Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Шайлоо: Ошто атаандаштык курчуду


Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоонун тазалыгы боюнча өткөн жыйын. 2021-жылдын 3-апрели.
Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоонун тазалыгы боюнча өткөн жыйын. 2021-жылдын 3-апрели.

"Жалпы иш" коомдук фонду айрыкча Ош шаардык кеңешке шайлоого аттанган партиялардын ортосунда саясий күрөш, атаандаштык курчуганын айтып чыкты. Үгүт өнөктүгүн талдап-байкап жаткан бул уюм мындай жагдайдан улам укук коргоо органдарына түштүк аймактарын өзгөчө көзөмөлгө алууну сунуштады.

Ошто үгүт өнөктүгүнөн улам шайлоого бараткан “Улуттар Биримдиги” жана "Ата-Журт Кыргызстан" партиялары кайым айтышып жатат. "Улуттар Биримдигинин" төрагасы Мелис Мырзакматов өткөн жекшембиде Ош шаарынын борбордук аянтында эл менен жолугушуда "Ата-Журт Кыргызстанды" "административдик ресурска" байланыштуу сындады:

Мэлис Мырзакматов.
Мэлис Мырзакматов.

"Ата-Журт Кыргызстан” партиясы өткөн жылкы октябрь окуясын эсинен чыгарды. Ошол учурда борбордук аянтка чогулган эл мэр менен өкмөт өкүлүн кууп чыкпады беле. Аны 5 эле күндө унутушту. Ар кайсы жерде "биз бийликтин партиясыбыз" деп үгүт кылып жүрүшөт. Өткөн шайлоодо “Биримдик” менен "Мекеним Кыргызстан” партияларында жүргөндөр эми “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына кирип, өздөрүн бийликтин партиясы деп атап жатышат.”

"Ата-Журт Кыргызстан" мындай дооматтарды четке какты. Партиянын өкүлү Мэлис Обозов Мырзакматовдун айткандарын "негизсиз каралоо" катары сыпаттады.

Мэлис Обозов.
Мэлис Обозов.

"Бул сын, дооматтарда факты жок деп эсептейм. Анткени биздин"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканына жашоочулар күбө."

"Жалпы иш" коомдук фонду жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгүнө 15-марттан 4-апрелге чейин мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында айрым аймактарда атаандаштык, саясий күрөш курчуганы, мындан улам Баш мыйзамга байланыштуу референдум коомчулуктун көңүл сыртында калганы аныкталган.

"Жалпы иш" айрыкча Ош шаарындагы абалга тынчсызданып жатат. Фондун өкүлү Арсланбек Өмүрзаков "кооптуу абал" тууралуу эскертти:

"Анткени ал жерде партиялар өзүнчө лагерлерге бөлүнүп алышып, бири-бири менен тирешип, бири-бирин жамандаганга чейин барып атат. Бири-бирине арызданып атышат. Коркутуу да жүрүп жатат. Ошондуктан Ош шаарында кооптуу абал түзүлүп калышы мүмкүн."

Бул фонд мындай жагдайдан улам түштүк аймактарын өзгөчө көзөмөлгө алууну укук коргоо органдарына сунуштады. Ошондой эле үгүт өнөктүгү экономикалык каатчылык, кымбатчылык жана коронавирус пандемиясы шартында жүрүп жатканын, эпидемиялогиялык кооптуу абал жаралганын, анын кесепети тийиши ыктымалдыгын эскертти.

"Жалпы иш" айрыкча Ош менен Бишкек шаарларында шайлоонун жыйынтыгы күзгө белгиленген парламенттик шайлоого даярдык катары да кабылданып жатканын байкаган.

"Ошто таза саясий атаандаштык байкалбайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00
Түз линк

Уюм 15-марттан бери жалпысынан олуттуу 34 мыйзам бузууну каттаган. Анын 12си добуш сатып алууга, калгандары административдик ресурс колдонуу, кысымга алуу, коркутууга байланыштуу.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

Ал арада Бишкек жана Ош шаарларына каттоого тургандар көбөйгөнү белгилүү болду. Саясат талдоочу Эмил Жураев бул шайлоолордун мааниси тууралуу буларга токтолду.

"Жакшы түшүнбөгөндөр "буларга айлык деле төлөнбөйт экен эмнеге эле өлүп-талып катышып жатышат" деп ойлошот. Чынында Жогорку Кеңештин депутаттарына деле айлыктын кереги жок да. Аларды кызыктырган башка чоң маселелер бар. Бул - ресурстардын бөлүштүрүлүшү, финансылык, фискалдык ар кандай маселелерди мына ошол кеңештер чече алышат."

Дүйшөмбү - 5-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулардан улам жыйын курду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо жакындаган сайын муниципалдык кызматкерлер жана үй башчылардын активдүү иш алып барып жатканына тынчсызданды жана укук коргоо органдары чара көрүшү керектигин билдирди:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

“Мындай сигналдар коомчулукту, БШКны тынчсыздандырат. Прокуратурадан мындай фактылар боюнча иштерди жүргүзүүнү, муниципалдык кызматкерлердин катышуусуна жол бербөөнү суранабыз.”

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясына добуш берүү 11-апрелде өтөт. Партиялар утуп чыгышы үчүн 7 пайыздык босого чектен өтүшү зарыл.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган.

Эмне үчүн аялдардын депутат болгону маанилүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG