Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Транспорт кризиси: эстен чыккан убадалар


Жык-жыйма троллейбуста бара жаткан жүргүнчүлөр. 2-июнь, 2021-жыл. Бишкек.
Жык-жыйма троллейбуста бара жаткан жүргүнчүлөр. 2-июнь, 2021-жыл. Бишкек.

Бишкек шаарындагы бир нече каттамды тейлеген кичи автобустар 5-июнда ишке чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Калаа жетекчилиги айдоочулар менен сүйлөшүү дале уланып жатканын, алардын ичинде бир тобу ишин улантып турууга макул болгонун билдирди. Ошол эле мэрия убакта кээ бир кичи автобустардын айдоочулары транспорттун сыртына “жол акы 15 сом” деп жазып алганын айыптап, аларга чара көрүлөрүн эскертти.

Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары үч күн ишке чыккан эмес. Мэрия болсо шаарды үзгүлтүксүз каттам менен камсыздоо маселесин чече албай жатат.

Жөө калган жүргүнчүлөр

Аптапта Бишкекте жүргүнчүлөрдүн жөө калганына үч күн болду. Оор баштык көтөрүп келе жаткан карыя агынан жарылды.

“Аялдамаларда киши толтура. Үч күндөн бери бизди ойлогон киши жок, чоңдоруңа деле баары бир турбайбы...”.

Жол кирени көтөрүүгө макулсузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

Таксилердин баасы асмандап, айрым шаардыктар өз машинеси менен эл ташууга кол кабыш кылууда.

Жарандык активист Элбек Хабибуллаев шаардын инфраструктурасынын негизи болгон коомдук транспорт көйгөйү үч күндөн бери чечилбей жатканына жергиликтүү бийликти күнөөлөдү.

“Шаардыктар ыңгайлуу шарт түзүп берсин деп салык төлөйт. Ал шартты мэр, Бишкек шаардык кеңеши камсыз кылышы керек. Бишкек республикалык деңгээлдеги шаар. Бул көйгөйгө өкмөт, парламент дагы кийлигишсе болмок. Транспорт маселеси бир нече жылдан бери эле айтылып келет”, - деди.

Коомдук транспорт кризиси партиялардын убадасын эске салды

2016-жылы шаардык кеңешке өткөн айрым партиялар шайлоо алдында коомдук транспортко байланыштуу калың убадаларды берген. Мандатка жеткен беш партия тең үгүт программаларында коомдук транспортту бир жолго салып, кала берсе “акысыз каттамдарды” уюштурмай болгон.

Жарандык активист Урмат Жаныбаевдин пикиринде курамында кесипкөйлөр болбогондуктан Бишкек шаардык кеңеши өз милдетин так аткара албай жатат. Жаныбаев шаардын аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөөчү орган коомдук транспорт кризисин алдын алуу үчүн беш жыл аралыгында аракет кылбаганын сынга алды.

Урмат Жаныбаев.
Урмат Жаныбаев.

“Негизи шаардык кеңеш жоопкерчиликтүү болот. Алар беш жыл иштеди. Депутаттын максаты кандай? Программаларында айтып жатпайбы, “транспортту чечип салабыз” деп. Бирок аны аткарбайт. Өзүнүн аймагындагы шайлоочуларга майрамда белек берип коюшат. Жалпы шаардын көйгөйүн ойлогон эч ким жок”.

Акыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланган. 2021-жылы 11-апрелдеги жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого мурдагы чакырылыштын депутаттарынын бир тобу кайрадан барышкан.

Дегеле, коомчулукта 2016-жылы келген Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына курулуш, тендер, жер маселесинде өз кызыкчылыктарын көздөйт деген айыптар, сын пикирлер арбын айтылды. Депутаттардын көпчүлүгү мурда-кийин жогорку бийлик бутактарында иштеген саясатчылардын балдары же жакындары.

Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев аларга айтылган дооматтарга мындайча жооп берди.

“Жоопкерчиликти маршруттук кичи автобусту чыгарган ишканалардын жетекчилери тартышы керек. Укук коргоо органдары буга чейинки февраль, январь айында ушуну баштагандарды аныкташы керек болчу. Социалдык тармактарда “бир жума чыдап койсок, тариф көтөрүлөт” деп сүйлөшүп жаткандары тарап кетти. Бир жума эмес, бир ай болсо дагы көтөрүлбөйт. Анткени 3-июнда гана токтомду алып келди. Ал сайтта бир ай турушу керек. Андан тышкары эл макул болобу же жокпу деген маселени карап, анан сессияга киргизебиз. Жөн эле асманды сүйлөп жатышат”, - деди шаардык кеңештин эл өкүлү.

Музуралиев жеке ишканалар буга чейин дагы өз кызыкчылыктарын көздөп, коомдук транспорт маселесин чечүүгө тоскоолдук жаратып келгенин кошумчалады.

Коомдук транспорт качан чечилери белгисиз

Шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев маршруттук кичи автобустун жол кире акысын жогорулатуу боюнча документ коомдук талкууга жакында коюларын билдирүүдө. Ырсалиев бул маселе шаардык кеңештин кийинки чакырылышында гана чечилиши мүмкүн экенин билдирди.

Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

“Алардын качан ишке чыгары белгисиз. Эмки жумадан баштап Өзбекстандан автобустар келет. Айдын аягына чейин 300дөй автобусту күтүп жатабыз. Булар мүйүздүү болобуз деп кулагынан айрылганы турат. Чынын айтыш керек, ага чейин эл өзүн өзү ташып жатат”.

Баш калаада жүргүнчү ташыган кичи автобустун айдоочулары күйүүчү май, азык-түлүк менен кошо эле автоунаа тетиктери, оңдоо иштери кымбаттаганын жүйө кылып, жол кире жогоруламайынча ишке чыкпай турганын айтышууда.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова шаардык бийликтин көйгөйдү чечүүдө алакан жайып отурганына нааразы. Ал шаар башчысын жоопкерчиликти колго алып, маселени тез арада жөнгө салууга чакырды.

“Эми ушуга жеткирбей чечиши керек болчу. Мэриянын өзүнүн транспорттук саясаты болот. Аны акырындап ишке ашырышы керек. Бул чечилбей турчу маселе эмес. Эки тарапты тең түшүнсө болот. Ошонун баарын мэр түшүндүрүп, негиздеп маселени колго алса болмок”, - деди Сооронкулова.

Жыл башында да коомдук транспорттун айдоочулары нааразылык акциясына чыккан. Алар алгач маршруттук таксиге жол кирени 15 сомго, кийин 20 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан.

Бишкек шаардык мэриясы абалдан чыгуунун үч жолун сунуштаган. Эң ыңгайлуу жол катары маршруттук таксинин баасын – 15 сом, муниципалдык транспорттукун (тролейбус, автобус) 11 сомго көтөрсө болорун билдирген. Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG