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын ("Азатлык") кабарчылары билдиргендей, баш калаа Ашхабадда укук коргоо кызматкерлери жетиштүү көлөмдөн көп нан сатып алган жарандарды аныктоого аракет кылып жатышат. Бул үчүн алар видео жана фотокамераларды колдонушууда.

Мындан тышкары полиция дүкөндөрдү кыдырып, кезекте турган кишилерди да сүрөткө жана видеого тартып жатышат.

"Алар тиешелүү нормадан көп нан сатып алууга аракет жасаган кардарлар 15 суткага камаларын эскертишүүдө", - деди Ашхабаддын бир тургуну.

Учурда Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө аймактарга жараша эки же үч бөлкө арзан берилүүдө. Арзан нанды алуу үчүн күн сайын айрым аймактарда таңкы саат 5:30дан тарта узун кезек түзүлүп жатат.

"Азатлыктын" кабарчысы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, ун сатууда кызмат абалынан кыянат пайдаланган бир нече жогорку даражадагы аткаминер камалганын кабарлады.

Көгүлтүр отунга бай, авторитардык өлкөдө соңку жылдары жакырчылык жана экономикалык кыйынчылыктарга туш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG