Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Жогорку Кеңешке кайсы партиялар жана талапкерлер өтөт?


Парламенттик шайлоонун жүрүшү, Бишкек. 2021-жылдын 28-ноябры.
Парламенттик шайлоонун жүрүшү, Бишкек. 2021-жылдын 28-ноябры.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү добуш берүү аралаш система боюнча өттү. Шайлоочулар талапкерлерди бир мандаттуу округдардан жана партиялык тизме боюнча тандашты. Андан сырткары партиянын ичинен дагы талапкерди шайлашты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Аны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Бул шайлоодо партиянын ичинен эң көп добуш алган талапкер депутат болот.

Бир мандаттуу округдардан эң көп добуш алган талапкер депутат болот. Алар үчүн шайлоо босогосу каралган эмес.

Парламенттик шайлоо 2021-жылдагы төртүнчү чоң шайлоо болду. Быйыл январда президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандаган референдум өттү. Апрелде Конституциялык реформа болду. Баарында добуш берүүгө келгендер 40% ашкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG