Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

Төрт партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды


Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Артур Медетбеков, Мелис Мырзакматов, Эржан Кайыпов
Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Артур Медетбеков, Мелис Мырзакматов, Эржан Кайыпов

Жогорку Кеңештин шайлоосунда босого пайыздан өтпөй калган бир нече партия, шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти.

“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” жана Социал-демократтар партиясы 29-ноябрга караган түнү чогуу маалымат жыйын берип, добуштар бурмаланганын айтып, бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Кайра шайлоо өткөрүү жана Министрлер кабинетин отставкага кетирүү талабы

28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым саясий партиялар 29-ноябрга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги штабына чогулушту.

“Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Социал-Демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов маалымат жыйын өткөрүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов шайлоонун жыйынтыгын жыйынтыгы бурмаланганын билдирип, "дүйнө таң калгандай ыплас шайлоо өттү" деп айтты. Ал төрт партиянын чогулган себебин мындай түшүндүрдү:

“Онлайн режиминде бүт дүйнөнүн алдында ушундай одоно бурмалоого барды. Аны коомчулук карап турду. Токтоосуз түрдө шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамын, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылабыз. Башка шайлоо өтүшү керек”, - деди Мырзакматов.

Социал-Демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков шайлоону одоно бузууга жол бергендердин жоопкерчилигин кароону талап кылып, саясий жарыштын жыйынтыгына нааразы болгондорду өз пикирин айтууга чакырды.

“Садыр Нургожоевич Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, муну талкуулаш керек. Эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, Министрлер кабинети таза шайлоону камсыз кыла алган жок? Бул биздин доомат эмес, муну дүйнө жүзү, калк көрдү. Үч партияны толугу менен колдойбуз. Жыйынтыкка макул болбогон саясий партияларды өз сөзүн айтууга чакырабыз”, - деди Момбеков.

Талапкер Тилек Токтогазиев партиялардын добуштарын кайра санаганда "20 миңден 30 миңге чейин добуш азайып" кеткенин айтты.

“Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков “добуш берүү бүтөөрү менен тилкелерде шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап, протоколдорду партиялардын өкүлдөрүнө берген эмес” деп билдирди.

Чогулган партиялар буга чейин дагы шайлоо жыйынтыгына нааразычылыгын алгачкылардан болуп айтып чыгышкан. Биргелешкен билдирүүсүндө кийинчерээк дагы кошумча маалымат берилерин белгилешти.

Бийлик БШК мыйзам бузса жазаланарын билдирди

Бул партиялардын билдирүүлөрүн утурлай президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылган. "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жайгаштырган билдирүүдө ал партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды.

"Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо жараянына кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү, ачык айткыла! Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!", - деди Жапаров.

Серверден ката кеттиби?

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүргөн. 28-ноябрда Шайлдабекова “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, БШКнын онлайн системасында ката кеткенин маалымдаган.

“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн жыйынтыгы баштапкы экенин эскертип, ал юридикалык мааниге ээ эместигин белгилеген. Ошол эле учурда төрайым колго саналган бюллетендер менен электрондук санак ортосунда көп айырма болбой турганын кошумчалаган.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков шайлоодо добуш берүүнү камсыздоочу электрондук сервердин ишинде мүчүлүштүк болбогонун журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, добуш берүү аяктаганча эч кандай мүчүлүштүк болгон эмес.

"Президенттин атайын тапшырмасы менен мен сервердин ишине көзөмөл кылууга бекитилдим. Сервер турган жерге сырттан кийлигишүү болгон жок. Эртеден кечке мен өзүм ага көзөмөл кылып турдум. Электрондук системанын үзгүлтүккө учурашы - шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт. Анткени, бардык добуштар кол менен саналып чыкмайынча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыкпайт", - деди Масадыков.

Ага чейин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк "кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетиргиси келген күчтөрдүн саботажы болушу мүмкүн" деп айтып, бул үчүн Боршайком түшүндүрмө бериши керектигин белгилеген.

Шайлоонун жыйынтыгына ыраазылардын пикири

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Босого чектен өткөн партиялардын ичинен айрымдары шайлоонун таза өткөнүн айтып жатышат. Маселен, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо штабынын жетекчиси Кабыл Мамбетаипов парламенттик шайлоо мурункуларга салыштырмалуу таза, акыйкат өттү деп эсептейт.

"Мен дээрлик 30 жылдан бери шайлоодо иштеп, аралашып келе жатам. Бул шайлоодо административдик ресурс колдонулбады жана добуш сатып алуу аракеттери болгон жок. Ошондуктан, бул жолу шайлоодо аз адам добуш бергени менен, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза өттү".

Мамбетаипов "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси жок экенин кошумчалады.

Босого чектен өткөн "Альянс" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул жолку шайлоо салыштырмалуу жакшы өттү деген пикири менен бөлүштү:

"Бул жолу бардык талапкер партия жана ар бири өзү үчүн иштеди. Парламентке чыныгы лидерлер, элдин элегинен өткөн өкүлдөр келет деп ойлойбуз. Бул жолу салыштырмалуу бир топ жакшы. Бир эле күндө оңолуп кетебиз дегенден алыс болушубуз керек. Кийинки шайлоолордо дагы ушундай болсо жакшы болуп кетебиз. Мыйзам бузуулар болду, ИИМдин маалыматын дагы уктук, социалдык тармактарда чыгып жатты", - деди Сулайманов.

Ошол эле кезде мандат алууга жетиштүү упай алган оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияснын лидери Адахан Мадумаров БШКнын сайтында 1 миллиондон ашуун добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калды деп сынга алды. Анын пикиринде, аралаш система менен шайлоого добуш берүүнү шайлоочулар түшүнбөй калды:

"Мына көрдүңүздөр, бир аз убакыт мурда эле БШК жалпы 1,2 млн. чамалуу шайлоочу добуш берди деп маалымат берип жаткан. Мына, азыр көрүп турасыздар, бийликчил төрт партия миллион чамалуу добуш алды деген маалымат пайда болду. Калган үч партияга 200 миң добушту кантип бөлүп берет? Мен шайлоо учурунда бийликтин - эки достун жана элдин таймашын гана көрдүм. Азыр эми кечээ пайда боло калган төрт партия ийгиликке жетишип жатат".

«Эл Үмүтү” саясий партиясынын Аскар Алмаз уулу Kaktus.media басылмасына шайлоо жыйынтыгына нааразы экенин маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG