Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Активисттердин аккаунттары чабуулга кабылды


Рита Карасартова, Клара Сооронкулова жана Сания Токтогазиева
Рита Карасартова, Клара Сооронкулова жана Сания Токтогазиева

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, мүчөсү Рита Карасартова, юрист Сания Токтогазиева жеке сүйлөшүүлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып, Башкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрылуу жолдошту.

Буга Сооронкулованын Рита Карасартова менен Телеграм-каналы аркылуу сүйлөшкөнү социалдык тармактарга жайылып кеткени, Сания Токтогазиеванын Телеграм-аккаунтуна чабуул жасалганы себеп болгон.

Сооронкулова мунун артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) турат деп шек саноодо.

“УКМК менен ИИМ артыбыздан эле жүрөт. Биздин баскан-турганыбыз Улан Ниязбеков менен Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө болуп калды. Ушул кантип болсун? Алар жок дегенде жашырынып коюшпай, ачык эле аңдып алышты. Бул деген маалымат чогултуу эмес, коркутууга айланды. Бизге болгон басым, “жөн жүргүлө” деген сөз. Бийликтин шайлоо алдындагы иштери катары да кабыл алып жатам”.

"Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм-каналы аркылуу сүйлөшкөнү 30-сентябрда социалдык тармактарга тараган. Анда алдыдагы шайлоо тууралуу сөз болгон. Сооронкулова сүйлөшүү кескиленип, монтаждалганын белгиледи.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "андай иштер менен алек болгон жокпуз" деп кыска жооп берсе, атайын кызмат комментарий берүүдөн баш тартты.

Адвокат Замир Жоошевдин Телеграм-аккаунтуна Латвиянын Рига шаарынан чабуул болгон.
Адвокат Замир Жоошевдин Телеграм-аккаунтуна Латвиянын Рига шаарынан чабуул болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган, бийликти сындагандардын укугун коргоп келе жаткан адвокат Замир Жоошев 29-сентябрда Телеграм-аккаунтуна Латвиянын Рига шаарынан башка бирөө киргенин байкаганын билдирди.

Бийликти сындап жүргөн юрист Сания Токтогазиева да өзүнүн Телеграм-аккаунтуна чабуул жасалганын айтты. Сания Токтогазиева кайрылуунун максатын мындай деп түшүндүрдү.

“Чынында УКМК, ИИМди ачык айыптай албайм. Анткени колумда далил жок. Бирок алардан башка ким кылмак эле? Биздин башкы прокурор менен акыйкатчыга кайрылып жатканыбыздын жөнү бар. Анткени прокуратура ким тарабынан, кандай максатта жасалганын иликтеши керек. Эгер бул иштерге күч органдары катышса, анда мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек. Ал эми акыйкатчы Жогорку Кеңешке кайрылып, 100 кишини тыңшоо боюнча комиссия түздүрсө болот. Анткени Конституция ар бирибизге жеке маалыматтарыбыздын кол тийбестигине кепилдик берет”.

Буга чейин милиция коомдук-саясий иштерге аралашып жүргөн жүздөй адамдын телефонун быйыл жыл башында тыңшаганы, ага сот уруксат бергени белгилүү болгон. Жарандык активисттер тыңшоого уруксат берген судьяны, тыңшоо жүргүзгөн милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылган.

Ички иштер министрлиги былтыркы октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ондогон адамдын телефону бир ай бою тыңшалганын моюнуна алган. Ал эми райондук сот “судья мыйзамдарга ылайык акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алды" деп эсептей турганын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кайрылуу боюнча мындай маалымат берди:

“Укук коргоочу Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасы аркылуу башкы прокурор Курманкул Зулушевге ачык кайрылуу жолдоду. Анда Сооронкулованын, Карасартованын жана Токтогазиеванын жеке аккаунттары күч органдары тарабынан чабуулга кабылганы жазылган. Кайрылуу Башкы прокуратура тарабынан каралып, бул иш боюнча мыйзамдуу чаралар көрүлөт”.


29-апрелде Инстаграмда 57 миң катталуучусу бар “Тажадым” баракчасына чабуул болгон. 152 миң киши катталган "БеспределKG" баракчасын болсо бузуп киришкен. Бул тууралуу алардын модераторлору билдирди. Эки баракча тең коомдогу мыйзамсыз көрүнүштөрдү, бийликти сындаган саясий постторду жарыялап жүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков тыңшоо, чабуулдарга атайын кызматты бир беткей айыптоонун кереги жок экенин айтты.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Бул жерде үч вариант болушу мүмкүн. Биринчиден, саясатчылар же бири-бирине эрегишкен адамдар атайын чыгарып жибериши мүмкүн. Ага WhatsApp же болбосо Телеграмды бузуштун кереги жок. Ошол сүйлөшүү жүрүп жаткан жерге атайын тыңшай турган жабдуулар колдонулат. Аны акчасы бар адамдар сатып келе алат. Экинчиден, саясатчылар шайлоонун алдында пиар үчүн атайын чыгарып жибериши мүмкүн. Мындан тышкары укук коргоо органдары мамлекет үчүн мыйзамсыз жолго барып, кээ бир саясатчыларды аңдышы ыктымал. WhatsApp менен Телеграмды бузуу оңой эмес. Андай кымбат аппараттар биздин органдарда жок”.

29-сентябрда УКМКнын кызматкерлери абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны суракка чакырып, үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Тергөөчү Кудайбердиевага телефонундагы маалыматтарды көрсөтүшү керек экенин айткан. Айсулуу Кудайбердиева президенттик шайлоо учурунда Равшан Жээнбековдун штабында иштеген. Ал мындан тышкары Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасында модераторлук кылат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG