Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

Бишкекте жоголуп, Анкарада табылган Инанды 21 жылга кесилди


Агартуучу Орхан Инанды белгисиз жагдайда жоголгон соң Бишкекте митинг өткөн", 16-июнь, 2021-жыл.
Агартуучу Орхан Инанды белгисиз жагдайда жоголгон соң Бишкекте митинг өткөн", 16-июнь, 2021-жыл.

Анкарада Жогорку Сот Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыратты.

Соттук отурумга адвокаты менен катышкан Инанды Кыргызстандын жараны экенин, анын билим берүү мекемелери террордук уюмга тиешеси жоктугун айтып, өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

Акыркы жети жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, "ФЕТО кыймылына тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде "Сапат" лицейлерин жабууну талап кылып келет.

"Мен Кыргызстандын жаранымын"

16-июнда Анкарадагы Жогорку Соттун отурумуна айыпталуучу Орхан Инанды адвокаты менен катышты. Yenişafak басылмасы айыпталуучу анда өзү жетектеген билим берүү мекемелеринин террордук уюмдар менен эч кандай байланышы жок экенин айтканын жазды.

"Күбөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү менин мыйзамсыз иштерге тиешем жок экенин айтышкан. Мени Кыргызстанда баары билет, мен ошол өлкөнүн жаранымын. Мыйзамсыз эч нерсе кылган жокмун. "ByLock программасын колдонгон" деген сөз жалган. Эгер мен күнөөлүү болсом, эмне үчүн Интерполго кайрылган жоксуңар? Эмне үчүн мени Интерпол аркылуу алып келишкен жок? Түркияда окуп, иштеген жылдары эч кандай мыйзамсыз иш менен алектенген эмесмин. Мен бүгүн өз мекенимди сүйгөн үчүн бул жердемин, аны менен сыймыктанам".

Инанды соттон өзүн актоону талап кылды:

"Өмүрүмдө бир да кылмыш ишине аралашкан эмесмин. Мекениме, элиме пайда алып келгенден башка нерсе кылганым жок. Элиме, адилеттүүлүккө болгон ишенимимди бузбайсыңар деп ишенем. Күнөөсүз соттолгонум абдан кейиштүү. Мен эмне кылсам да өлкөм үчүн жасадым, өкүнбөйм. Адилетсиз, мыйзамсыз айып таккан бул соттон мени боштондукка чыгарууну жана акталышымды талап кылам", - деди Инанды акыркы сөзүндө.

Бишкекте жоголуп, Анкарада табылган Инанды

Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда Бишкекте жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Кармалгандан кийин Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыптоо корутундусунда Инанды түрк бийлиги ФЕТО деп атап алган "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз Бишкектен аны кыргыз улутундагы үч адам уурдаганын, андан соң эртеси күнү Түркияга алып келишкенин "Азаттыкка" айтып берген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. 2021-жылды 23-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ал Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин моюнга алган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине расмий Бишкекти айыптап чыккан.

"Инандыны таап берем" деген адам сотто акталды

Кыргызстанда 2021-жылы Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткан кезде аны таап берүүнү убада кылган адам былтыр 29-октябрда Жогорку Сотто акталган.

"Клооп" басылмасынын маалыматында айтылгандай өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, Инандыны таап берем деп убадалап, анын жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автомашинасын алган деген шек менен мурда соттолгон 28 жаштагы жаран кармалган.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси менен кайра карала баштаган.

Бишкектин Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айыппул салган жана келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген. Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, кылмыштын курамы жок деген негизде аны актаган. Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Сойлу: Учурда 19 252 киши абакта жазасын өтөп жатат

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн диниятчы Фетхулла Гүленди жана анын "Хизмет" кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды "ФЕТО" же "Фетхуллахчы террорчул уюм" деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган.

Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу былтыр маалымат жыйынында "Бул кыймылга тиешеси бар делген жалпысынан 332 884 киши кармалган. Алардын 100 миңден ашыгына айып тагылган. Учурда 19 252 киши абакта жазасын өтөөдө" деп билдирген.

Акыркы жети жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" лицейлерин жабууну талап кылып келет.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтогдон анын өткөрүлүп берилишин талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") деп жарыялаган.

Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

Төңкөрүш аракетинен кийин президент Режеп Тайып Эрдоган дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан ФЕТО уюмуна тиешелүү делген ишканаларды, билим берүү жайларын жаап, анын мүчөлөрүн Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылган.


Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев буга каршы жооп берип, 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында "Себат" лицейин "Сапат" деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.

Кийинки шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын апрелинде Анкарага барган учурда да, ошол эле жылы сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келген учурда да ушул маселе козголгон.

Маселени түрк тарап Садыр Жапаровдун бийлиги тушунда да улам көтөрүп турат.

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери Кыргызстандын аймактарында ондогон лицейди, эл аралык “Ала Тоо” университетин, эл аралык “Силк Роад” мектебин, төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин камтыйт. Бул мекемелерде миңдеген мектеп окуучу жана студенттер билим алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG