Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Кыргыздар 100 жыл мурда Ленинге кат жазган


Кыргыз айдыңдарынын 1920-жылдын 1-майында Владимир Ленинге жазган катынын акыркы бети. Санжарбек Данияров атындагы фонддун жарыясы. 2020-ж.
Кыргыз айдыңдарынын 1920-жылдын 1-майында Владимир Ленинге жазган катынын акыркы бети. Санжарбек Данияров атындагы фонддун жарыясы. 2020-ж.

1917-жылы айтылуу Октябрь революциясынын натыйжасында Совет өкмөтүн негиздеген Владимир Ленинге 1920-жылы кыргыз элинин атынан кат жиберилгенинен бери 100 жыл өткөнүн изилдөөчү Асел Даниярова эске салат.

Тээ 1920-жылы 1-майда кыргыз айдыңдары советтик Орусиянын Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Владимир Ленинге өз элинин атынан орус тилинде кат жөнөткөн.

Ушул тарыхый окуя жөнүндө Санжарбек Данияров атындагы коомдук фонддун директору, атактуу акын Жусуп Турусбековдун небереси Асел ДАНИЯРОВА кызыктуу изилдөө жарыялады.

Төмөндө бул эмгектен үзүндүнү сунуштайбыз.

1916-жылдагы Үркүндө Кытайга сүрүлгөн эл Орусияда падыша тактан кулап, Убактылуу Өкмөт түзүлгөндөн кийин алыскы жолдун азап-тозогуна кайыл болуп, өз жерине кайтып келе баштаган. 1916-жылы декабрда Александр Керенский Мамлекеттик Думада ушул окуялар үчүн падышалык өкмөттү айыптап сүйлөгөн. Бирок элдин жери, мүлкү бүт бойдон аларды туулуп өскөн жеринен кууп чыккан адамдардын колунда кала берген. Кайтып келгендердин коопсуздугу эч кандай камсыз кылынган эмес. Кырдаал 1917-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана, тагыраак айтсак, 1920-жылы гана өзгөрө баштаган. Албетте, баары дароо эле ордуна келе калган жок – намыстуу, кат-сабаты бар азаматтардын тынымсыз аракетинин натыйжасында адилеттүүлүккө жол ачылган. Айрыкча В. И. Ленинге жазылган каттын тарыхый мааниси өтө зор.

Тасма. А.Даниярова менен В.Шварц. "Эсимде-ТВ". 03.12.2020.

Үркүндүн себептерин, элдин кырылып-сүрүлүшүнө тикелей күнөөлүү падыша өкмөтүнүн иш-аракеттерин изилдеген Григорий Исааакович Бройдого (1884--1956) кайрылып, ага жазылган катка В.И.Лениндин өзү окусун деп жазган арыз-арманын тиркешкен тура, кайран элдин уулдары!

Бул кат – биздин оюбузча, эпистолярдык жанрдын жаркын үлгүсү, кыска, нуска, оор басырыктуу, бүтүндөй адамдардын өлүмүнүн коркунучу жөнүндө чындыкты чагылдырган, ошол эле учурда, улуттук жана жеке ар-намыс сезимдерине толгон өзгөчө текст.

Орус тилинде жазылган бул катты ага кол койгондордун кимиси жазганын азырынча билбейбиз. Кыргыз элинин өкүлдөрү Ысак Шайбеков, Эшеналы Арабаев, Исаметдин Шабданов, дунган улутунан Лагир Янсанчин ж.б. жети-суулуктар кол койгон катты бүгүн сиздерге тааныштырып коёлу.

Биз 1920-жылдын 1-майындагы катка кол койгон Жунус Байжанов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашымбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев, Лагир Янсанчин жана башка авторлор тууралуу СИЗДЕН кошумча маалымат алсак, абдан кубанычта болор элек, урматтуу окурман!

* * * * * * *

Улуу урматтуу жолдош Бройдого Семиреченск облусундагы кыргыз өкүлдөрүнөн

1920-жыл, 1-май

Кымбаттуу жолдош Бройдо!

Биз, Жети-Суу (документте "Семиреченская") облусунун кыргыздарынын өкүлдөрү, жолдош Ленинге тиркелген Кайрылууну тапшырууну Сизден суранабыз.

Бул кайрылууда биз падышалык малайлардын кесепетинен оор азапка малынган, атүгүл орус революциясы да андан алиге чейин куткара элек кыргыз элинин кайгылуу абалын жана азаптарын баяндап жатабыз. Кымбаттуу жолдош, биз Сиздин дал өзүӊүзгө кайрылып жатабыз, анткени Сизге элибиздин керектөөлөрү жакын жана түшүнүктүү экендигин билебиз, анткени жеке бийлик учурунда эле, жалгыз гана Сиз биздин кызыкчылыктарыбызды тайманбастык жана чеберчилик менен коргоо үчүн бекем турганыӊызды эстейбиз. Орус бийлиги тарабынан уюштурулган 1916-жылдагы кандуу окуядан кийин, падышалык аткаминерлер Сиздин айыптоо сөздөрүӊүздөн коркуп, Жети-Сууда Сизден кутулуу үчүн аскерге айдап жиберишкен. Сиз бул адамдарды мурдагыдан да катуу кулдукка алуу үчүн, аларды корголбогон адамдардын колунан курал-жарактарды тартып алуу керектигин ачык эле айтканыңыз, Сиз бизди кысымга алган Жети-Суу дыйкандарын куралсыздандыруу зарыл экенин айтканыңыз эсибизде. Эми Сиз дагы бир жолу биздин атыбыздан жана орус революциясынын лидери Жолдош Лениндин өзүнө сүйлөп, Орусия Социалисттик Республикасынын Жогорку бийлигине кыргыз пролетариатынын башына түшкөн кыйынчылыктар жана муктаждыктар жөнүндө кабарлап коюңуз деп өтүнөбүз.

Жети-Суу ("Семиреченск") облусунун кыргыздарынын өкүлдөрү:
И.ШАЙБЕКОВ, ж.б. (анан тышкары 9 кол — кыргызча, арап арибинде).

* * * * * * *

Кыргыз айдыңдарынын 10 өкүлүнүн 1920-жылдын 1-майында Владимир Ленинге жазган каты. 1-бет.
Кыргыз айдыңдарынын 10 өкүлүнүн 1920-жылдын 1-майында Владимир Ленинге жазган каты. 1-бет.

Орус революциясынын лидери, жолдош Ленинге

Жети-Суу облусунун Пржевальск, Нарын, Токмок жана Пишпек уезддеринин жарандары: Жунус Байжанов, Эшенали Арабаев, Исак Шайбеков, Исаметдин Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашымбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев жана Лагир Янсанчинден.

КАЙРЫЛУУ

Терең урматтуу жолдош Ленин!

...

-1-

Эгер кимдир бирөө бизден Жети-Суу облусунун кыргыздары тап революциясынын [жетишкендиги катары] эркиндикти пайдаланып жатабы деп сураса, анда биз жок деп жооп беребиз, анткени ал бизде жок. ...

-2-

Жети-Суу облусунун, айрыкча Пржевальск жана Пишпек уезддеринин кыргыздары 1895-жылдан бери жер боюнча өтө катуу кысымга алынган, анткени биздин кара топурактуу, түшүмдүү сугат жерлерибизди келгиндер башкармалыгы накта жырткычтык менен тартып алып, ... Орусиядан атайын көчүрүлгөн дыйкандарды отурукташтырган. Ушундан улам, Өкмөткө жана Башчыларга өз нааразычылыгын билдирүү менен, 1910- жана 1911-жылдары биздин кыргыздар Кытай чек араларына көчүп кете башташкан. Ошол мезгилдеги бийликтегилер биздин кыргыздарга волостто мектеп ачууга уруксат бербегендигине ... нааразычылыгын билдиришкен, анткени ошол убакта бийлик атайылап элди караңгылыкта жана сабатсыздыкта кармоого, кордоп, кысымга алууга күч аябастан аракет кылышкан.

-3-

... 1916-жылы кыргыздар согуш үчүн аттар, боз үйлөр, каптар жана башка зарыл каражаттар менен жардам беришсе дагы фронттогу жумушка жөнөтүү үчүн 19-43 курактагы кыргыздар мобилизацияланган. Кыргыздарды жумушка кой катары айдашканда, алар муну көтөрө алышкан жок, натыйжада жумушчу козголоңдор болуп, алардын көпчүлүгү Кытайдын чек арасына качып, жерлерин жана үйлөрүн таштап кетишкен. Кытай чек арасында алардын малдары калбай калгандыктан, өз балдары менен аялдарын сатууга аргасыз болушкан. Алардын көпчүлүгү Орусияда эркиндик жарыялагандан кийин жөө-жалаң кайтып келишкен. Жолдо аларды орус дыйкандары тосуп алып, көпчүлүгүн өлтүрүшкөн, бирок биздин кыргыздар ошого да карабастан, өз мекенине кайтып келүүгө аракет кылышкан.

-4-

... Убактылуу өкмөт бизге анча деле кам көрүп жардам берген жок. Ушунун натыйжасында, бизде кыргыздар ачарчылыктан кырыла баштаган, ал эми дыйкандар болсо тааныш кыргыздарга кол салып, оңтою келген учурларда өлтүрүп турушкан. Ошентип, биз дүйнөдөгү эң оор кырсыкка кабылдык.

-5-

... Дал ошол мезгилде Совет бийлиги пайда болду. Бирок мындан дагы биздин кыргыздар жеңилдей алган жок... аларга каршы мурункудан да жаман куугунтук башталды. ... Кызыл Армиянын башчылары кыргыздардын эң акылдуу жана кадыр-барктуу адамдарын өлтүрүштү. Ошентип, 1918-жылы Токмокто Павлов деген бир адам тарабынан Дүр Сооронбаев [Сооронбай датканын уулу Дүр падышалык доордо эле Чүй боорунда жадитчилердин "жаңы усул" мектебин ачкан даңазалуу агартуучу болгон. Азыр Сайлык айылындагы орто мектеп анын ысымын алып жүрөт. - Ред.] жана Хамра Исраилов жетектеген 11 кыргыз өлтүрүлгөн. ...

1919-жылы августта Кочкор жергесинде жана Токмоктун тегерегинде жашаган 15 жаштан 60 жашка чейинки кыргыздарды чогултуп, буудай оруп-жыйноого мажбур кылышканда, кыргыздардын өзүлөрүнүн чөбү чабылбай куурап, буудайы орулбай төгүлүп калган. Бирок ушул кезге чейин сансыз киши өлтүрүүлөр уланып жатат, алардын бардыгын тизмектеп берүү мүмкүн эмес.

-6-

... биз бардыгыбыз мал-мүлкүбүзгө кам көргөн жокпуз, башкалар менен бирдей жашоону эмес, эптеп жан сактоону гана ойлоп калдык эле. .....

-9-

Жогоруда айтылгандардын негизинде Сизден, улуу урматтуу жолдош Ленин, төмөнкүлөрдү суранабыз:

  1. Мектеп курагындагы кыргыз балдарынын милдеттүү жалпы билим алуусу тууралуу буйрук чыгаруу. (Бул кат өлкөдө ачарчылык жана жакырчылык өкүм сүрүп турган кезде жазылган! — А.Д.).
  2. Адамзаттын маданияты менен таанышуу үчүн зарыл болгон учурда мектептер жана училищелер үчүн имараттарды кура баштоо.
  3. Ушул 1920-жылы, адегенде түпкүлүктүү элдерге, ал эми калган жерлерди, мүмкүн болушунча жана акырындык менен калгандарга бөлүп берүү үчүн инженерлерди дароо иш сапарга жиберүү.
  4. Аскер кызматына жарактуу кыргыз эркек балдарды аскерге, аскер кызматына кабыл алуу; аларды эне тилинде окутуу, аларга мугалимдер жана инструкторлорду Ташкенттеги аскердик курстарды аяктаган кыргыздардан дайындоо.
  5. Биздин кыргыздарды отурукташтыруу.
  6. 1920-жылдан баштап, кыргыздардын мал чарбасында жана айыл-чарба эмгектеринде өндүрүмдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга жардам берүү жана көмөктөшүү. ...
  7. ...
  8. Жер айдоо үчүн бизге ар кандай айыл-чарба шаймандары керек, атап айтканда: соко, кетмен, күрөк, тырмоо, орок, үрөн сепкич ... ж.б.
  9. Бардык окуу куралдары ушул айдын сентябрына чейин тапшырылгандай болушу керек, алиппе, химия, жаратылыш таануу ж.б.у.с. биздин эне тилибизде даярдалышы керек. (Эне тилибизде! — А.Д.)
  10. ...
  11. Өзгөчө кырдаалдар боюнча атайын күч жана ыйгарым укук берүү жана ушул убакка чейин Кытай чөлдөрүндө жашаган жана жакырчылыгынан улам Мекенине кайтып келе албаган кыргыз качкындарын жайгаштыруу үчүн Өзгөчө Комиссияга жетиштүү акча каражатын берүү.
  12. Бээжин (Пекин) жана Үрүмчү шаарларындагы Кытай Өкмөтүнө телеграмма жөнөтүү, Өзгөчө Комиссияга ар тараптуу жардам көрсөтүү керек, анткени эгер бул маселе боюнча Кытай өкмөтү толук жардам берүүдөн жана көңүл буруудан баш тартса, анда биздин [үчүнчү жактарга] сатылган кыргыздарды табуу кыйынга турат.
  13. ...
  14. Жети-Суу облусундагы жергиликтүү тургундардан – орустардан турган Кызыл армияны башка жерлерге которуу, аларды жергиликтүү тургундардын тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн туура эмес аракеттенген дыйкандарга байкоо жүргүзүү, аларга каршы мыйзамдуу чараларды көрүү үчүн борбордук кызыл аскерлер менен алмаштыруу.
  15. ...
  16. Эми, бардык дыйкандарды куралсыздандыруу зарыл, [антпесе], ансыз кыргыздарга каршы бой көтөрүү, текебердик жана ачуулануу сезими эч качан жоголбойт, анткени таянган адамы жок болгондуктан, алар каалагандай кордукка кабыла бериши ыктымал.
  17. 1916-жылдан [тартып] азыркыга чейин дыйкандардын кыргыздарга карата жек көрүүсү кастыгы өтө күчөп кеткен, кекчил маанай муундан муунга өтүп кетиши мүмкүн. ...
  18. Өлтүрүлгөн кыргыздардын бардык мүлкү биздин кыргыздарды өлтүргөн орустар тарабынан менчиктештирилген, тонолгон, ошондуктан Сизден алардын мүлкүн кимге тиешелүү болсо, ошолорго кайтарып берүүңүздү суранабыз.
  19. Азыр көптөгөн Кытайдын чек араларынан кыргыз качкындары кайтып келишүүдө: жылаңач жана ачка; бирок аларды кийиндире турган эч кандай буюмдарыбыз жок. Ошондуктан биз качкындарга таратуу үчүн арзан баа менен товар сатып алууга жана Кытайдын чек араларына сапарга баруу үчүн качкындардын арасынан ыйгарым укуктуу адамды шайлап алышын суранабыз.
  20. ...
  21. Кытайдын чек араларынан келген качкын кыргыздар менен дунгандарды 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшүнө чейин жашаган эски жерлеринде гана уюштуруу.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы Сизге, Орусия Социалисттик Республикасынын жогорку бийлигин жетектеген адам катары, улуу урматтуу жолдош Ленин, ... угулуп, биз үчүн эркиндик жана өнүгүү жолу ачылат деп бекем ишенебиз жана ушул кезге чейин кыйналып турган кыргыз пролетариаты акыры, кичүү, бирок тең бир тууган катары революциялык Орусиянын улуу үй-бүлөсүнө кирет деп ойлойбуз.

Өкүлдөр кол коюп жатабыз.

И. ШАЙБЕКОВ жана (башка да 9 кол коюлган) (И.Шайбековдон башкасы кыргызча араб арибинде кол коюшкан).

Кыргыз айдыңдарынын 1920-жылдын 1-майында В.И.Ленинге жазган каты. Кол койгондор: Жунус Байжан уулу, Эшеналы Арабай уулу, Ысак Шайбек уулу, Исаметдин Шабдан уулу, Дөөткул Шыгай уулу, Атахан Тезекбай уулу, Султангазы Исрайил уулу, Кашымбек Түмөнбай уулу, Гайбылда Алматай уулу жана дунган тегиндеги Лагир Янсанчин. – 11-бет.
Кыргыз айдыңдарынын 1920-жылдын 1-майында В.И.Ленинге жазган каты. Кол койгондор: Жунус Байжан уулу, Эшеналы Арабай уулу, Ысак Шайбек уулу, Исаметдин Шабдан уулу, Дөөткул Шыгай уулу, Атахан Тезекбай уулу, Султангазы Исрайил уулу, Кашымбек Түмөнбай уулу, Гайбылда Алматай уулу жана дунган тегиндеги Лагир Янсанчин. – 11-бет.

Катка кол койгон авторлор:

Жунус Байжан уулу, Эшеналы Арабай уулу, Ысак Шайбек уулу, Исаметдин Шабдан уулу, Дөөткул Шыгай уулу, Атахан Тезекбай уулу, Султангазы Исрайил уулу, Кашымбек Түмөнбай уулу, Гайбылда Алматай уулу жана дунган тегиндеги Лагир Янсанчин.

[Орусча текстте: Джунус Баиджанов, Эшенали Арабаев, Исак Шайбеков, Исаметдин Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашимбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев и Лагир Янсанчин].

(Бул текст адегенде «Казак улт-азаттык козгалысы. 2-китап» (495-506-бет) басылмасындагы макалада сунушталган. №157 жана 158-документтер.

АПРК. Ф. 666. On. 1. Д. 114. Л. 2 — 12. Көчүрмөсү.

Бактыга жараша, биз каттын түп нускасын Орусиянын Мамлекеттик коомдук жана саясий тарых архивинен ( Российский государственный архив социально-политической истории; РГАСПИ) таптык, бул эки документтин сканерленген көчүрмөсүн жарыялап жатабыз.

Тексттин толук версиясын биздин сайттан окусаңыздар болот.

Асел Даниярова,

Санжарбек Данияров атындагы коомдук фонддун директору,

архив изилдөөчү, публицист.

1916-жылкы көтөрүлүш тарыхын изилдөөчү жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова. 07.11.2014.
1916-жылкы көтөрүлүш тарыхын изилдөөчү жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова. 07.11.2014.

Редакциядан:

С. Данияров атындагы коомдук фонддун директору Асел (Асель) Данияровага жана аны менен бирге 1916-жылдагы Үркүнгө байланышкан өтө орчундуу архивдик документтерди талбай жана калыс иликтеп жүргөн жубайы, мыкты кыргыз таануучулардын бири Владимир Шварц мырзага кыргыз элинин жана Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы маанилүү окуялардын бири боюнча баа жеткис маалыматтарды сунуштагандыгы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

XS
SM
MD
LG