Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Сыноолорго сынбаган адамдын тагдыры


Туткунга түшкөн советтик жоокерлер. Беларус. 1941-жыл.
Туткунга түшкөн советтик жоокерлер. Беларус. 1941-жыл.

Нобел сыйлыгынын ээси, орус сүрөткери Михаил Шолоховдун “Адам тагдыры” аңгемесинде толгон-токой сыноолор, тоскоолдуктарга баш ийип мүңкүрөп калбаган эрки күчтүү адамдын жашоо үчүн күрөшү сүрөттөлгөн.

Тоборсуй элек кумдак жол

Согуштан кийинки жылдагы жаздын ала-шалбыртында алтымыш чакырым алыстагы жерге барууга камынып жолго чыгышкан. Арабага кошулган семиз эки ат менен жетер жерге кыйналбай барып каларбыз деп ойлошкон. Жакшы тоборсуй элек жолдо аттарды тер басып, өздөрү да чарчап, жарым жолуна алты саат дегенде араң жетишти.

Малга деле убал, ак көбүк чачкан аттарды арабадан чыгарып отко коюшуп, Еланка дарыясынан аркы өйүзүнө эски кайык менен эптеп өтүштү да, жолдошун көздөгөн жерге жөнөтүп жээкте калган. Ошол жерде бала ээрчиткен бейтааныш менен сүйлөшүп, анын ары татаал, оор, кайгылуу баянын укту. Анын “айтып болгус муң менен кайгыга толгон, пенде дит багып карай алгыс тунарган нурсуз” көздөрүн карап, бу эки аяктуу адамың ушунчалык оор кайгыны кантип көтөрүп жүргөнүнө таң калды.

"Кээде түнү бою кирпик какпай чыгасың, караңгы боштукка тигиле карап жатып: «Эх, жашоо, кайсы күнөөм үчүн сен мени ушунчалык майып кылдың? Кайсы айыбым үчүн мынчалык мертинттиң?» деген ойго кетесиң. Көөдөй караңгы түндөн да, жаркырап тийген күндөн да жооп ала албайсың... Жооп жок, ага жетпей да калат окшойм!" - деп муңканып отурса жанына чыдап отуруш кыйын.

Советтик жазуучулар: Михаил Шолохов (биринчи катарда солдо), Евгений Петров жана Александр Фадеев (экинчи катарда турушат) талкаланган немис танкынан алынган буюмду көрүп атышат. 1941-жыл.
Советтик жазуучулар: Михаил Шолохов (биринчи катарда солдо), Евгений Петров жана Александр Фадеев (экинчи катарда турушат) талкаланган немис танкынан алынган буюмду көрүп атышат. 1941-жыл.

Дарыя жээгинде тагдыр жолун айтып отурган адам – Андрей Соколов оголе көп жумуштарды жасаган, уста да, жумушчу да болгон, бирок баарынан машине айдаганды жакшы көргөн алыбеттүү киши экен. Жана булардын жанына келгенде ээрчиткен баласынын тыкан кийингенинен, жамаачы болсо да кийими таза жуулганынан баланы жакшы караганын байкаган.

Өзү Воронеж губерниясынан экенин, совет бийлиги жаңы келгенде жарандык урушка катышканын, ачарчылык каптаганда Кубань тарапка ооп келгенин айтып отурду. Ачкалык айласын кетиргенде кубандык кулактарга жалданып иштеп, кийин жыгач уста, заводдо жумушчу болуптур. Совет бийлиги менен кошо келген ачарчылык ата-энесин, бир туугандарын жалмап, жалгыз коколой башы калып Воронеждеги заводдо ширетүүчү болуп иштеп жүргөндө үйлөнүптүр.

Аялы Ирина балдар үйүндө тарбияланган, “шаңкылдаган шайыр, акылдуу, жароокер, тил алчаак, элпек” жан эле. Каргадай кезинен катаал турмушка кабылып, анысы пенделик жүрүм-турумуна таасир кылбай, жакын адамына мээримин төгүп, жакшылык гана кылсам деген боорукер жан болчу. Андрей канча ирет үйүнө темтеңдеп мас болуп келди, ачуу сөзү тийди, аялы бир да жолу кабагын чытыбай, кайра үстүнө үйрүлүп, “Андрюшалап” турчу.

Экөө бир уул эки кыздуу болушту. Андрей заводду таштап шопур болуп кеткенден кийин билинбей он жылдай убакыт өтүп кетиптир. Балдары мектепте жакшы окушту, улуусу Анатолий математикадан мыкты чыгып, ынтымактуу үй-бүлөнүн иши жүрүп согуш алдында жер алып, чакан үй куруп алышкан. Бир айыбы - ал үйү авиазаводдун жанында курулуп калганы болгон экен.

“Анан эле согуш чыгып кетти. Экинчи эле күнү аскер комиссариатынан чакыруу келди, үчүнчү күнү – эшелонго чыккыла деди. Мени үйдөгүлөрүмдүн төртөө тең – Ирина, Анатолий жана кыздарым – Настенька менен Олюшка чогуу узатып барышты. Эркек да, уулум сыр берген жок, бирок кыздарымдын көзүнөн канткен менен кылгырган көз жаш жылтырап турду. Он жетиге келип калган Анатолийимдин сууктан чыйрыгып аткансып улам ийиндери калтырап, Иринам болсо... Чогуу түтүн булатып жашаган он жети жылдык турмушубузда мен аны эч качан мындай абалда көргөн эмесмин. Түнү бою ийиндерим менен көйнөгүмдүн төшү анын көз жашынан кургаган жок, эртеси таң эрте деле ошол көрүнүш кайталанды... Вокзалга келдик, мен боорум ачыгандыктан, ага дит багып карай албайм: эриндери көз жаштан шишип кетиптир, чачы саксайып, жоолугу ийнине түшүп турат, жашылданган көздөрү болсо акыл-эсинен ажырган адамдыкындай тунарат. Командирлер вагондорго чыккыла деп буйрук берди, ал болсо боюн мага таштай, колдору менен моюнумдан бекем кучактап алды, кыйылган дарактай денесинин калтыраганын айтпа... Балдар да, мен да кой десек да эч кимибизди уккусу жок! Башка аялдар күйөөлөрү, уулдары менен сүйлөшүп жатышты, менин аялым болсо бутакка жабышкан жалбырак сымал мага жабышып калган, денеси гана титиреп, оозунан сөз чыкпайт. Мен чыдабай кетип: «Кымбатым, Иринка, өзүңдү колго ал, жок дегенде, коштошоордо бир ооз сөзүңдү айтсаңчы» дедим. Ал көз жашына какап да, сүйлөп да кирди, сөз сүйлөйт, эчкирет: «Берекем менин... Андрюша... биз эми... бул жарыкта... эч качан көрүшпөйбүз», - дейт.

Ушинтип коштошту, Андрей аялынын сөзүнө капа болуп, жаман жосуну үчүн ачуусу менен түртүп ийген. Ошонусу туура эмес болуптур, бул сөздү ал өлөр-өлгүчө эсинен чыгарбасын, уктаса түшүнөн, ойлогон сайын санаага саларын, канмайданга аттанып аткандагы коштошуу ушунчалык оор болорун башында көңүлгө албаптыр. Ал канмайданда аскерлерге ок-дары ташыган ЗИС – 5 машинесин айдап, эки ирет жеңил жарадар болуп, сакайып алып көнүмүш ишин аткарып жүрдү. Бир ирет ок-дарыны күтүп аткан замбирекчилерге снаряд алып баратып душман огуна кабылып, машинеси аңтарылып, эсин жоготуп жатып калган экен. Зыңылдаган башын көтөрүп, топурактын арасынан темтеңдеп турса душмандын танктары, жөө аскерлери тушунан өтүп баратыптыр. Туткунга ошондо түштү.

Жарадары-соосу аралаш туткундарды нөшөрлөгөн жаандын алдында үстү ачык эски чиркөөнүн ичине айдап киришти. Ошол жердеги бир боорукер дарыгер Андрейдин чыгып кеткен колун салып берди, чыдатпаган оорусу тып басылды. Калчылдап үшүп отурган туткундардын арасынан ар кыл адамдарды көрдү, саткындык кылган бир акмакты тындым кылып коюуга катышты.

Биринчисинен кийин закүскө албайт

Туткунга түшкөндөрдүн тилеги - ыңгайы келсе качып кетүү. Познанда ич өткөктөн боо түшүп кырылган туткундарга жай казып жатканда ошондой кезге туш келип качып чыкты.

“Сакчылар кечирээк билип калса керек. Ошентсе да бирок арыктап, өлөсө болуп калган мага бир сутка ичинде кырк чакырымды басып койгудай шумдук күч кайдан келгенине өзүм да таңмын. Бирок качып кетем деген кыялымдан майнап чыкпады: каргыш тийген лагерден бир топ ыраактап кеткен төртүнчү суткада кармап алышты. Изкубар иттерди артыман салган экен, аларың мени бат эле орулбаган сулу ичинде жаткан жеримен таап алышты. Таң атканда ачык талаа менен кеткенден чочулап, караанымды көрсөтпөйүн деп сулунун ичине кирип жатып алгам, токойго чейин үч чакырымга жетпеген аралык калган. Данды алаканыма салып ушалап, анан бир аз чайнамыш этип, чөнтөгүмө да толтуруп алган элем. Анан эле иттин үргөнү угулду, тытырап мотоцикл да келатат”.

Колго түшкөн бечараны кызыл-ала кылып токмоктоп, “канга боёлгон бойдон лагерге алып келип ташташты.” Качканы үчүн карцерде бир ай отурду, бирок өлбөй аман калды.

Туткунда көргөн кордуктарын эстеш, айтып бериш аябай оор. Ажалы жеткен эмес экен, эки жылдык туткунда ал Германиянын кыйла жерин көрүп чыкты. Саксонияда силикат заводунда, шахтада иштеди, Баварияда бели үзүлгөнчө жер казды. Бардык туткундарды өрттөгөнгө меш жетпеди окшойт, жарыбаган тамак, эптеп өлбөстүн күнүн көргөн салмагы сексен алты килге жеткен алыбеттүү орус жигити күзгө барып элүү килге жетпеген эти сөөгүнө жабышкан бир сөлөкөт болуп калды. Анан ошол сөлөкөттөр күн сайын боо түшүп жантаслим болгондорго “төрт кубметр” көр казышчу. Андрей ошону айтып сүйлөнүп калса анысын баканооздор комендантка жеткизип коюшкан экен, чыртыйган комендант чакыртып өлүм алдында арак ичип алсын деп калды. Андрейдин аяна турган эч нерсеси жок эле, өлүм алдында ичерин, орус биринчиси менен экинчисинен кийин “закүскө” жебесин айтканы комендантка жагып, ал ирет өлүмдөн аман калды.

Эти менен сөөгү калган орус туткундун катары менен үч стакан арак ичип жыгылбай турушу немистерге жагып каткырып турушту, ак көңүлү кармаган Мюллер колуна жарты бөлкө нан менен бир тилим майды карматып сыртка чыгартты.

“Коменданттын бөлмөсүнөн тың эле басып чыктым, бирок короого чыгарым менен башым айланкөчөк. Баракка эптеп жетип, эшигин ачаары менен ичине, цементтелген пол үстүнө эс-учуман танган бойдон куладым. Биздикилер мени таңга жетпей эле жулкулдатып ойготушту: «Эмне болгонун айтып бер!» дешти. Мен коменданттын бөлмөсүндө болгон ишти айтып бердим. «Тамакты кандай бөлүштүрөбүз?» — деп сурайт жанымда жаткан кошунам, доошу болсо тимеле титирейт. «Баарына тегиз тийгидей бөлөбүз», — дедим ага.

Күтүп атып таңды да атырдык. Нан менен майды ичке бекем жип менен кесип бөлдүк. Ар бирине ширеңкенин кутусундай үзүмдөн тийди, ар бир күкүмүн эсепке алдык, саланы өзүң билесиң, ошончо кишиге жетмек беле, эптеп ооз майламыш эттик. Ошентсе да баарын эч ким таарынбагыдай тең бөлдүк.”

Туткундук аны Потсдамда аскердик курулуштарга көзөмөл кылган инженер майордун айдоочусу болууга алып келди. Тиги аскердик курулушка караганда тамакты жакшы көргөн, кыймылдагысы келбеген неме экен, “кайсы жерге кандай коргонуучу чеп куруу керектигин айтып, буйрук берип келет, түнкүсүн жалгыз отуруп ичкиликке кирет.”

Экинчи аракет

Ошол инженерин машинесине салып тобокел деп фронттон өтүп советтик аскерлердин колуна түшүп, эркиндикке жетишти. Аскердик ооруканада жаткан кезинде болгонун айтып Иринага кат жазды.

Эки апта жалаң тамак ичип уктоо менен гана өттү. Тамакты аз-аздан, бирок утуру берип турушту, көп жеп жиберсең өзүңө жаман, турбай калышың мүмкүн дешти. Айтор, жетишинче тыңыдым. Эки жумадан кийин тамакты карагым да келбей калды. Жазган катыма үйдөн жооп келген жок, чынын айтканда, куса боло баштадым. Тамак ойго да келбейт, уктайын десем уйку жок, башыма ар кандай жаман ойлор келет… Үчүнчү жума дегенде Воронежден кат алдым. Бирок аны Ирина эмес, кошунам, темир уста Иван Тимофеевич жазыптыр. Мындай катты алууну кудай эч кимдин башына салбасын!

Экинчи дүйнөлүк согуш, үйү өрттөнгөн советтик дыйкан аял. 1943-жыл.
Экинчи дүйнөлүк согуш, үйү өрттөнгөн советтик дыйкан аял. 1943-жыл.

Ал кырк экинчи жылдын июнунда немистер авиазаводду бомбалашканын жана оор бир бомба так менин үйүмө тийгенин жазыптыр. Ирина менен кыздарым дал ошол кезде үйдө болушкан экен… Алардын изин да таппадык, тамдын ордунда аңырайган терең чуңкур гана калыптыр. Катты акырына чейин чыдап окуй албадым. Көзүм караңгылашып, жүрөгүм муштумдай түйүлүп катты да калды.”

Бомба түшкөндө үйдө болбой аман калган Анатолий чуңкурду көрүп коңшусуна согушка суранып кетерин айтып кеткен боюнча дайынсыз экен.

Андрей узатып жатканда ыйга буулуккан Иринанын бул жарыктан экөөнүн жолукпасын айтканын эстеди. Билген экен да, түшүндө үй-бүлөсү менен жолугушуп сүйлөшчү эле, ошондо арбактар менен маектешип жүргөн тура.

Кайриет, тагдыр ага далысын биротоло сала элек экен, согушта уулун таап, экөө кат жазышып жүрүштү. Анан өчөшкөнсүп так Берлинде жалгыз уулунун душман огунан курман болгонун командиринен угуп, сөөгүн коюу зыйнатына катышты. Айла жок, чоочун немис жеринде өзүнүн акыркы кубанычы менен үмүтүн жерге берип Мекенине кайтты.

Воронежге кайра барышка көңүлү тартпай Урюпинскидеги таанышыныкына келип, ошол жерден айдоочулукка орношуп, атасын күткөн Ваняны таап, экөө ата-бала болуп жашап калып жатышпайбы.

Жетимсиреген эки киши, согуштун көзгө көрүнбөгөн бороону чоочун жактарга айдап салган кумдун эки бүртүгү...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG