Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Анкарадагы жардыруу: Түркия күрд козголоңчуларына сокку урду


Түркия, Анкара. Жардыруу болгон жер.
Түркия, Анкара. Жардыруу болгон жер.

Анкарадагы чабуулду түрк бийлиги террордук аракет катары мүнөздөдү. Бул кол салууга эч бир жоопкерчилик алган жок.

1-октябрда эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Расмий маалыматка караганда, анын дагы бир шеригин полиция жок кылган. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алган.

Интернетке чыккан тасмаларда министрликтин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн жардырганын көрүүгө болот. Бул жардырууга эч бир топ азырынча жоопкерчилик ала элек.

Жанкечтилер Кайсери провинциясынын Девели районунда 24 жаштагы ветеринар Микаил Бозаганды өлтүрүп, анын автоунаасын айдап кеткени белгилүү болду. Кайсери башкалаадан 260 чакырым аралыкта жайгашкан.

Түркия парламентинин имараты Ички иштер министрлигине жакын жайгашкан. Жардыруу депутаттар жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйынга чогулуп жатканда болду.

Президент Режеп Тайып Эрдоган ошол күнү парламентте сөз сүйлөп, Анкара террорчуларга каршы күрөштү улантарын билдирди:

"Өлкө ичинде жана сыртында акыркы террорчу жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Террордук уюмдардын саясатка багыт алышына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тоскоол болушуна жол бербейбиз. Бүгүн эртең менен эки канкордун жок кылынышы террордук уюмдун акыркы күрөшү. Жарандардын тынчтыгына, коопсуздугуна коркунуч келтирген шылуундар максаттарына жеткен жок жана эч качан жетпейт".

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарадагы кол салууну кескин айыптады.

"НАТО терроризмге каршы күрөштө Түркия менен тилектеш", - деп жазды ал 1-октябрда X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Анкарадагы жардыруудан улам Түркиядагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды.

"Анкара шаарындагы Кызылай районуна караштуу Чанкая аймагындагы жардырууга байланыштуу мекендештерди коопсуздукту сактап, көчөдө, коомдук транспортто абайлап жүрүүгө, сак болууга, эл көп топтолгон жерден мүмкүн болушунча оолак болууну өтүнөт", - деп жазылган консулдуктун Фейсбуктагы баракчасында.

Анкарадагы "Ала-Тоо" кафесинин кожоюну, кыргызстандык Элдар Орозалиев текшерүүлөр күч алганын "Азаттыкка" билдирди.


"Эртең менен жардыруу болгондон кийин район бир сааттай жабылды. Жардыруунун добушу катуу угулду. Жолдор кийин кайра ачылды. Азыр полиция көп, шектүү делген жарандарды текшерип жатышса керек, негизинен абал тынч", - деди кыргызстандык ишкер.

Түркия Анкарадагы кол салуудан кийин Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду. Анда Күрд жумушчу партиясына таандык 20 объект талкаланганын, үңкүрлөр, бункерлер жана курал-жарак сакталган кампалар бутага алынганын билдирди.

Полиция тараткан маалыматка ылайык, соккунун максаты "Күрд жумушчу партиясы жана башка террорчул элементтерди жок кылуу" болду.

Күрддөрдүн Rudaw маалымат агенттиги Ирактын түндүгүндө, Ирак менен чектешкен аймактагы Кандиль тоо кыркаларындагы район бутага алынганын жазды. Бул тоолордо Күрд жумушчу партиясынын базаларынын бири жайгашкан.

Аталган партиянын сайтындагы маалыматына ылайык, Анкарадагы жардырууну алар менен байланышы бар "Өлбөс батальон" тобу уюштурган. Бул топ 2016-жылы Стамбулдагы жардыруу үчүн дагы жоопкерчилик алган.

Жакынкы аралыкта түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуусуна жол ачкан документти ратификациялоо маселесин карайт. Буга чейин Анкара Стокгольмдон террорчулукка айыпталган, Швецияда бозгунда жүргөн күрд активисттерин берүүнү талап кылып келген.

Түркияда 2015-2016-жылдары бир катар жардыруулар болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG