Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Транспорт көйгөйү: жол кирени көтөрүү сунушталды


Автобус
Автобус

Бишкек шаарынын коомдук транспорт көйгөйү кайрадан көтөрүлдү. Мэрия муну жол акысын кымбаттатуу аркылуу чечүүнү көздөп жатат. Учурда тиешелүү документтерди даярдоо иши башталган.

Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорт тармагында оор абал пайда болгонун билдирүүдө. Департаменттин маалыматына ылайык, күйүүчү май менен автоунаа тетиктеринин баасынын өсүшү коомдук транспорт тармагынын чыгымын көбөйтүүдө. Ушул себептен улам жумушчу топ түзүлүп, ал соңку үч айдан бери экономикалык талдоо жүргүзгөн.

Ага ылайык, троллейбус менен автобустун жол киресин 15 сомго, микроавтобустарда күндүз 21 сом, кечки 20:30дан кийин 32 сом ал эми экспресс-автобустарда 22 сомдон 32 сомго чейин жогорулатуу болжолдонууда.

Департаменттин жетекчиси Максат Нусувалиев буларды билдирди:

Максат Нусувалиев
Максат Нусувалиев

"Биз сунушту даярдап бүттүк, эмки жума министрликке кайрылабыз. Кайрылгандан кийин Экономика министрлигинин өзүнүн жол-жобосу бар. Алар эки айга чейин карайт. Андан кийин шаардык кеңеш эки-үч ай карап чыгат. Андыктан, азырынча тариф көтөрүлөт деп айтуу эрте. Эгерде коомчулук, биз, Бишкек шаарынын тургундары коомдук транспорттун өнүгүшүн кааласак, анда чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек. Качан гана татыктуу тариф болгондо, автобустар өз маалында оңдолуп-түзөлүп, жаңыланат. Сервистин оңолушуна түздөн-түз түрткү бере турган себептердин бири - ушул тариф. Сервистин өзгөрүүсүнө, транспорттук каражаттын өз маалында жаңылануусуна 90% түрткү бере турган себеп ошол".

Нусувалиев кирешеси азайган айдоочулар ишин таштап кетип жатканын, соңку 1,5 айдын ичинде шаарда алты маршруттук каттам жабылганын кошумчалады. Алар 110, 127, 155, 170, 269 жана 281 маршруттук каттамдар. Мындан тышкары 35 маршруттук каттам дагы департаментке ишмердигин токтоторун кабарлаган.

Шаардыктардын арасында жол киренин кымбатташына каршы чыккандар бир топ.

"Пенсионер катары мен, албетте, мындай нерсени терс кабыл алам. Анын үстүнө экономикалык жагдайды көрүп атасыздар да. Негизи бааны көтөрүү маселесин бир эле жолу караш керек болчу да, бир жыл ичинде эки жолу карап атпайбы. Бир күндө канча жолу каттайсың, ошонун баарын эсептегенде капчыкка оор тийет. Мисалы, эсептесеңиз, менин пенсиям болгону 4300 сом, жолдошумдуку 5800 сом. Бир күндө эки-үч жакка барып келиш керек, барыш-келишти эсептегиле... Анан ошону бир айда 28-30 күнгө көбөйтөлү. Канча чыгат?", - деп суроо салды Бишкектин Зейнеп аттуу тургуну.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, май айында 2 миң кичиавтобус каттамга чыгып иштеп турган. Соңку үч айдын ичинде 200дөй айдоочу жумушун таштап кетип, каттамдагы кичиавтобустардын саны азыр 1800гө азайды.

Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын башчысы Муса Катаганов жол кирени көтөрүү тартиби тууралуу айтып берди:

Муса Катаганов
Муса Катаганов

"Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзамга ылайык, ишкерлерге тиешелүү же болбосо жарандарга тиешелүү кандайдыр бир укуктук-ченемдик актыга өзгөрүүлөр киргизилип, ал жерде кандайдыр бир шарттар татаалдаштырылып же кошумча бир шарттар киргизилип атса, анда ал нерсеге жөнгө салуучу талдоо жүргүзүлүшү керек. Аны жүргүзгөндө, ошол жерде мэрия тарабынан жүргүнчү ташуучу компаниялардын тарифтик баасы так жана даана негизделиши керек. Ал жасалгандан кийин, мэрия өзүнчө кат менен Экономика министрлигине кайрылат. Аны министрлик карап чыгып "туура же туура эмес" деп корутундусун берет. Андай токтом долбоору жана жөнгө салуучу анализ келе элек. Келген соң каралып чыгат".

Департаменттин маалыматына ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн каражатка 240 автобус жана 12 электробус сатып алуу пландалууда. Тендер өткөрүлүп, келишимге кол коюу алдында турат. Биринчи партиясы ноябрдын аягы, декабрдын башында келери күтүлүүдө. Мындан тышкары мэриянын өзүнүн каражатына Кытайдан 120 автобус сатып алынат, аны кытайлык Zon Tong Bus компаниясы алып берет.

Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рысбай Аматов коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү боюнча шаардык кеңешке расмий кайрылуу болбогонун билдирди.

Рысбай Аматов
Рысбай Аматов

"Шаардык кеңеш былтыр 1-ноябрда тартып муниципалдык транспорттун 15 жана 11 сомдук тарифтерин бекитип бергенбиз. Себеби, Экономика министрлигинен берилүүчү расмий документ бар. Ошонун негизинде тарифти көтөрүп бергенбиз. Быйыл бизде андай расмий документ жок. Мэрия тараптан дагы эч нерсе түшкөн эмес. Ошондуктан, шаардык кеңеште тариф боюнча маселе жок".

Департамент жол кирени жогорулатуу шаар тургундарына көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтын сапатын жакшыртат, ошондой эле коомдук транспорттун техникалык абалын жакшыртат жана жаңылайт деп ишендирип жатат.

Урбанист Айгүл Насирдинова маселени чечүү үчүн шаардын аймагын жөнгө салуу керек деп эсептейт:

Айгүл Насирдинова
Айгүл Насирдинова

"Жол кирени кымбаттатуу аргасыз чара да. Антпесе да болбойт. Күйүүчү май кымбаттап атат, транспорттун саны аз. Миллиондук шаарга кантип 250 автобус, 120 троллейбус жетсин? Алар бааны аргасыздан көтөрөбүз деп жатат. Экинчи жагынан,тарифти көтөрсө социалдык көйгөйлөр курчуйт. Анткени, соңку кездери батир акысы көтөрүлүп кетти, студенттердин жатаканасы жок, айрым адамдар батиринен чыгып калды. Тамак-аш алда качан эле кымбаттаган. Эми жол кирени көтөрсө социалдык чыңалуу өсөт. Ошондуктан, шаардын транспорт көйгөйүнө өкмөт жардам берип, автобустарды көбөйтүү зарыл. Антпесе, өкмөт элдин тиешелүү жообун ала баштайт".

Бишкек шаардык кеңеши 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып коомдук транспорттун жол киресин көтөргөн токтом чыгарган. Ага ылайык, шаар ичиндеги жол кире автобус менен троллейбуста 8 сомдон 11 сомго, кичиавтобус каттамы 10 сомдон 15 сомго жогорулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG