Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Тайбас кыздын тайкы тагдыры


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Касым Сулайманов адеп-ыймандык темаларды арбын козгогон жазуучу эле. Таажы вирус таланттуу калемгерди алып кетпесе чыгармачылык ой-пландарынын бир тобун ишке ашырып кетмек. Бул ирет жазуучунун “Кыз алган жар” аңгемеси тууралуу сөз кылабыз.

"...трактор жытыңдан"

Муктардын айылдашы Марал ачык-айрым, шайыр кыз болчу. Ошон үчүн алдына келгенде мукактанып сөз таппай калчу жоош жигиттин тракторуна өзү түшүп, жөн кетпей кучактап туруп эки бетинен өөп жатпайбы.

"Ох, трактор жытыңдан" деп ошондо айткан. Анысы жоош-момундун сезимин козгоп, ал күнү өзүнөн-өзү толкунданып, айылдагылар шайкелең дечү кызды гана ойлоп, ошону менен гана жолугууну эңсеп калды. Деле кыз жанына баралбаган неме ал күнү өзүн баатыр сезип, элдин баары анын бактысына суктанып, атүгүл айрымдары ичи тарып жаткандай бир башкача абалда жүрдү.

Мектепти жаңы бүткөн кыздын өзүнөн эки жаш улуу жигитти жактырып калганы кеп жатпас айылда Муктардын апасы Санам энеге да жетти. Жүүнү бош уулуна тырсылдаган тың кыз алып берсем деп жүргөн эненин кубанычында чек жок эле. Эки тарап той камын көрүшүп, көп өтпөй Муктар менен Маралды үйлөнтүп коюшту. Жыл айланбай Санам эне кичүү уулу Шайлообек менен калып, экөөнү башка үйгө бөлүп койду.

Муктар чарба иши деп кечке талаада, колхоз башкармасы аны жыйын сайын мактап, айлыгы арбып, экөөнүн жашоо-тирдиги тез оңолду, эки бөлмөнүн жанына келиштире жаңы үй салышты. Ал арада балдары да кол арага жарап, үй-бүлөнүн чарбасы кеңейип, үйүнөн конок үзүлбөчү болду. Ошондой күндөрдүн биринде Муктар апасы менен коңшусу Айдарды конокко чакырып, улуулардын ыраазычылыгын алса, аялы бала-чакасы менен кыйналып тапкан байлыгын ушинтип чача беришин жактырбастыгын айтып Муктарды катуу жемеледи.

Бара-бара Маралдын урушу күчөдү, күйөөсү майланышкан трактордон башка эмне билет деп, аны апачык каарыганга өттү. Атасы эч нерсе менен иши жок момун, эби жок экенин күн сайын айта берип балдарын Муктардан жатыркатып салды.

Чоң уруш колхоз байлыгынан Муктарга дөңгөлөктүү трактору гана тийип, баягы бардар жашоо жоголуп, колу жукарып турган чакта апасын акыркы сапарга узатууга кетчү союштан улам чыкты. Аялы чыгымды кемпирдин бар байлыгын кармап отурган Шайлообек чыгарсын, сенин тракторуңан башка эмнең бар, аныңды алып үйдөн чыгып кет, дегени жанына баткан Муктар да сүйлөнүп, капыс башталган уруш экөөнүн ажырашуусу менен аяктады. Чатак тереңге кеткенин көргөн Муктар ажылдаган катыны менен урушуп отурууну каалабай үйүнөн чыгып кеткен.

"Көзүнөн жаш ыргый жаздап, каңырыгы түтөдү. Баарынан да балдарынын апасы тарап болуп туруп алганына ичинен түтөп турду. Эмне кыларын билбей, муундары калчылдап, күтпөгөн жерден өз үйүнөн уулуу жылан чыкканына чыдай албай эркек болсо да көзүнөн жашы шорголоп куюлду. Апасы өлүп жатса, көңүлүн көтөрүү ордуна аялынын ит болуп кабышы намысына тийип, аргасы түгөнүп, малкана жактагы жыгачтын үстүнө отуруп алып, жашы элүүдөн өтүп калганда кор болгон Муктар апасы эки өлгөндөй узак ыйлады. Аял эстүү болбосо, бул дүйнөдө кор болуп калуу оңой эле экенин, өзүнүн бул үйдө эсептен биротоло чыкканы ушул экенин туйду Муктар. “Бул мастан менен бирге жашап болбойт!”. Муктар барып иниси Шайлообектин үйүндө жатты. Ага да бардык болгон окуяны айтып берди. Шайлообек агасынын тагдырын ансыз деле билчү. - Малыңдан бирди сат, акчасын алып кет,- деди. Муктар жаңжалдын баары ошол малдан чыгып жатканын айтты.

- Анда Бишкекке Асанга бар, ал сага эч болбосо бир иш таап берүүгө жардамы тийет.

- Мен да ошону ойлоп жатам”.

Ошо Муктар эр ортонунан ооп калган куракта үйүнөн куулуп, балдарынын бири да атасына болушпаганына ичи күйүп башкалаа Бишкекти көздөй жол тарткан. Турмуштан жолу болбогондордун көбү ушу жерге келишчү, колхоздун мыкты тракторчусунун да үмүтү ушул жердеги тууганында болчу. Марал бирөөгө тик карай албаган шөлбүрөгөн күйөөсүн үйүнөн кууп чыкканына корстон болуп, "иш таба албай шөлпөйүп кайра үйгө келет" деп кылган ишине санааркабады.

Уйчу

Иш дегенде баарын жыйыштырып, табылган жумушту аткаргыча тыным албаган адам ара жолдо калбайт экен. Шаар жанындагы уй фермага ишке орношуп, анын күнү-түнү түгөнбөгөн түйшүгүнө кайыл болгон Муктар кечке малга чөп ташып, сүт ташып, анан баары тынчып, уйкуга кирчү маалда жалгыз жатып санаага басырылат.

“Уктаар алдында үй-бүлөсүн ойлоп, өз үйүнөн ит катары айдалып чыкканына ичи туз куйгандай ачышып, уктабай чыккан күндөрү болду. Үй-бүлөдөн ажыроо ушунчалык оор кайгы экенин сезди. Ичи букка толуп, кээде жаткан жеринен тура калып үшкүрүп жиберген күндөрү көп кайталанды. Күндүзү иш менен алаксып баарын унутуп койгондой болот да, кечкурун жалгыз болуп калганда, үйү эч оюнан кетпей ичин өгөөдөй өйкөп жүрдү.

Иши илгерилеп, айлык да улам көбөйүп отурду, анткени башкасы башка, Муктар эзели иштегенден качкан адам эмес эле. Саанчы аялдар да Муктарды улам жакындан билгенден кийин, жакшы адам экенин байкашып, кайдан келгенин, үй-бүлөсү бары-жогун, айтор ошондойлордун баарын өзүнөн сурап билишти. Анын кулк-мүнөзү, адамга, кызматка болгон мамилесин да электен өткөрүштү. Тамашага салып:

- Үйлөп коёлубу?,- деп да жиберишет. -Азырынча коё тургула,- деп коёт Муктар.

Анын аял атпайдан ушунчалык көңүлү калган эле. Кээ түндөрү коколой башы калганына капаланып, ичи өрттөнөт. Аялдар аны билбей:

- Үйлөнөсүңбү?,- дешет.

-Жок,- дейт Муктар

-Эмнеге жок.

-Жашоого үйүм жок.

-Үйлөнсөң, үй таап беребиз,- дешет алар.

Ошентип үч жыл билинбей өтүп кетти. Муктар ойлосо, элүү үч жашка келип калыптыр. Эми аял жөнүндө өзү да ойлоно баштады, бирок Маралдай дагы бирөө жолугуп калып, шорум шорподой кайнабаса экен деп тилейт кудайдан. Саанчылардан бир гана Салима деген келин бой жүрөт, калган аялдардын бардыгы үй-бүлөлүү. Ошол Салима кээде кирин жууп, кээде тамак апкелип Муктарга каралашып жүрдү. Ал кыркка чамалап калган ак жуумал келген, сулууча келин”.

Тагдыр жолу аны мына ушул тартынчаак келин менен байланыштырып коёру ал кезде түк оюна келген эмес. Биринчи жашоосунан тумшукка жеген, эркек башы менен үйүнөн куулуп чыккан момундун жүрөгү биротоло өлүп калыптыр. Бирок кээде Салиманын жашамал адамга макул болушу кыйын деп ойлочу.

Марал деле башында жакшы болчу, дугдуюп унчукпаган күйөөсүн ой-боюна койбой кучактап өөп, эркелетип, ичке толгон бугун чыгарып алчу. Антпесе тигинисинен кеп да чыкчу эмес, аракет да жок эле.

Жаңы турмуш

Салиманын деле кандай экенин билбейт, Муктардын көңүлүн алыш үчүнбү кээде кирлерин жууп, тамагын бышырып коёт. Тартынабы, Маралга окшоп өөп-кучактап ийбейт. Анан ошол Салима экөөнү бир күнү чогуу иштегендер машинага отургузуп бир үйгө алып барып, кой союп, той кылып, катар отургузушуп:

- Ушул үй экөөңөрдүкү, үйүңөр кут болсун!,- дешип жаалашып куттук айтышты”.

Бул турмушта ойдо жок кызык иштер көп эле болот го. Муктар Салима экөө бирге түтүн булатып чогуу жашап калабыз деп ойлогон эмес. Турмуштук алгачкы кадамы ийгиликсиз аяктап, ошондон баарына этият, чочулоо менен караган эки бакырдын үй-бүлөлүк жашоосу ойдо жок жерден бир нукка салынганы деле жакшы болгон экен. Ынтымактуу үй-бүлөнүн жашоо-турмушу оңолуп, эки уул бир кыздуу болушуп, ортолук жаш айырма деле билинбей турмуш арабасы акырындан кыбырап, убакыт өтө берди. Муктардын жаңы жердеги жашоосуна деле жыйырма жылдай убакыт колдон суурулуптур.

Бирок карылык келгени эски малдын көзүндөй болуп жаш кезиң, кыз алган жарың баары бир эсиңе түшөт экен. Мурдагы таарыныч, капалык четте калып, жаштык кез, шайыр-шаңдуу учуруң көз алдыңа туруп каларын ким ойлоптур?!

Өткөндү эңсөө балдарына арнап ай сайын эринбей банкка барып салчу акчасы бир миллиондон ашканын уккандан кийин күчөдү.

Аялына айтса ал да туура көрүп эр жетип калган Тилегин ээрчитип айылына карай жол тартты. Келгенде уккан жаңылыктары жарпын жазган жок. Чоң уулу абакка түшүп, эки кызы Орусияга иштегени кеткен боюнча дайынсыз жоголуптур. Баарынан жаманы кыз алган жары Маралды айылдаштары кодулап четтетип салышыптыр. Аны үйүнө алып кеткен иниси кайтыш болгондон кийин келини кайнежесин карылар үйүнө жаткырып койгонун укту. Кантсе да кыз алган жары эле, ичи ачышты. Эртеси аны издеп карылар үйүнө барса тигиниси ушуну эле күтүп тургандай үйдүн ачкычын берип “мени бул жерден алып кет” деди. Муктар түшүндү. Көздөрү чүңүрөйүп, эти менен сөөгү эле калган кемпирдин жашоо күнү аягына келип калганын Муктар айттырбай туйду.

Айылда ээн калган эски үйдү апыл-тапыл тазалап, алы куруган Маралды алып келгенден эки күндөн кийин көз жумду. Муктар Тилек экөө айылдаштары менен маркумдун акыркы зыйнатын жасап, кыз алган жарын жайына берип, үйдүн ачкычын инисине таштады. Абактагы уулу келсе кирерге үйү болсун деди.

Ал эми өзүнө ошол эле айылынан сатыкка коюлган үйдү алып бала-чакасын көчүрүп келүүгө шаарга келе жатты. Узак жолдо аны дагыле өткөнү эсине түшүп, оюнан кыз алган жары Марал кетпеди. Турмуштун опсуз соккусунан бели майышкан кемпир бир кезде кылактаган сулуу кыз болчу. Айылдагы топ жигиттердин арасынан жоош-момун Муктарды тандаганы, сүйүүсүн ачык билдиргени сезимине жылуулук таратып, анан экөөнүн тагдыр жолу эмнеге айрык жолго түшкөнүнө, буга ким айыптуу экенине башы жетпей ой басып келатты. Марал анын жаштыгы эмес беле.

“...зирек эле байкушум, өлөр күнү саналып калганын билген экен. Бирок “чыгарып кет” деп туугандарынын кимдир бирөөсүнө эмес, мага айтканын карачы... Анан алыскы-алыскы жигит кези, трактор айдап бара жатканда, Маралдын жоодурап кол көтөрүп турганы, кыз башы менен тартынбай, алгачкы жолу бетинен өпкөнү эсине түштү. Марал чечкиндүү кыз болчу... Ошондогу жылуулукту эстеп, ичи туз куйгандай ачышып, көзүнөн жаш кылгырды... Олтургандарга билгизбей жашын сүртүп, буурул башын чеңгелдеп, ойго чөктү. Көрсө, Маралдын оюндагысын кылып, ашкере алчактатып, эрке талтаң кылган өзү экен. “Аялды башынан...” дечү эмес беле, Муктар жаш келинчегине башынан бекем боло албаган турбайбы, дал ошол жумшактыгы акыры келип өз башына таш болуп тийиптир... Канчалык жек көрүп, жектебесин, ыза болуп, күйүп-бышпасын, көңүлүнүн тээ түпкүрүндө Маралга деген бир жылуулук калганын азыр билип, ага өзү да таң калды, бу адам дегениң ушунчалык табышмактуу болорбу, кысталак?!.

Марал кантсе кыз алган жары болчу, кечээ Маралды эле көмбөстөн өзүнүн жаштык кезин, өткөн турмушун кошо көмгөнүн, эми келме-кезек өзүнө жеткенин Муктар эми гана даана сезди”.

Айып бирөөндө эместигин, ага экөөнүн тиешеси бардыгын, бириси тентек болсо экинчиси жөнтөк, бирөөсү тажаал болсо экинчиси акылдуурак чыгып, чарт жарылган талаш өртүн өчүрүп коюшса болмок. Бир сөз экиге көбөйүп, уруш күчөп, үйдөн чыгып айылга жайылып, аягы экөөнүн ажырашуусу менен бүттү. Айып кимисинде эле?

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG