Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

"СПИД борбору калсын". Жаңы түзүлгөн институттун жаңжалы


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

21-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына ВИЧке жана гепатитке чалдыккандардын өкүлдөрү акцияга чыгышты.

Алар кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборду Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун карамагына өткөрүүгө каршы экенин айтышты.

Акцияга чыккандар менен министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жолукту. Ал мекемелерди бириктирүү илимий тармакты өнүктүрүү максатын көздөй турганын айтууда.

Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Быйыл, 7-июлда өкмөт Алдын алуучу медицина илимий-өндүрүштүк бирикмесин Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту деп өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Ага Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана кишинин иммундук жетишсиздик вирусун (КИВ - ВИЧ) көзөмөлдөө боюнча республикалык борбору кошулары айтылган. Буга чейин ал Республикалык СПИД борбору деп аталып келген.

"Акча жок кезде бизге эч ким келген эмес"

"Гепатит менен күрөшүү" коомдук бирикмесинин жетекчиси Анипа Надирова өкмөттүн азыркы реформасына каршы экенин билдирди. Ал муну бейтаптар каражатты өздөрү таап, СПИД борбору менен тыгыз кызматташып келгенин айтып берди.

"Акча жок кезинде бизге эч ким келген эмес. Ысык-суукта ушул жакта жүргөнбүз. Мурдунан кан кеткендер, боорун алмаштыргандар ушул жерде беш жыл жүрдүк. Ошол кезде министрлик жардамга келген эмес. Ошонун айынан миңдеген адамдарга оору жукту. Жүздөгөн адамдар өтүп кетти. Биз мындан ары буга жол бербейли деп ушул жолдо жүрөбүз".

21-июлда наразылыкка чыккан ондой адам менен Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков жана министрликтин өкүлдөрү мекеменин жыйындар залында жолугушту.

Жаркынбек Касымбеков нааразы болгон тараптын үнүн угуп, жооп берүүгө аракет кылды.

"Буга чейин дарылоо өзүнчө, профилактика өзүнчө, эпидемиялык көзөмөл өзүнчө, илимий тармак болсо эмне кылып келгени белгисиз болчу. Эми ушулар бөлүндү-жарынды болбосун деп Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтуна бириктирип жатабыз. Бул бейтаптарга жардам жана кызмат көрсөтүүгө, дарылоого эч кандай залакасын тийгизбейт, иштей берет".

"СПИД борбору эле жетиштүү болчу"

Бирок нааразы болгондор Касымбековдун жообуна канааттанбай министр же анын орун басарларынын келишин талап кылышты.

"Бир жарым ай мурда ВИЧ менен ооруган 7 миң кишинин атынан, президентке, 900 кишинин колун топтоп, премьер-министрге кат жолдодук. Биз азыр Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту эмне менен алектенерин билбей турабыз. Мына биздин СПИД борборунун директору отурат. Чындыгында ал бардык бейтап менен сүйлөшүп, болгон талаптарын аткарганга аракет кылат. Ошондуктан азыр бизге министр же анын орун басарлары жолугуп, эмнеге мындай болуп жатканын түшүндүрсүн. Анткени биз менен дайыма Республикалык СПИД борбору түз иштешип келген. Ал жер гепатит менен ооругандардын да борбору болуп калды. Канча жылдан бери канча деген адамдарды дарылап келет, жарандык коом менен тил табышып иштеп жатышат. Дарыгерлери мыкты. Анан бизди эмне кылары белгисиз улуттук институтка эмнеге кошуп жатат?", - деди бейтаптардын бири.

Бириктирүүнүн максаты эмне?

Чогулгандардын талабынан кийин келген саламатык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева сөз алгандардын ар бирин угуп чыгып, жооп берүүгө аракет кылды.

"Ооба, бириктирүү жүрүп жатат, бирок ичинде эч нерсе өзгөрбөйт. Биздин максат, милдетибиз бир. Ошондуктан биригүү бул тармакта эч нерсени өзгөртпөйт. "Дарыгерлер кетет" деген кептер жүрүп жатыптыр, бул сөздү кайдан уктуңар? Эмнеге мындай маалымат жүрөт. Ооба, институт түзүү демилгеси Жаркынбек Касымбековго таандык. Биз муну талкуулаганбыз. Башында күмөн санап токтотуп турганбыз. Баарын иликтеп чыккандан кийин ушундай чечимге келдик. Эч нерсе өзгөрбөйт экен. Ошол эле дарыгерлер, ошол эле лабораториялар, кызматтар иштейт. Тескерисинче, иш жакшырат. Биз институт катары илимий жаатты өнүктүрөлү деп жатабыз".


Соңку жылдары гепатитке чалдыккандар бул оору жайылып, мамлекет аны менен күрөшүү үчүн аракет кылбай жатканын айтып келген.

Көптөгөн кайрылуулардан кийин былтыртан тарта гепатит менен ооругандарды Республикалык СПИД борбору дарылай баштаган. Буга илдеттердин жугуу жана дарылоо жолдору окшош экени себеп болгон.

Нааразы болгондордун айтымында, мамлекеттик бюджеттен гепатитке окшогон тогуз оорунун түрүн дарылоо үчүн 1 млрд. сомдой бөлүнгөн. Алар каражат институттун кармагына өтсө, гепатит жана СПИД менен ооругандарга жетпей, чачырап кетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Бирок жаңы түзүлгөн институттун директору Жаркынбек Касымбеков тескересинче буга чейин бөлүнгөн акчанын көбү ортодон желип келгенин билдирди.

"Мен ачык айтайын. Буга чейин акчаңар уурдалып келген. Так ошол маселени ачык-айкын кылып, баарын электрондук порталга чыгарып, бир тыйынга чейин отчет беребиз. Бөлүнгөн акча ар бир бейтапка жеткидей кылабыз. Менин максатым ошол. Өйдө жактан ошондой талап коюлду. "Институт силерди алып кетип жатат" деген "мафия" силерди көкүтүп жатат. Ал "мафияга" да жетебиз, иш козголот. Кантип он жылдан бери акчаны жеп жүргөндөрү текшерилет".

Жыйын соңунда министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева нааразы болгондордун сунушу эске алынып, чечим кабыл алынарын билдирди.

Ал арада Республикалык СПИД борбору Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтуна кошулса, ВИЧ менен ооруган бейтаптар мекемеге барбай калары айтылууда.

СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова мындай сөздүн чыгуу төркүнүн түшүндүрдү.

"Бизде 5 миң бейтап дарыланат. Аларды аялуу топ деп коебуз. Алар оорумду эл билип калат деп жашаган жердеги бейтапканага барбайт. Ошондуктан көбү бизге келет. Анализ тапшырып, дары алып турушат. Булардын эми дарылануу кандай болуп калат деп чочулаганын түшүнсө болот. Анткени Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту деп жазылып турса, кантип ал жакка барат? Биз бейтаптарды таап, араң каттоого алып, аймактагылардан дары менен камсыз болуп жатабы деп кабар алып турабыз. Азыр гепатитке чалдыккандарды да ошондой кылып жатабыз. Биз аларга башка жакка бар деп айта албайбыз".

Гепатит бул боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын "А", "В", "С", "D" түрлөрү бар. "А" түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калгандары кан аркылуу жугат.

2023-жылдын январь-апрель айларында эле Кыргызстанда вирустук гепатитти жугузуп алган 1 364 адам катталган.

Ал эми ВИЧ бул Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу. Көбүнчө кан аркылуу жана бейтап дарыланбаган учурда жыныстык жол менен жугат.


Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккан 12 039 адам расмий катталган, арасында 700дөн ашууну балдар экени 2022-жылдын ноябрь айында расмий айтылган.

Дарыгерлердин айтымында, акыркы беш жылда жыныстык катнаш аркылуу жуккан учурлар көбөйүп, бейтаптардын 55% түзгөн. Инфекцияга чалдыккандардын жарымынан көбү эркектер экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG