Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Тарых музейиндеги жаңы чырдын илеби


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Бишкектеги Улуттук тарых музейине жаңы директор дайындалды. Соңку жылдары чуулгандуу сот иштери, күйүп кеткен бир топ экспонаттары менен талкуу жараткан Тарых музейи кайрадан эл назарында.

"Бакашова убактылуу жетекчи"

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Жылдыз Бакашованын Улуттук тарых музейине директор болуп дайындалганы 13-июнда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчинин дайындалышына мурдагы музей жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковдун кызматтан кетүү тууралуу арызы себеп болгону кабарланган.

Бирок ушул эле күнү Алмакүчүков кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазбаганын "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, Бишкек шаардык соту май айында анын ээлеген кызматын калыбына келтирүү тууралуу чечим чыгарган. Учурда Алмакүчүков мыйзам боюнча кызматына кайтып келиши керектигин айтып жатат.

Кеңешбек Алмакүчүков.
Кеңешбек Алмакүчүков.

“Ачыгын айтканда мыйзамсыз иш кылып жатышат. Күчкө салып башка кишини алып келишти. Мени кызматымды калыбына келтирүү боюнча шаардык соттун чечими 18-майда чыккан. Азыркы күнгө чейин Маданият министрлиги тарабынан кызматка кайтаруу тууралуу буйрук чыга элек. Бул кызматка тирешип, жабышып калайын деген ниетим жок. Кресло талашып же митинг уюштуруу да этикага туура келбейт. Бирок мен соттун мыйзамдуу чечимин аткарууну талап кылам. Эми соттун чечими калыбына келтирилип, акыйкат кадам болот деп күтүп туралы”.

Кеңешбек Алмакүчүков Тарых музейинин директорлугуна 2018-жылы дайындалган. 2020-жылы ноябрь айында маданий жайда оңдоп-түзөө жана өрт иштерине байланыштуу териштирүү башталганда жумуштан бошотулган.

Алмакүчүков кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айтып, укугун коргоо үчүн сотко кайрылган. Ал райондук сотто, кийин шаардык сотто дагы акталып чыккан.

Кеңешбек Алмакүчүков жөнөткөн соттун чечимдери.
Кеңешбек Алмакүчүков жөнөткөн соттун чечимдери.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кеңешбек Алмакүчүковду соттон коррупциялык иштер боюнча акталганын, бирок кызматка кайтуу боюнча чечим чыга электигин айтты.

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

“Жылдыз Бакашова тарых музейине убактылуу гана жетекчи болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Кеңешбек Алмакүчүков учурунда соттун чечими менен жумуштан четтетилген. Кийин шаардык сот аны актаган чечим чыгарды. Бирок кайра кызмат ордуна коюу боюнча чечим чыга элек. Эгер ошондой чечим чыкса, Алмакүчүков ордуна коюлат. Ал үчүн өзү сотко кайра кайрылып, чечим чыгарып келиши керек”.

"Азаттык" музейге жетекчи болуп жаңы дайындалган Жылдыз Бакашова менен алдыдагы пландары тууралуу маалымат алуу үчүн байланышканда, кийин комментарий берерин билдирди.

Ал арада бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары музей жамааты Бакашеванын директорлук кызматка дайындалышына нааразы экенин жазып чыкты.

62 жаштагы Жылдыз Бакашова буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон. Ага чейин 15 жылга жакын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананы жетектеген.

Жылдыз Бакашованын ысымына байланыштуу окуялар кийинки кезде коомчулукта көп талкууланып келет. Алсак, он бир жылдык тыныгуудан кийин 2021-жылдын соңунда Улуттук илимдер академиясында талапкерлерди илимий наамдарына шайлоо болуп өткөн.

Анда адабият багыты боюнча корреспондент-мүчөлүккө ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп турган Жылдыз Бакашова менен филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева ат салышкан. Жыйынтыгында Бакашова өтүп кеткени сынга алынган.

Тарыхчылар эмне дейт?

Кеңешбек Алмакүчүков 2020-жылы тарых музейинен жетекчилик кызматтан кеткенден кийин ордуна жаш илимпоз Гүлбара Абдыкалыкова келген.

Борбор Азиянын тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис Тынчтыкбек Чоротегин Улуттук тарых музейинен Абдыкалыкованы кетирбеш керек эле деген пикирде.

Тынчтыкбек Чоротегин.
Тынчтыкбек Чоротегин.

"Мамлекеттик тарых музейи – маанилүү, идеологиялык жүктү көтөргөн мекеме. Ал жакшылап реформаланышы үчүн көп тилди билген, музей таануунун өңүтүн түшүнгөн адистер жетектеши керек. Менимче, жаш илимпоз Гүлбара Абдыкалыкова дурус эле иштеп жаткан, ошону эле ордуна калтырыш керек болчу. Ал чет тилдерин да жакшы билчү, тажрыйбасы да мол болчу. Азыр сунуш кылынып жаткан, соттон жеңип келген талапкерлерге караганда мен Абдыкалыкованы татыктуу деп эсептейм. Жалпысынан музейди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн ага чейинки артефакттарды жоготкон, мумияны Баткенге алып барып көмдүрүп салган адамдарды жоопкерчиликке тартуу керек. Азыр да бул жерде музей жаатында түшүнүгү тайкы кадрлар иштеп жатат. Ошолордон арылып, жаш илимпоздорго жол берүү зарыл".

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Улуттук тарых музейи соңку кезде интриганын чордонуна айланып калды дейт.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

"Тарых музейи жалпы улуттун күзгүсү. Ал аркылуу элибиздин басып өткөн жолун сырттан келген коноктор да көрүп-билет. Музейдеги тарыхый эстеликтерден жаш муун өткөн тарыхыбызды аңдап, мекенчилдик сезими ойгонот. Андыктан бул жайга өзгөчө көңүл буруу керек. Бирок соңку жылдары, ачыгын айтканда, тарых музейи жетекчиликтен жыргабай койду. Ал жерде интрига күчтүү. Эски муун менен жаңы муундун ортосунда биримдик жок. Музейдеги жоголгон ар кандай буюмдардын жоопкерчилигин тартпастан, музейди оңдойбуз дегендерге бут тосуп, өзүнчө бир топ болуп алгандарды да көрүп атабыз. Музейге мыкты менежер жетекчи керек. Анда эски менен жаңыны түшүнгөн, тарыхый буюмдарга аяр мамиле жасаган сапат, жоголгон буюмдар үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тарта алган эрки болушу керек. Антпесе баягыдай эле таламай-тономой улана берет".

Музейдеги сот иштери

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган.

Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен өзү оңдой турганын билдирген. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жакшыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

2018-жылы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнүн шардана кылган. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.

Бул иште шек саналган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

7-декабрда Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Музей тууралуу

Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей 2021-жылдын 19-ноябрында салтанаттуу ачылган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы Улуттук тарых музейи эки күндө 8 миңдей кишини кабыл алганын “Азаттыкка” кабарлаган. Тарых музейи андан кийинки дагы бир күндү эсептегенде, көрүүчүлөрдүн саны 15 миңден ашканын билдирген.

Маданий жайдын кызматкерлери азыркы тапта да окуучулар менен студенттердин жайкы эс алууга чыкканын эске албаганда көрүүчүлөрдүн катары арбын экенин билдирүүдө.

Улуттук тарых музейи 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында Улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.

1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. 1973-жылдын 28-декабрында музейде жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган. 3500 чарчы метр аянтты ээлеген 45 залга палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки эстеликтердин 10 миң түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбор Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган.

Музей 1984-жылга чейин Ленин музейинин филиалы болгондуктан, анда Кыргызстандын тарыхы толук чагылдырылган эмес. Музейдин фондунда 100 миңден ашык экспонат болсо, алардын 20 пайызга жакыны гана көргөзмөгө чыгарылып, археологиялык жана этнографиялык көргөзмөлөр гана көрсөтүлүп келген.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп-нускалары коюлган.

Буга чейин "Клооп" порталы 2016-жылдагы музейде чыккан өрттөн улам бир катар экспонаттар жараксыз болгонун иликтеп чыккан. Бирок өкмөт бул боюнча эч кандай комментарий бербей келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG