Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Ошто шайлоо кызып, добуш сатып алуу башталды


Ош шаары. 2020-жылдын 21-марты.
Ош шаары. 2020-жылдын 21-марты.

Ош шаардык милициясы жергиликтүү шайлоого байланыштуу добуштарды сатып алуу боюнча 11, административдик ресурсту колдонууга тиешелүү 4 ишти карап жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарындагы мыйзам бузууларга прокуратура өз учурунда чара көрбөй жатканын айтып чыкты.

«Биз гана акча тарата алабыз»

Ош шаарындагы №5305 участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлү Мээрим Мамыровага таандык экени айтылган аудио интернетте жайылууда. Анда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы ар бир добуш үчүн агитаторлорго 500 сомдон, андан тышкары шайлоочуга да өзүнчө акча беришээри айтылат:

«Ар бир адамдын сүйүнчүсү бар. Мурдагысында болгон эмес. Бул нерсе бизде гана болот. Башка эч бир партия адамдарга (акча) бербейт. Ар бир адамга 500 сомдон бөлүнөт. Силерге 500 сом берилет, актап койгула. Наркыларга өзүнчө берилет. Аны кийин айтам», -деп сүйлөшүшкөн аудио тасмада.

Ош шаардык милициясы окуяны тергей баштады.

«Бул үн боюнча иш Жазык кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен катталган. Кечээ кечинде тергөөчүлөр аны чакырып суракка алды. Ал "сүйлөгөн мен эмес, менин үнүмдү жасап койгон" деп күнөөнү мойнуна албай жатат. Ошондой болсо да бул боюнча маалыматтарды топтоп жатабыз», — деди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ош милициясы шайлоого байланыштуу 11 ишти Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергей баштады. Алардын дээрлик баары Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен катталган.

«Ишеним» партиясынын талапкери алдамчылыкка шектелүүдө

Ош шаардык кеңешине «Ишеним» партиясынан талапкерлигин көрсөткөн Кишимжан Бекташова алдамчылыкка шектелип 25-март күнү Кара-Суу районунда камакка алынды. 27-мартта райондук сот аны үй камагына чыгарды.

«Бизге жеткен маалымат боюнча үй камагына чыгарса арызданган жарандардын акчаларын кайтараарын айткан. Тергөө тобу БШКга талапкерлигин алуу боюнча сунуш жөнөткөн», - деди облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына административдик ресурсту колдонууга байланыштуу беш арыз келип түшкөн. Алардын бирөө кыскарып, төртөө тергелүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы (БШК) Нуржан Шайлдабекова аймактардан мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөр байма-бай келип жатканын айтты:

«Ош шаарынан билдирүүлөр аз эмес. Талапкерлер тургундардын жашоо шартын жакшыртуу багытында иштерди шайлоо алдында активдүү аткарып жатканы боюнча күч түзүмдөрүнөн, жалпыга маалымдоо каражаттарынан да аябай көп билдирүүлөр келип жатат».

«БШК Статкомго айланып калды»

БШКнын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясы менен күч түзүмдөрүнүн шайлоодогу аракеттерин сынга алып, мыйзам бузууларга кайдыгер мамиле күчөп жатканын айтты:

«Бул маалыматтар шайлоо өнөктүгү башталган учурдан тарта ММКларга байма-бай чыгып жатат. Бирок, бир да чечим чыккан жок. Мыйзамды буздуруп, андан кийин жоопкерчиликке тарткандан көрө, мыйзамды буздурбоо аракети болушу керек. Маалымат чыгаар замат чара көрүлүшү керек. Административдик ресурс колдонуу болсо аким болобу, мэр болобу, ким болбосун кызматтан алынышы керек эле. Боршайкомдун деңгээлине чейин көтөрүп, талапкерлерге эскертүү бергенде бул иштер болмок эмес. Реалдуулукта мыйзамдар иштебей жатат. Шайлоо комиссиялары статистика органына айланып калды».

Боршайкомдун 30-марттагы жыйынында шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу 78 мыйзам бузуу катталганы маалым болду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов да Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирген.

Саясат талдоочулар Ошто шайлоо өнөктүгүндө «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Ишеним» партияларынын ортосунда атаандашуу күч болоорун айтышууда.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды. Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган.

Жек-жаатка байланган партиялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

XS
SM
MD
LG